Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:39

Жактоочу бийликти айыптады


Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

“Фейсбукка” мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакуновго байланыштуу видео жарыяланды.

Аталган тасмада “Токтакунов 2010-жылдагы Ош окуясында милиция кызматкерин өлтүрүүгө катышы бар экени, психикалык жактан жабыркай турганы” айтылган. Адвокат муну Улуттук коопсуздук боюнча мамлкеттик комитет (УКМК) атайын жасаганын айтууда. Жарандык коом "адамдын жеке жашоосуна чейин кийлигишип, анын беделин түшүрүүгө аракет кылып жатат" деп бийликти сындап чыкты.

Нурбек Токтакуновго байланыштуу эки мүнөттөн ашыгыраак тасма 19-февралда “Фейсбук” баракчасына жарыяланды. Анда адвокатка окшош адамдын жеке жашоосу жашыруун тартылган видеону көрүүгө болот.

Нурбек Токтакунов камакта отурган мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу экени, сотто Ош окуясы боюнча өмүр бою кесилген Азимжан Аскаровду да коргогону тууралуу сөз болот. Ал жетектеген “Прецедент” уюму чет жактан каржыланары жана өзү психикалык жактан оорукчан экени айтылат.

Учурда аталган видеону социалдык тармактын колдонуучулары байма-бай бөлүшүп, кызуу талкуулап жатат.

Нурбек Токтакунов “Азаттык” радиосуна бул тасманын артында бийлик турганын айтып, аны жактоочулук ишине байланыштырды:

Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

- Бул УКМКнын иши. Алар мени атайын эле шантаж кылып, "унчукпай отур" деп белги берип жатат. Бирок алардын жеке жашоомо кийлигишүүгө кандай акысы бар? Видеону таратып жаткан аккаунттар, “Компромат.kg” деген баракчалардын баары ушулардын көзөмөлүндө турган маалымат ресурстары. Бийлик ушуну менен өзүнүн жүзүн көрсөттү. Буга чейин баары эле “азыркы бийликтегилер таза кишилер” деп айтып жатышкан. Мына, кандай экени көрүндү. Мен адам укугу, адамдын эркиндиги, сөз эркиндиги үчүн иштейм. Бул чет өлкөнүн кызыкчылыгыбы же биздин мамлекеттин кызыкчылыгыбы?

Токтакунов Бишкек - Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга айыпталып жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу.

Ал ЖЭБди жаңылоо боюнча келишимди ратификация кылып бергени үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарынын саясий жана укуктук жоопкерчилиги бар экенин айтып жүрөт. Адвокат парламенттин ошол кездеги төрагасы Асылбек Жээнбековду жана тиешелүү комитеттердин жетекчилерин да жоопко тартууну талап кылууда. Ал Интернетке чыккан тасманын төркүнүн дал ушул ЖЭБ маселесине байланыштуу деп эсептейт.

Социалдык тармактарга тараган видеону жарандык коом өкүлдөрү сынга алып, аны бийликтин атаандаштарына каршы күрөшүнүн эски ыкмасы катары баалашты.

Укук коргоочу, жарандык активист Рита Карасартова Токтакуновдун окуясына окшош буга чейин болгон иштерди мисал келтирди:

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

- Кыргызстанда саясий лидерлерден баштап муфтиятта иштеген адамдардын жеке жашоосуна чейин кийлигишкенди көрүп келатабыз. Алардын башка жагынан кемчиликтерин кармай албай калгандыктан, ушундай ыкмага барышат. “Алардын сөзүн эл укпасын. Эл анын артынан ээрчип кетет” деп кооптонгондуктан ушуга окшогон иштерди жасашат. Мындай ыкма мурдатан эле колдонулуп келе жатат. Андай видеолорду орчундуу сайттарга салып, ал үчүн бийликтин атайын топтору иштейт. Бирок бул бийликтин эң төмөн деңгээлге түшкөнүн көрсөтөт. Эң өкүнүчтүүсү - муну азыркы бийлик да курал кылып колдонуп жатканы.

Карасартова белгилеп өткөндөй, көбүнесе мындай тасмалар “Фейсбук” аркылуу жарыяланат. Бирок ушуга чейин ал баракчалардын ээси ким экени жана кимдер көзөмөл кылары аныкталып, ачык айтыла элек.

Нурбек Токтакунов жашыруун тартылып алынган тасмаларды УКМКнын аракети деп шек саноодо. Бирок ал атайын кызматка каршы сотко арызданбай турганын, муну сот бийлигине ишенбегени менен түшүндүрдү. “Азаттык” бул маселе боюнча УКМКга кайрылды, бирок атайын кызмат азырынча жооп бере элек.

Мурдагы акыйкатчы Бактыбек Аманбаев бул боюнча комментарий берип, “күч органдары Баш мыйзамды одоно бузуп жатат” деп эсептейт.

Бактыбек Аманбаев.
Бактыбек Аманбаев.

- Конституцияда “тартип коргоо органдары, прокуратура, УКМК, Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык адамдардын укуктары менен эркиндигинин корголушун камсыз кылууга милдеттүү” деп жазылган. Бирок алар адам укуктарын коргобой, анын жашоосунун купуялыгын бузуп жатпайбы. Бул адам укуктарын бузуунун жеткен чеги. Ушундай тасмалардын коомчулукка чыкканы укук коргоо органдарынын жүзү кандай экенин көрсөттү. Алар кимдин буюртмасын аткарып атканы да билинип калды. Бул тасма кайсы жактан даярдалганын, ким тарабынан таратылганын тактап туруп сотко берсе, Токтакунов соттон утуп чыгат.

Атайын кызматтын генерал-майору, УКМКнын маселеси боюнча эксперт Марат Иманкулов мекеменин дарегине айтылган дооматтарды буга чейинки бийликтердин мыйзамсыз иштери менен байланыштырды.

Ал эски бийликтин тушунда айрым адамдардын артынан түшүп, ушуга окшогон маалыматтар чогултулганын, бирок учурда ал иштер токтогону байкалганын белгиледи:

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

- “Азыркы бийлик мурдагы бийликтин ишин улантып жатат” дегенге негиз жок. Менде андай маалымат да жок. Анткени жаңы кодекстердин күчүнө кириши менен укуктук реформа жүрүп жатат. Ошол кодекстер менен УКМКнын мындай иштерге барганга эч кандай мүмкүнчүлүгү жок. Азыркы кодекстер, мыйзамдар соттун макулдугусуз өз кызыкчылыгы үчүн жарандар тууралуу ар кандай маалыматтарды чогултууга тыюу салат.

Нурбек Токтакунов былтыр “Фейсбуктагы” баракчасына "президент Сооронбай Жээнбековдун борбордук штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган" деген каражаттардын тизмесин жарыялаган.

Анда Жээнбековдун шайлоо штабы расмий түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына билдиргендей 158 096 175 сом эмес, 1 миллиард 170 265 187 сом жана 6 855 700 доллар иштеткени көрсөтүлгөн. Президенттин аппараты муну жалган маалымат катары мүнөздөгөн.

Жарандык активист Айбек Мырза саясий атаандаштарга каршы бул өңдүү ыплас иш-аракеттер эч бир бийликке кадыр-барк алып келбегенин айтып, мындай кадамдардан айрым кызыкдар тараптарды оолак болууга чакырды.

- Нурбек Токтакунов азыр бийликке катуу сын айткандардын бири. Бирок ага каршы баягы эле эски ыкма менен каралоо иштери болууда. Бул туура эмес жана коркунучтуу. Эгер эртең бийликке Токтакуновдон башка бирөө да сын айтып чыкса аны жамандоо, каралоо иштери жүрөт. Бирок бул бийликке кадыр-барк алып келбейт. Бийлик саясий атаандаштары менен аргументтердин, фактылардын негизинде күрөшүп, элдин ишеничине кириш үчүн ушундай ыкмаларды колдонуш керек. Ал эми курулай эле жамандап, бир тараптуу каралоо жакшылыкка алып келбейт. Коомчулук кеч боло электе бийликтин мындай иштерин кескин сынга алыш керек.

Нурбек Токтакунов жактоочулук иш менен алектенип, “Прецедент” укуктук тобун жетектейт. Ал буга чейин экс-президенттердин кол тийбестиги чексиз болбошу керек деп Конституциялык палатага кайрылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG