Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Садыр Жапаров абакка кайтты


Садыр Жапаров ата-энеси менен.
Садыр Жапаров ата-энеси менен.

Экс-депутат Садыр Жапаров апасын акыркы сапарга узатып, кайра абакка кайтып кеткенин жакындары билдиришти. Ал көзү өткөн энесине топурак салуу үчүн 9-мартта туулган кыштагына - Ысык-Көлдүн Түп районундагы Кең-Суу айылына барган.

Саясатчынын энеси 7-мартта кайтыш болгон. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова мындай учурда камактагы адамды үйүнө барып келүүгө мыйзам жол бере турганын билдирген.

Жапаров апасы менен коштошуу зыйнатында элдин алдында сүйлөп жатып, азыркы бийликтин тушунда адилеттик орноруна үмүт артып жатканын айтты.

2017-жылы Садыр Жапаровдун атасы көз жумган, бирок анда коштошуу зыйнатына барууга уруксат берилген эмес.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Жапаров 2013-жылы «Караколдо митингди уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде камалган. Кийин 11 жыл, алты айга кесилген.

Быйыл марттын башында Жогорку сот Жапаровдун ишин кайра кароону 23-апрелге белгиледи. Соттук жараян Кыргызстанда январдан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстерге байланыштуу каралат. (SE\AsM)

XS
SM
MD
LG