Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Аялдар зомбулукту жоюуну талап кылды


Аялдар маршы: зомбулукту жеңе бил
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:38 0:00

Аялдар маршы: зомбулукту жеңе бил

8-март күнү Бишкекте аялдардын тилектештик маршы өттү. Ага ондогон кыз-келиндер, саясатчылар, жарандык активисттер катышып, аялдардын укуктары тууралуу маселе көтөрүштү.

Жүрүштүн башында милиция ар кандай ураандар жазылган айрым баракчаларды көтөрбөөнү сунуштаганы менен уюштуруучулар ага макул болгон жок. Ондогон кыз-келиндер чогулуп, “Россия" кинотеатрынан баштап Курманжан Датканын айкелине чейин жөө барышты.

Быйылкы марштын урааны “8/365” деп аталып, анын маанисин жылдын 365 күнүндө аялдардын укугу корголушу керек деген чакырык деп түшүндүрүштү.

Жарандык активист Перизат Сайтбуркан жүрүштө баратып 8-март датасынын чыныгы маанисине токтолду.

- 8-март аялдарды жылына бир жолу эстеп, куттуктап койгон күн эмес. Бул аялдардын укугу, келечекке болгон ишенимин жогорулатууга багытталган майрам. Ошондуктан бул тилектештик маршына келип кошулдум.

Бишкек. 8-март
Бишкек. 8-март

​Акциянын катышуучулары Курманжан Датканын айкелинин жанына чогулуп, аялдарга карата зомбулукту жоюу, кыз-келиндерди кодулоону токтотуу жана алардын укуктарын коргоо тууралуу чакырыктарды кыйкырып турушту.

Жөө жүрүш менен башталган акция Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында “Аялдар тилектештигинин шаарчасы” деп аталган иш-чара менен улантылды. Ал жерде аялдардын укуктарына арналган ар кандай маалыматтар берилип, каалоочулар микрофон алып сүйлөп жатышты.

Казакстандан келген Йоханна аттуу активист өз өлкөсүндө мындай жүрүштөргө тыюу салынганын белгилеп, кыргызстандыктарды аялдардын жана балдардын укугун сактоого чакырды.

- Мен бүгүн педофилиянын курмандыгы болгон адам катары сүйлөйм. Жакында эле мен өз жанымды кыюуга аракет кылдым. Андан кийин ойлондум. Көрсө мен “кичинекей болгонума карабай, эмнеге мени кордошту" деген таарыныч менен жашаган экем. Бул жерге зомбулукка каршы ой айтуу үчүн келдим. Өзүнүн өмүрүн, ресурсун феминизмге арнаган аялдарга ыраазымын. Мен дагы азыр ушул жаатта эмгектенип жатам.

Көптөгөн жылдардан бери жүздөгөн аялдардын арыз-муңун угуп, көз жашын аарчып, жашоосуна үмүт берип келген укук коргоочу, “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсайра Рыскулова аялдар тушуккан көйгөйдү ​жапа тырмак чечүү керектигин белгиледи.

- Өлкөбүздө акыркы жылдары аялдардын укуктары корголбой келет. Мен муну тажрыйбама таянып айта алам. Зордукталган, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган кыз-келиндер көп. Аялдардын кыймылы чогулуп, бүгүнкү күндү белгилеп жатканын колдоого аларлык иш деп айтам.

Равшан Жээнбеков. 8-март, 2019-жыл.
Равшан Жээнбеков. 8-март, 2019-жыл.

Аялдардын тилектештик маршына мурдагы парламентти депутаттары Равшан Жээнбеков, Асия Сасыкбаева жана коомдук ишмер Эдил Байсалов, укук коргоочу Рита Карасартова баштаган жарандык активисттер катышты.

Ошол эле маалда аялдардын жүрүшү социалдык тармактарда ар кандай кызуу талкууларга жем таштады. Алар иш-чарада сексуалдык азчылыктардын укуктары жөнүндө баракчаларды көтөрүп чыккандарды сынга алышты. Айрымдар "аялдардын майрамын пайдаланып, кыргыздын каада-салтына шек келтирди" деген пикирде.

Буга чейин жүрүшкө “Кырк чоро” деген топтун тоскоолдук кылары айтылган, Бирок, ал топтун өкүлдөрү акцияга катышкан айрым айымдарга гүл берип жаткан видео тарады. Ошондой эле жүрүштө милиция күчөтүлгөн тартипте коопсуздукту камсыз кылып, чагымга жол берген жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG