Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Эркеликтен алыс элеттик аялдар


Сүрөт БУУнун элеттик аялдардын укугун чагылдырган көргөзмөдөн алынды.

Үй-бүлөлүү, эмгекчил, күчтүү, ошол эле убакта өзүн үй-бүлөгө гана арнаган, каршылык көрсөтпөй, бардык кырдаалды кабыл алган, бирок өзүнүн ден соолугун карабаган, аз-маз жүдөгөн, басынган...

Сурамжылоого катышкандардын басымдуу бөлүгү айылдык аялдарга мына ушундай баа беришкен. Анткен менен көбү айылда туулуп өскөн, элеттин турмушун билип, тарбиясын алган кыздарды колукту, келин кылып алууну каалайт.

БУУнун Өнүктүрүү программасы айылдык аялдарга карата коомдо калыптанып калган көз караштарды, башкача айтканда стереотиптерди аныктоо максатында изилдөө жүргүзгөн. Изилдөө элеттик кыз-келиндерге карата стереотиптик ой-жүгүртүүнүн калыптанышына айылдык жашоо тартиби чоң таасирин тийгизерин аныктады. Мындан сырткары, коомчулукта дин тарабынан колдоого алынган эркектердин шовинизми кеңири жайылганы жана кандай гана маселе болбосун бул айылдык аялдардын укуктарын чектөөгө багытталганы да айтылат.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошол эле учурда элеттик айымдарга карата кыргыз коомунда калыптанып калган көз караштар да ар башка, аралаш. Бул жергиликтүү менталитетке, диний ишенимдерге да байланыштуу.

Айылдык аялдар - "үй-бүлөлүү, эмгекчил, күчтүү, ошол эле убакта өзүн жалаң гана үй-бүлөгө арнаган, каршылык көрсөтпөй, бардык кырдаалды кабыл алган, бирок өзүнүн ден соолугун карабаган, бир аз жүдөгөн, басынган үй кожейкеси" деп белгилегендер басымдуулук кылат. Ошол эле кезде шаардык аялдарды "билимдүү, көп нерселерге умтулган, өзүн карап, жакшы алып жүргөн, бактылуу, бирок жалкоо, ажырашкан, карьера жасоого умтулган" адам деген мүнөздөмө беришкен.

БУУнун Өнүктүрүү программасынын өкүлү Мэри Бекешованын айтымында, айыл жергесинде жашаган аялдар тууралуу калыптанып калган терс көз караштар катардагы жарандардын эле эмес, өлкөнүн саясатын иштеп чыгуучу мамлекеттик кызматкерлердин арасында да бар:

Мэри Бекешова.
Мэри Бекешова.

- Стереотиптер жөн жерден келип чыкпайт. Көз караштар ошол нерсе бар үчүн келип чыгат. Көбүнчө бири-бири менен сүйлөшкөндө, бир нерсени туура эмес кылып койсо: "Эмне, сен аялсыңбы?" дейт. Бул да стереотип. Эмне, аялдардын баары эле туура эмес кылабы? Жолдо бирөө туура эмес машине айдаса, "тиги айдоочу аял киши окшойт" дешет. Бул да коомдо калыптанып калган өтө чоң терс көз караш. Эмне үчүн булар келип чыккан, кантип жок кылабыз, кантип күрөшөбүз? Ошол максатта ушундай изилдөөнү жүргүздүк.

Сурамжылоого катышкан 1600дөн ашуун адам айылдык кыз-келиндерди "жүдөө, басынган, өзүн карабайт жана шаардыктарга караганда бактысыз" деп эсептешкени менен өзүнө колукту же келин катары айылда чоңойюп-өскөн кыздарды тандай турганын айтышкан.

- Негизинен көпчүлүгү шаардыктарга караганда айылдык кыздарды келин кылып, аял кылып алганга жакшы пикирде экен. Анткени элеттик кыздар айтканды угат жана ийкемдүү. Шаардыктардын көбү айылдыктарга үйлөнүүнү каалайт экен.

Бойго жеткен айылдык кыздардын көпчүлүгү шаарда окуп, жашап иштөөнү каалайт. Шаардык кыздардын айылга барып үй-жай курушу дегеле сейрек учурайт. Турмуш куруп, шаарда калууну эңсеген кыздар айылда жашоо-шарттын татаалдыгын айтышат. Кыз-келиндердин пикирлерине караганда, кыргыздын салтына ылайык айыл жеринде келинге талап күчтүү, артылган жүк оор. Деги эле кыз-келиндерге карата жазылбаган мыйзамдар бар. БУУнун Өнүктүрүү программасы жүргүзгөн изилдөөдө да ушундай пикирлер орун алган.

Алсак, сурамжылоого катышкандардын 61% "айылдык аялдар үчүн ажырашуу уят" деген жооп беришкен. Ошондой эле "кыз турмушка чыгып, ата конушунан кеткен соң өзүнө тиешелүү үлүшүн доолаганга акысы жок" деген пикир да басымдуулук кылат. Турмуш куруп кеткенден кийин үлүшүн сурап келген учур дегеле кезиге электигин, бул маселени көтөрүп чыгуунун өзу уят деп эсептелерин буга чейин да укук коргоочулар, гендер маселелери боюнча эксперттер белгилеп келишкен.

Мындан сырткары "элеттик аялдар үй чарбасы (26%) менен гана алектениши керек", "аларга карьеранын кереги жок" (24%), "айыл өкмөтү болуп иштей албайт" (17%), ал тургай "жогорку билимдин кереги жок" (14%) деген пикирлер да айтылган. Мэри Бекешова коомдо мындай пикирлердин болушу кооптуу деп эсептейт.

- Азыр эрте турмушка чыгуу, ала качуу жана анда отуруп калган, үй-бүлөдөгү зомбулук маселелери да ушундай "билимдин кереги жок" деген көз караштан улам чыгып жатат. Мунун баары бири-бири менен байланыштуу маселелер. Биз 100 пайызды алсак, ошонун баары "билим керек" деген абалга жетишибиз керек.

Мэри Бекешова жалпы эле айымдарга карата коомдо калыптанып калган терс көз карашты, мамилени жок кылыш үчүн кыз-келиндердин өздөрү менен иштеп, алардын жеке дараметин көтөрүп, билимин жогорулатууну сунуш кылууда.

"Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фондунун жетекчиси, билим берүү жана илим министринин мурдагы орун басары Догдуркүл Кендирбаева да айылдан чыккан. Ал азыр айыл жергесинде мурдагыга салыштырмалуу кыздарга, келиндерге карата катуу чектөөлөр жок деп эсептейт. Экинчиден, ар бир кыз-келиндин ийгиликке жетишүүсү адамдын өз аракетине, каалоосуна, жашоодогу баалуулуктарына жана ата-эненин тарбиясына жараша болорун белгилеп жатат.

Догдуркүл Кендирбаева.
Догдуркүл Кендирбаева.

- Билимдүү эне болсо, ал тарбиялаган балдары сөзсүз түрдө билимге, өнүгүүгө умтулган, жөнөкөй айылда болсо да умтулууга багыт берген үй-бүлө болуп чоңоёт. Айылдык аялдардын өзгөчөлүгү - алар өтө бышык болот. Күнүмдүк оокатты күнүнө табышың керек, тырышып иштешиң керек. Огородду да карап, уйун да саап жетишиш керек. Бирок ошол эле учурда элеттик аялдар арасында шаардыктардан мыкты шарт түзүп алып жашагандар көп. Мен да айылда жашаганда Бишкекте тургандарга ичим күйүп, "алардын баары өтө билимдүү, балдарын театрга, музейге алып барат" деп ойлочумун. Балдар шаарда окуса экен деп аракет кылчумун. Бирок шаарда туруп балдарын музейге алып бармак түгүл өнүктүрүү баалуулуктары жокторду да көрдүм. Ошондуктан эки тарапта тең жетишкендиктери, ийгиликтери жана кемчиликтери да болбой койбойт.

Кыргызстандын алыскы аймактарынан, жөнөкөй үй-бүлөдөн чыгып чет өлкөдөгү алдыңкы окуу жайда билим алып, өз күчү, аракети менен ийгиликке жеткен, ишкерлик, билим берүү, илимий чөйрөдө өзүн көрсөткөн кыз-келиндер арбын.

Капалова: Кыргыз айымдарынын турмуш чындыгы
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:58 0:00

Догдуркүл Кендирбаева "кыздарга жогорку билимдин кереги жок" деген пикирлер кээде диний көз караштан келип жатканын айтууда. Анын айтымында, мурда кыздарды чектеген стереотиптер азыр иштебей калды:

- Биздин учурда "жоолук салынып, узун кийинип, кайнене-кайнатага кызмат кылып, жанында 10-13 жыл жашашың керек" деген стереотиптер бар болчу. "Өйдө караба, балдарды терге" дегендей... Азыр андай деле жок, келиндер деле каалагандай шым кийип жүрүшөт. Физикалык, кара күчтү талап кылган жумуштар деле кетип баратат. Мени кооптондурган, тынчсыздандырган нерсе - бул динге байланышкан стереотиптерди жаштар арасында таңуулоо болуп жаткандыгы. Бекерпоз, жалкоо, аракеч күйөөлөрүн көтөрүп чыдаган аялдар да бар. Илгери катуу стереотип бар болчу, "кыз күйөөгө кеткенден кийин кайтып келбесин" деген. "Кыз төркүнгө төрт конот, ашып барса беш конот, андан ашып баратса эки жакка кеп болот" деп кызды чектечү. Бирок бул азыр иштебей калды. Азыр кыздарды, энелердин укугун чектөөдөн мурда "Эркектер кандай?" деген суроону коюш керек. "Үйдү жыйна, экинчи аял бол, унчукпа" деген сыяктуу багындыруучу догманын баары патриархалдык түшүнүктөн же билимсиздиктен келип чыгат.

Кендирбаева экинчи маселенин учун чыгарып, кийинки убакта "эркек бала кетмен казса деле тирилигин кылат" деген көз караштар да көбөйгөнүн, балдарды 9-класстан кийин окутпай, кыздарын окута берип, билимдүү кызга тең ата, бир темада сүйлөшө алчу жигиттер азайып баратканын да кеп кылды. Агартуу тармагында көп жылдан бери иштеп келген адис улан-кыздарга бирдей билим берип, бирдей өнүктүрүү зарыл деп эсептейт.

Экинчи биздин каарманыбыз Майрам Кыдыралиева - "айылдык аял айыл өкмөтүнүн башчысы боло албайт" деген көз карашты жокко чыгаргандардын бири. Ал Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Көк-Мойнок айыл аймагынын башчысы. Аталган аймакты эки жолу жетектеп, бир эле кезде балык чарбасын иштетип, ишкерликти да ийгиликтүү алып кетип жаткан айымдардан. Кыдыралиева элеттик аялдарды түйшүгү түмөн, эмгекчил, аракетчил жана билимдүү айымдар катары мүнөздөдү:

Майрам Кыдыралиева.
Майрам Кыдыралиева.

- Элет жеринде жогорку билимдүү кыз-келиндер абдан көп. Алардын басымдуу бөлүгү мугалимдер. Булар абдан эмгекчил келишет. Бала багып, жолдошу сыртта болсо ага көмөктөшкөн, соода-сатык кылган да аялдар. Элет жеринде чакан ишканаларды ачып, ишкерликти өнүктүрүп, чарбаны бүт аялдар алып барышат. "Айылдык аялдар билимсиз, артта калган, өзүн карабайт" деген түшүнүккө кошулбайм. Азыркы айтылып жаткан сөздөр эзелтен бери айтылып келаткан менталитеттен улам болсо керек. "Чыгыш аялдары" деп коёбу бизди?.. Эркекке көбүрөөк баш ийип, "аялдын орду үйдө" деп, өзгөчө турмушка чыккандан кийин күйөөнү сыйлап, кайын-журтка жакшы мамиле кылуу, ошол жерге сиңген жакшы ургаачы болуу, балдарды тарбиялоо... Бирок Союз тарагандан кийин аялзаты эркектер иштеген жумуштарда иштеп жатат. Үйдө деле эркек киши таап келген акчаны сарамжалдуу пайдалануу, үй-бүлөлүк бюджеттин киреше-чыгашасын туура жүргүзүп, бардыгына жетиштирүү, бөлүштүрүү аял затына байланыштуу болот. Ошондуктан финансы министри - аялдар. Тышкы иштер министри да аялзаты болуп жатат. Ким менен алака кылышты, каякка барышты карап, балдарга билим, тарбия берип, билим берүү министри да болуп жатат. Маданият министри да бизбиз. Үйдө, талаада өзүн алып жүрүүнү үйрөткөн да энелер.

Статистикалык маалыматтарга караганда, кийинки жылдары чечим чыгаруучу органдарда аялдар азайып, эркектерге артыкчылык берилүүдө. Бул абалды билим гана өзгөртө ала турганын Ош облусунун Өзгөн районундагы Баш-Дөбө айылындагы мектептин директору, айылдык кеңештин мурдагы депутаты жана төрайымы Канайым Султанова белгиледи:

- Аялдарга да карьера керек, аялдар деле эркектер менен теңтайлашып иштесе болот. Айылдык кеңеште бир же эки аял болсо, ошого карап эркектер түздөлөт. Коомдук жайларда да аялдардын ролу чоң. Аялдар баары бир тарбиянын башаты. Эң биринчи аялзаты билимдүү болуш керек. Эркектер чоң кызматта иштеп, билимдүү болсо да алар көбүнчө талаада жүрөт. Эгер балдары илимдүү-билимдүү чоңойсун десе, эң биринчи кезекте эне билимдүү болушу керек. Коомдо деле көрүп жүрөбүз. Энеси күчтүүнүн баласы күчтүү.

Кара жанын карч урган элеттик аялдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:14 0:00
Түз линк

Статистикалык маалыматтарга карганда, Кыргызстанда 3 млн. 155 миңге жакын аял жашайт. Бул өлкө калкынын теңинен көбүн түзөт. 2009-жылдагы калкты кайра каттоонун жыйынтыгы айылдардагы кыз-келиндердин билим деңгээли шаарларга караганда төмөн экендигин көрсөткөн. Шаардыктар арасында жогорку жана орто кесиптик билимге ээ болгон жарандардын саны эки эсе көп.

Айылдык аялдардын иш менен камсыз болушу 39% түзсө, эркектердин 61% жумуш менен камсыз болгон. Ошондой эле элеттеги кыз-келиндер шаардык аялдарга караганда акысы төлөнбөгөн үй эмгегин 4 эсе көп аткарышат. Ал эми жер үлүштөрүнө ээлик кылуу мүмкүнчүлүктөрү эркектерге салыштырмалуу 10 эсе төмөн. Элет жеринде өспүрүм курактагы никелер да шаарга караганда 2,5 эсе, ала качуу 2 эсе көп катталат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG