Линктер

бейшемби, 25-апрель, 2019 Бишкек убактысы 14:10

Азамат Шамбилов: Түрмөдө радикалдашуунун «дарысы» жок


«Борбор Азиядагы түрмө реформасы» долбоорунун башчысы Азамат Шамбилов.

Кыргызстандагы адам укуктарына арналган баяндамаларда жабык жайларда жарандарды кыйноого алып, уруп-сабоо олуттуу көйгөйлөрдүн бири катары белгиленет.

Жакында эле АКШнын Мамлекеттик департаменти жарыялаган баяндамада өлкөнүн тергөө изоляторлорунда жана түрмөлөрүндө кыйноо азайбай, ага каршы ургаалдуу күрөш жүрбөй жатканы белгиленет.

«Борбор Азиядагы түрмө реформасы» долбоорунун башчысы Азамат Шамбилов «Азаттык» менен болгон маегинде Кыргызстандагы жабык жайлардын абалына жана Жаза аткаруу системасын реформалоонун багыттарына токтолду.

«Азаттык»: Азамат мырза, Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу сөз болгондо жарандар жабык жайларда кыйноого көп кабылары баса белгиленип жүрөт. Сиз Кыргызстандагы жабык жайларга мониторинг жасап жүрөсүз. Бул сын канчалык негиздүү?

Азамат Шамбилов: Кыргызстанда кыйноо токтобой жатканы тууралуу маселе бир нече жылдан бери көтөрүлүп келет. Жарандар милиция кармаганда, сурак берип жатканда, тергөө маалында кыйноого кабылат. Кыйноого каршы улуттук борбордун отчетторунда айтылгандай, зордук-зомбулук көрсөтүү ички иштер органдарында басымдуулук кылат. Арыз жазгандардын көбү милициядан кордук көргөнүн белгилешкен. Тактап айтканда, кыйноонун 85% ички иштер органдарынын кызматкерлери көрсөткөнү аныкталган.

Аң-сезим өзгөрмөйүнчө кыйноо жоюлбайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:08 0:00

Андыктан Кыргызстан кыйноону токтотууну милициядагы системалуу маселелерди чечүүнүн бири катары карашы керек. Айтайын дегеним, бул жарандардын арыздарын гана териштирүүгө эмес, бүтүндөй ички иштер системасын реформалоого тиешелүү. Анткени милиция жаранды кармагандан тартып суракка алып, тергөө иштерин жүргүзүүдө эски ыкмаларды колдонуп келатат. Дүйнө жүзүндө бул тармакта жаңы механизмдер, стандарттар ишке кирген.

Былтыр Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин жетекчилиги, кызматкерлери менен бир катар иш-чараларды өткөрдүк. Кыйноону токтотуу үчүн күрөштү өзүнөн баштоо зарыл экенине милицияны ынандыруу оңойго турган жок.

Милицияга караштуу жабык жайларда адам зордук-зомбулукка кабылып, киши чыдагыс шартка дуушар болушун токтотуунун ыкмасын түп-тамырынан өзгөртүүнү макулдаштык. Ички иштер министрлиги кыйноо көрсөтүүдөн кутулуунун жолун өзү табышы зарыл.

«Азаттык»: Укук коргоочу уюмдар белгилегендей, тергөө абактарында жарандар көп ыдык көрөт экен. Бул айтылып эле келатканы менен жылыш жок сыяктанат. Сиз өлкөдөгү атайын жайларды кыдырып жүрөсүз, абалды кантип оңдосо болот?

Азамат Шамбилов: Дал ошол убактылуу кармоочу жайлар же тергөө изоляторлору Ички иштер министрлигинин карамагында. ИИМди реформалоодогу милдеттердин бири катары тергөө изоляторлорунун ишин оптимизациялоону сунуш кылганбыз.

Белгилей кетчү жагдай – азыр соттор жарандын бөгөт чарасын караганда көпчүлүк учурда камакка алган чечим чыгарышат. Анын айынан жабык жайларга түшкөн жарандар көп. Кыргызстандын күчүнө кирген жаңы мыйзамдары жарандын бөгөт чарасын караганда аны камакка албаган чечимдерге ыктайт.

Кыргызстанда тергөө абактары менен түрмөлөрдүн жедеп эскилиги жеткен. Мындай жайлардын баары 1930-1940-жылдары, эң соңкусу 1970-жылдары курулган. Алардын эң чоңу - Бишкектеги №1 тергөө абагы - НКВДнын тушунда 1500-2000 миң кишиге ылайыкталып салынган.

Мен өлкөдөгү тергөө абактарынын көпчүлүгүн көрүп чыккам. Алардын баарында тең киши көп. Төрт кишилик бөлмөдө сегиз адам отурат. Ар бир кишиге 4-6 чарчы метр жер болууга тийиш. Кыргызстанда тергөө абактары кыйын кырдаалды баштан кечирип жатат. Эң жөнөкөй шарттары жок. Мындай жайларда жазага тартыла элек, иши тергелип жаткандар кармалат эмеспи. Алардын саламаттыгына, психикасына кандай зак келерин өзүңөр элестетип көрсөңөр.

«Азаттык»: Кыргыз бийлиги сиздин уюмга, жергиликтүү жана эл аралык эксперттерге жабык жайлардын баарына кирүүгө уруксат береби же кандайдыр бир чектөөлөр барбы?

Борбор Азияда соттолгондордун арасында радикалык идеяларга сугарылып, ар кыл топторго тартылып кеткен фактор өтө олуттуу. Бирок муну чече турган "сыйкырдуу дары" жок.

Азамат Шамбилов: Жабык жайларга мониторинг жүргүзүп турган мекемелер - Акыйкатчы институту жана Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбор. Аларга эч кандай тоскоолдук жок, алар такай көзөмөл жүргүзө алышат. Ал эми жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдар жогорудагы эки мекеме менен чогуу иштешет. Эл аралык уюмдар болсо кыргыз бийлигинен алдын ала уруксат алып гана кире алат. Кызыл чырым уюму Борбор Азияда Кыргызстандын гана абактарында ээн-эркин иш жүргүзөрүн белгилей кетейин. Бул гуманитардык уюм өтө олуттуу жардам берип жүрөт.

Кыргызстандын түрмөлөрүндө инфраструктурага, алардын ички шарттарына байланыштуу толгон-токой мүшкүл көп болгондуктан гуманитардык жардамга муктаждык чоң. Аларды оңдоп-түзөп жаңылоо, иретке келтирүү, ал жерде кармалгандарды же соттолгондорду медициналык жактан камсыз кылуу жагын чечүү зарыл.

Азыр Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына жаңы жетекчи келди. Мурдагы төрага Таалай Жапаровдун убагында бир топ алгылыктуу иштер аткарылып, түрмө системасын либералдаштыруу жүрдү. Эл аралык, жергиликтүү уюмдар менен жигердүү иштешип, түрмөлөрдү ачык-айкын системага айлантуу аракети болду.

Биз Жапаров менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюп, тыгыз иштештик. Борбор Азияда Кыргызстандын пенитенциардык мекемеси эл аралык эксперттерге толук ачылды деп айта алам.

«Азаттык»: Белгилүү болгондой жарандарды милиция кармаганда көп запкы көрүшөт экен. Ал эми түрмөлөрдө зордук-зомбулук көрсөтүү ачыкка чыгабы?

Азамат Шамбилов: Эркинен ажыратылгандар түрмөдө түздөн-түз кыйноонун эмес, ал жердеги инфраструктуранын курмандыгы болуп калат. Абактардагы шартты адамдын ар-намысына шек келтирген жагдай катары караса болот.

Бириккен Улуттар Уюмунун Кыйноого жана ырайымсыз мамиле менен адамдын ар-намысына шек келтирүүгө каршы конвенциясында көрсөтүлгөндөй, адамды сөзсүз эле уруп-сабоо эмес, аны чыдагыс шартта кармоо да кыйноо көрсөтүү жана ырайымсыз мамилеге барабар. Улуттук борбордун эсебинде кыйноого байланыштуу арыздардын 10-12% түрмөдө отургандар жазышат.

«Азаттык»: Абактарда жаза өтөгөндөрдүн арасындагы аялуу топко киргендердин абалы кандай?

Азамат Шамбилов: Аялуу топко кирчү соттолгондорду да беш категорияга бөлсө болот. Биринчиси – жашы жете элек балдар, түрмөдө төрөлгөн балдар, абактардагы кош бойлуу жана балалуу аялдар. Экинчиси – кургак учук, СПИД сыяктуу кооптуу дартка чалдыккандар. Ошондой эле өмүр бою эркинен ажыратылгандар да өзүнчө категорияга кирет. Жыныстык азчылыктар жана жашы өйдөлөп калгандар да өзгөчө топко кирет. Кыргызстанда ушул тапта аялуу топко кирген соттолуучуларды аныктап, аларга кандай мамиле кылууну көрсөткөн механизм жок. Мына ушуну ишке ашыруу зарылдыгы турат. Бул биринчиден, андай адамдар эмнеге муктаж экенин билип, ошого жараша программа түзүүгө өбөлгө болмок.

«Азаттык»: Кыргызстандын абактарында радикалдашуу жайылып кеткенин айтып эле жүрөбүз. Сиздин баамыңызда мындай кооптонуу канчалык жөндүү?

Азамат Шамбилов: Бул маселе кыргыз абактарында гана эмес, жалпы постсоветтик аймакта курч бойдон. Анткени түрмөлөр андагы адамдардын эркин дин тутуусуна жана диний жөрөлгөлөрдү аткарышына ыңгайлашкан эмес. Борбор Азияда соттолгондордун арасында радикалык идеяларга сугарылып, ар кыл топторго тартылып кеткен фактор өтө олуттуу. Бирок муну чече турган «сыйкырдуу дары» жок. Ошол эле учурда Кыргызстанда бул багытта иштер жүрүп жатат. Мына февраль айынын этегинде Молдовановка айылындагы №27 колонияда «Экстремизм» жана «Терроризм» беренеси менен соттолгондор үчүн атайын блок ачылды. Бул - мындай топтогу адамдарды башкалардан обочо кармаш үчүн атайын иштер жасалып жатканынын мисалы.

«Азаттык»: Жазасын өтөп чыккандардын арасынан кайра кылмыш кылып, түрмөгө түшкөндөрдүн көрсөткүчү жогору. Муну азайтуунун жолу барбы?

Эң бир орчундуу маселе - соттолуп түрмөгө түшкөндөрдөн үй-бүлөсү кол үзүп салат. Мындай адамдарды мамлекет камкордукка алып, коомдо өз ордун таап кетишине көмөктөшүүсү зарыл.

Азамат Шамбилов: Тилекке каршы түрмөгө кайра түшкөндөр көп. Эркиндикке чыккандардын дээрлик 50% биринчи жарым жылда майда кылмышка барат. Калган 40% бир жыл ичинде орточо оор деңгээлдеги кылмыш жасайт. Мурдагы соттолгондор эркиндикке чыккан алгачкы үч жылда өз ордун таба албай, иштин, жашай турган жеринин жоктугунан кайра эле оор иштерге кириптер болуп, абакка түшөт.

Соттолуп чыккандардын кайра коомго аралашуусу - өтө олуттуу процесс. Жергиликтүү бийлик, социалдык кызматтар андай адамдардын коомго аралышып кетиши үчүн атайын программаларды ишке ашырышы абзел. Сиздер билгендей, быйыл 1-январдан тартып Кыргызстанда «Пробация жөнүндө» мыйзам күчүнө кирди. Ал сотко чейинки пробацияны, өкүм чыккандагы пробацияны, түрмөдөгү пробацияны жана түрмөдөн кийинки пробацияны камтыйт.

Түрмөдөн кийинки пробация жергиликтүү бийлик органдарын, социалдык кызматтарды, билим берүү бөлүмдөрүн эркиндикке чыккан ар бир кишиге өзүнчө программа түзүүгө милдеттендирет. Бир топ убакыт бою жабык жайда жашаган адам социалдык жөндөмүн, үй-бүлөсү, жакындары менен мамилесин жоготуп коёт эмеспи. Эң бир орчундуу маселе - соттолуп түрмөгө түшкөндөрдөн үй-бүлөсү кол үзүп салат. Мындай адамдарды мамлекет камкордукка алып, коомдо өз ордун таап кетишине көмөктөшүүсү зарыл.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG