Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:55

Тилден карматкан “тизмегейт”


Алексей Василивецкий.
Алексей Василивецкий.

Сегиз жылдан бери Кыргызстан социал-демократиялык партиясында иштеп келаткан орусиялык саясий технолог Алексей Василивецкий Кыргызстандан чыгып кеткенин, акыркы президенттик шайлоодо ал кездеги талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабында иштегенин видеотасма аркылуу коомчулукка жарыя кылды.

Алексей Василивецкий буга чейин "Азаттыктын" кабарчысынын: "Жээнбековдун штабында иштедиңиз беле?" деген суроосуна: "Жок, иштеген эмесмин" деп жооп берип, калп айтканын моюнга алды. Ал өзү Орусиянын жараны болуп туруп Кыргызстандын саясатына кийлигишкени билинип калса жоопко тартыларын эске алып, өлкөдөн чыгып кеткенин айткан:

- Кыргызстанда иштегениме сегиз жылдан ашты. Азыр мага каршы биринчи жолу туура эмес иштер башталганын сездим. Себеби, кыргызстандык интернет-сайттар эч кандай далили жок эле жалган жалаа илип, жаза башташты. Мен кафеде кимдир-бирөөлөр менен сүйлөшүп отурсам да мени аңдыган кишилер пайда болду. Мага тааныштарым аркылуу “баңгизат салып коюшат экен” деп айттырып жатышат. Кыргызстандан кетип, бул жактагы саясий кырдаалды сырттан байкап турууну чечтим.

Укук коргоочу Нурбек Токтакунов Василивецкийдин билдирүүсүн ал "президент Сооронбай Жээнбековдун борбордук штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган" деген каражаттардын тизмесинин аныктыгына далил катары баалады:

Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

- Тизменин чын экени такталып жатат. Журналисттер өздөрү деле текшерип жатышат. Артисттердин, патент менен иштеген эксперттердин алган акчасы да чыгып жатат. Бирок алар шайлоодо мыйзамдуу эле иштеп берген. Бул жерде криминал жок. Мына Василивецкий да тастыктап кетпедиби. Мен тизмени журналисттер, укук коргоо органдары текшерсин деп атайын жарыялагам. Эми шайлоо кандай өткөнүн элдин баары эле билип жатат.

Саясат талдоочу Эмил Жороев сөз болуп жаткан “тизмегейтке” жана Алексей Василивецкийдин видеокайрылуусуна төмөнкүдөй баа берди:

Эмил Жураев.
Эмил Жураев.

​- Көтөрүлүп жаткан маселени тиешелүү органдар мыйзамдын чегинде талдап чыга турган болсо, анда көп кишилер жоопко тартылышы керек. Шайлоо өнөктүгүнө катышкан кишилерден тартып экс-президент жана учурдагы президенттин өзү да. Анткени шайлоодо чоң команда иштеген. Ал эми Василивецкий мурда бир сөздү айтып, кайра кийин башка сөздү айтып жатканы - ал кээ бир тиешелүү кишилердин талабын аткарып жатышы мүмкүн.

Буга чейин Жээнбековдун штабынын каржы иштери боюнча өкүлү болгон Надира Сатыгул кызы коопсуздугунан чочулап, өлкөдөн чыгып кеткенин экс-президент Алмазбек Атамбаев акыркы маегинде жарыялаган.

Кийинчерээк эсепчинин уулу, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Адилет Сатыгулов да өлкөдөн чыгып кеткени кабарланган. ИИМдин бышыктаганы боюнча эне-баланын бири 11-ноябрда, экинчиси 18-ноябрда өлкөдөн чыгып кетишкен. БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов Сатыгулов боюнча буларга токтолду:

Абдыжапар Бекматов.
Абдыжапар Бекматов.

​- Борбордук шайлоо комиссиянын мүчөлөрү коомдук башталышта иштешет. Ошондуктан алар күнүгө жумушка келип отурушунун кажети жок. БШКда отурум болгондо чакырабыз, алар келип катышат. Биз да ошо кийин билдик, кесиптештерге айтыптыр (ред: Адилет Сатыгулов) “мен бир жакка чыгып эс алып келишим керек болуп жатат” деп. Бизде башка маалымат жок.

"Жээнбековдун борбордук штабы 2017-жылы президенттик шайлоого жумшаган" деген каражаттарынын тизмесин укук коргоочу Нурбек Токтакунов эки жума мурун "Фейсбуктагы" баракчасына жарыялаган. Анда Жээнбековдун штабы расмий түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына билдиргендей 158 096 175 сом эмес, 1 миллиард 170 265 187 сом жана 6 855 700 доллар иштеткени айтылган.

Президенттин аппараты таратылган тизмени “фейк” деп атап, андан башка комментарий бере элек. Ал эми шайлоо штабынын башчысы Фарид Ниязов тизмени “чындыкка жакын” десе, КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын айтымында тизмедеги иш-чаралар менен ысымдар реалдуу.

Президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековду президенттикке сүрөгөн Алмазбек Атамбаев болсо акыркы интервьюсунда “Икрамжан Илмиянов камалбаса тизме ачыкка чыкмак эмес” деп билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG