Линктер

ишемби, 19-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 10:56

Кыргызстандагы адам укугунун абалына баа


Бишкекте өткөн феминисттердин жөө жүрүшү.

АКШнын Мамлекеттик департаменти адам укуктары боюнча жылдык баяндамасын жарыялады.

Анда Кыргызстандагы абалга да баа берилип, өлкөдө сөз эркиндиги жаатында мурдагы жылдарга салыштырмалуу жакшы жакка өзгөрүү бар экени айтылса, адам укуктары жагынан өзгөрүүлөр аз экени жазылган.

Баяндамада жабык жайлардагы адам укуктарынын абалы, кыйноо уланып жатканы, аялдардын жана балдардын укуктары жетишерлик деңгээлде корголбой жатканы да баса белгиленген. Ошондой эле абактагы саясатчыларга да көңүл бурулган. Жергиликтүү эксперттер болсо адам укугун коргоону өнүктүүгө кош стандарттуулук тоскоол болуп жатканын айтышууда.

Сөз эркиндиги

Мамлекеттик департаменттин жаңы баяндамасында өлкөдөгү саясий укуктар, сөз эркиндиги, кыйноо, аялдар менен балдардын укуктары, дин эркиндиги, эмгек укуктары, улуттук жана жыныстык азчылыктардын укуктары, коррупция жана башка болуп, жалпысынан жети жагдай боюнча баа берилген.

Баяндаманын авторлору 2018-жылы Кыргызстанда буюртма киши өлтүрүү, киши уурдоо катталбаганын, сөз эркиндигинин абалы президент Сооронбай Жээнбековдун учурунда туруктуу болгонун белгилешет.

Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Буга мисал катары 2018-жылы май айында экс-президент Алмазбек Атамбаев «Заноза» сайтына, журналист Нарын Айыпка жана укук коргоочу Чолпон Жакуповага каршы берген арызын кайтарып алганы баяндалган. Ошондой эле былтыр февралда президент Сооронбай Жээнбеков да 24.kg сайтына жана журналист Кабай Карабековго каршы берген 5 млн. сомдук доосун кечкени жазылган.​

2017-жылы март-апрель айларында Башкы прокуратура ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына шек келтирди деген жүйө менен беш жолу сотко кайрылган.

Авторлор Кыргызстанда Интернет эркин экенин, күч кызматтары сот чечимисиз кайсы бир сайтты жапканы тууралуу маалымат болбогонун белгилешкен. Бирок ошентсе да айрым редакцияларда цензура сакталып келе жатканы айтылган. «Айрым журналисттер «улут аралык маселе сыяктуу талуу темаларды козгогон» деген негиз менен коркутууга кабылып, жоопко тартылган», деп айтылат баяндамада.

Камалган саясатчылар

Баяндамада саясий негизде камакка алынгандар да өзүнчө аталган. «Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев кармалганда жана сот процессинде укуктары бузулганы көрсөтүлгөн.

Дагы бир саясий ишмер Садыр Жапаровдун түрмөдө кала бериши, «алардын иши кайра каралсын» деген талаптар Жогорку сотко жана Текебаевдин адвокаттарынын өтүнүчү БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине жиберилгени эске салынат.

Кубанычбек Кадыров, Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев жана Бектур Асанов.
Кубанычбек Кадыров, Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев жана Бектур Асанов.

​Ошондой эле 2018-жылы июнда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция үчүн айыпталып камакка алынган мурунку өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баштаган бир катар мурдагы аткаминерлердин иши да айрым өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан «саясий негизде» деп таанылганы, алар тергөө абагында кармалып отурганы жазылган.

Мамлекеттик департаменттин баяндамасы Кыргызстандагы «Бир дүйнө», «Эркиндик үнү», «Акыйкат» жана «Human Rights Watch» уюмдарынын изилдөөлөрүнө негизделип чыгарылган. Аталган уюмдар белгилегендей, өлкөдө сот органдарынын көз карандылыгы сакталууда. Укук коргоочулар ачык деген сот иштеринин жабык өтүшүн, сотто адвокаттар, айыпталуучулар коркутуп-үркүтүүгө кабылганын белгилешкен.

АКШнын Мамдепартаменти өз баяндамасында 2018-жылы июнда казакстандык активист Мурат Тунгышбаевдин Казакстанда кыйноого кабылышы ыктымал экенин укук коргоочу уюмдар белгилегенине карабай, мекенине экстрадициялаганы үчүн кыргыз бийлигин айыптаган. Андан тышкары июнь окуясы боюнча айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров түрмөдө оор шартта отурганы сынга алынган.

Кыйноо

Баяндамада жылыш жок деп белгиленген пункттардын бири - кыйноонун уланып жатканы жана жабык жайлардагы оор шарттар. «Бир дүйнө», «Эркиндик үнү», «Human Rights Watch» жана башка өкмөттүк эмес уюмдар күч кызматкерлери кыйноо ыкмаларын колдонушканын билдиришкен.

Ага ылайык, былтыр Башкы прокуратура тарабынан 183 кыйноо учуру катталса, анын ичинен 176сы күч кызматкерлеринин колунан келгени айтылат. 11 кылмыш иши козголсо, алардын төртөө кыйноо боюнча, жетөө адамгерчиликсиз мамиле үчүн ачылган. Маалыматта айтылгандай, былтыр мартта Бишкекте үч милиционер кыйноого катышканы үчүн сегиз жылга эркинен ажыратылган. Ошто эки милиционер ушул эле айып менен 13 жана 14 жылга кесилген.

​«Түрмөлөрдө жана тергөө абактарында абал өзгөрүлбөстөн начар бойдон калган. Тамак-аш, дары-дармек жетишсиз, жылуулук жок, орой мамиле жасалат. Убактылуу камоочу жайларда, тергөө абактарында адам көп, шарттар түрмөдөгүдөн да начар. Жашы жете электер чоңдор менен кошо кармалган учурлар катталган. Шектүүлөр сот иштери аягына чыкмайынча, тергөө абактарында кала берген учурлар бар.

Тергөө абагында кармоо мыйзам боюнча 60 күн деп айтылганы менен, ар кандай себептер менен бир нече жылга созулуп кеткен фактылар катталган. Кармалган учурда жарандарга адвокат менен сүйлөшүүгө уруксат берилбей, сотко чейин адвокатын көрбөгөндөр бар. Жашы жете электерге да ушундай мамиле жасалат. Үй камагына чыгаруу күч кызматкерлеринин тандоосуна жараша жүргүзүлгөн учурлар кездешет. Мамлекет берген адвокаттар айыптоого аралашып, өз милдетин аткарышпайт», деп айтылат баяндамада.

Кыргызстандагы Кыйноого каршы улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулайманов АКШнын Мамдепартаментинин баяндамасындагы маалыматтарга жарым-жартылай кошуларын билдирип, жабык жайларда кыйноо азайганын кошумчалады:

Нурдин Сулайманов.
Нурдин Сулайманов.

«Мен бул маалыматтар менен толук макул боло албайм. Анткени алдыга жылыш бар. Убактылуу камоочу жайларда кыйноо жок. Башкы прокуратуранын статистикасы боюнча кыйноо фактысы азаюуда, бирок бизге кайрылгандар көбөйдү. 238 арыз түшсө, анын ичинен 123ү кыйноо фактылары боюнча, 52си адамгерчиликсиз мамиле боюнча. Биз жиберген маалыматтардын негизинде Башкы прокуратура 11 кылмыш ишин козгогон. Ал эми жабык жайларда, түрмөлөрдө кыйноо жок десек болот. Анткени кыйноо негизинен мойнуна алдыруу аракетинде болот. Орой мамиле бар. Шарт жок, абактарда эле эмес, түрмө кызматкерлеринин иш бөлмөлөрү деле ысыбайт. Дары-дармектерди өкмөт колунан келишинче камсыз кылып жатат».

Баяндамада айтылгандай, укук коргоочу уюмдар Кыргызстанда өзбек улутундагы адамдардын укуктары көп бузулуп жатканын да айтышкан. Алар күч кызматкерлери тарабынан «тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдарга мүчө» деген айып менен же жанында тек-жайын билдирген документтери жоктугунан улам кармалып калып жатканын билдиришкен.

Айрым учурларда үйлөрүн тинтүүгө «ордер бар» деп калп айтып коркутуп, ар кандай шылтоо менен кармалган жарандарды пара талап кылып, акча алган соң кое берген учурлар болгону айтылган. Өзбек улутундагылар өлкө элинин 27% түзгөнүнө карабай, бийликте, жетекчилик кызматтарда алардын дээрлик жоктугу, милицияда болгону 4% түзөрү белгиленген.

Жергиликтүү жана эл аралык байкоочулар УКМК менен милиция кызматкерлери саясий негизде да адамдарды кармаганын, колго түшкөн адамдарга ырайымсыз мамиле өзгөчө түштүк тарапта көп болгонун билдиришкен.

Аялдардын жана балдардын укуктары

Баяндамада аялдардын укуктарына өзүнчө пункт арналган. Анда айтылгандай, Кыргызстанда партиялык тизме менен шайланып келген аялдар депутаттык мандатын тапшырган соң алардын ордуна эркектерди алып келүү аракеттери көбүрөөк байкалат.

Гендердик мыйзамдар боюнча бардык бийлик бутактарында аялдардын өкүлдөрү 30% кем эмес болууга тийиш болсо да, былтыр жыл аягында парламенттеги аялдардын орду 10% гана түзгөн.

Мындан тышкары аялдарга зордук-зомбулук кылуу, кыздарды ала качуу уланып жатканы, ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдын окуясы сынга алынган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова Кыргызстандын шайлоо мыйзамдары аялдардын укуктарына келгенде жакшы жазылганын, бирок иш жүзүндө ал мыйзамдар сакталбай жатканын билдирди:

Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

- Шайлоонун алдында бардык эле саясий партиялар аялдарга тиешелүү квотаны берип, үлгүлүү болуп келишет. Бирок шайлоо бүтөрү менен аларды түрдүү мамлекеттик кызматтарга түртүп же башка бир себептерди таап, алардын ордун мырзаларга алып берүүгө аракет кылышат. Азыр жаңыдан өзгөрүү киргизилген мыйзамда «эгер аял депутат мандатын тапшырса, анын ордуна аял талапкер келиши керек» деп турат. Бирок бул мыйзам деле иштеп кетерине көзүм жетпейт. Ошондуктан биз айымдардын лидерлик сапатын күчөтүүгө аракет кылышыбыз керек.

АКШ Мамлекеттик департаментинин баяндамасында Кыргызстанда балдардын укуктары жарым-жартылай корголору жазылган. Мунун ичинде акысыз билим берүүнүн жоктугу, мамлекеттик мектептерде да ата-энелер түрдүү мыйзамсыз акча чогултууга мажбурланганы тууралуу кеп болот. Ошондой эле кабыргасы ката элек балдар күнүмдүк каражат үчүн талааларда жана базарларда иштей тургандыгы баяндалган. Мындан тышкары, балдарды уруп-сабоо, зордуктоо уланып жатканы, мигранттардын балдары кор болуп, балдар үйлөрүндөгү наристелердин укуктары басмырланганы да белгиленген.

Азчылыктардын абалы

Баяндамада жыныстык азчылыктардын абалы тууралуу да кеп козголгон. Мунун ичинен ЛГБТ өкүлдөрүнө терс көз караш күч экени белгиленип, алар көбүнчө күч кызматкерлери тарабынан басмырланары айтылган.

Маалыматта берилгендей, жыныстык азчылык өкүлдөрүнүн сүрөттөрү жана видеолору соцтармактарга жайылтылган, тартип сакчылары «тарбиялоо максатында» лесбиянкаларды зордуктаган учурлар көп. ЛГБТ өкүлдөрүнүн укуктарын коргоочу «Лабрис» уюмунун адамдары күч кызматкерлери алардан шантаж кылып, акча талап кылган учурлар да арбын экенин билдиришкен.

Жыныстык азчылыктарга жалпы коомдун мамилеси 8-мартта Бишкекте өткөн феминисттердин маршынан кийин ачык көрүндү. «Аялдардын майрамын ЛГБТ өкүлдөрү өз парадына айландырды» деген дооматтар соцтармактарда кызуу талкууланып, бул маселе парламент отурумунда да көтөрүлдү.

Мындай көрүнүштү саясат талдоочу Чынара Эсенгул акыркы жыйырма жылдагы элдин саясий-социалдык түшүнүгү катары баалады:

Чынара Эсенгул.
Чынара Эсенгул.

- Азчылыктарга болгон мамиле Кыргызстанда жашаган элдин саясий маданияты жана социалдык нормалардын төмөндөп кетиши менен байланыштуу. Билим берүү системасынын деңгээлинин төмөндөшү жана ата-энелер акчанын артында жүрүп, балдарына тарбия бере албаганы буга негизги себеп деп айтууга болот.

Чынара Эсенгул Кыргызстанда кош стандарттуулук өкүм сүрүп турган учурда, укук бузуу улана берерин кошумчалады.

Бийлик баяндамалардан жыйынтык чыгарабы?

Кыргызстандагы адам укуктары тууралуу баяндамаларын АКШнын Мамлекеттик департаменти, эл аралык укук коргоочу уюмдар жыл сайын жарыялашат. Айрым эксперттер мамлекет бул баяндамаларда айтылгандарды окуп, угуп эле койбой, андан натыйжа чыгарууга аракет кылууга тийиш деп эсептешет.

Саясий эксперт Эмил Жороевдин пикири боюнча, бийликтин чечимдерине ушул сыяктуу баяндамалардагы изилдөөлөр, пикирлер негиз болуп бере алат:

- Кыргызстан өзүнүн кызыкчылыгын, ички саясий багыттарын, стратегияларын талдоодо мындай баяндамалар негиз болуп бере алат. Баяндамада айтылгандай, жакшы жагына өзгөрүү болгон жагдайлар саясий бийликтин кийлигишпей койгонуна байланыштуу болсо, ал эми өзгөрүүсүз начар бойдон калып жатканы мамлекеттик бийликтин түздөн-түз кийлигишүүсүн талап кылган жагдайлар. Мисалы, сөз эркиндигине бийлик тийишпей койсо, жакшы жагына өнүгүп жатат. Ал эми кыйноону, аялдарга, балдарга мамилени жакшыртуу, адам укуктарын сактоону бийлик айтып эле тим болбой, ага кийлигишип, алгылыктуу иш алып барышын талап кылат.

Кыргызстандагы адам укуктарын абалы тууралуу жыл башында «Human Rights Watch» эл аралык уюму да жылдык баяндамасын жарыялаган. Анда 2018-жылы Кыргызстанда адам укуктары жаатында тынчсыздануу жараткан көптөгөн көйгөйлөр сакталып жатканы айтылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (4)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG