Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Риттманн: Кыргызстанда басмырлоо азайган жок


Мира Риттманн.
Мира Риттманн.

2018-жылы Кыргызстанда адам укуктары маселесинде кандай жылыштар жана өксүктөр болду? Эл аралык коомчулук эмнелерди байкады?

"Human Rights Wath" уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Мира Риттманн "Азаттык" радиосу менен ой бөлүштү.

Мира Риттманн: Кубануу менен айта турган жагдай - быйыл 2017-жылдагыдай сөз эркиндигин, маалымат каражаттарынын эркиндигин чектөө болгон жок. Бирок көп жылдан бери келаткан кыйноо, кыз ала качуу, үй-бүлөдөгү зомбулук сыяктуу жоруктарды жазасыз калтыруу уланууда.

Биз сентябрь айындагы баяндамабызда экстремизм менен терроризмге каршы күрөштө да адам укуктары бузулуп жатканын белгилегенбиз. Укук коргоочу, өмүрүнүн аягына чейин соттолгон Азимжан Аскаровдун темир тор артындагы тагдыры да өзгөрүүсүз кала берди. Аскаровдун маселесинин маанилүү экенинин себеби - Бириккен Улуттар Уюму аны тезинен бошотууну сунуш кылган.

"Азаттык": 2018-жылы президент Сооронбай Жээнбеков сот тармагында реформа болорун бир нече жолу айтты. Сиздер бул багытта кандай өзгөрүүнү байкадыңыздар?

Мира Риттманн: Президент Сооронбай Жээнбековдун бул проблемага көңүл бурганы жакшы. Себеби демократиялык мамлекетте сот системасы өкмөткө, бийликке көз каранды болбошу керек. Сот адилеттүү чечим кабыл алган, көңүл жылыткан учурлар болду. Мисалы, Жогорку сот "Бир дүйнө - Кыргызстан" жана башка укук коргоо уюмдарынын баяндамаларын экстремисттик деп тапкан чечимди жокко чыгарды жана кайра кароого жиберди. Ага карабай, сот ишинин эл аралык стандарттарын бузуу судьялардын тажрыйбасында дагы эле байкалат. Буга да Азимжан Аскаровдун ишин мисал келтирем, ал кыйноого кабылганы жөнүндө айтканына сотто маани берилген жок. Мындайча айтканда, сот реформасы көңүл бурууга муктаж.

"Азаттык": Аялдардын жана балдардын укуктарына кандай маани берилип жатат?

Мира Риттманн: Аялдардын жана балдардын укуктарынын корголушу көңүл жылытпайт. 2017-жылы Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы мыйзам кабыл алынганда, ага үмүт артып, тажрыйбада кеңири колдонулат деп ойлогонбуз. Тилекке каршы, өзгөрүүлөр жашоодо байкалбай жатат. Үй-бүлөдө аялга кордук көрсөтүү, кыз ала качуу, эрте нике сыяктуу басмырлоонун түрдүү формалары колдонулуп келатат. 2018-жылдын май айында Бурулай аттуу кыздын ала качууга туш болуп, милиция бөлүмүндө киши колдуу болгону - буга анык мисал.

"Азаттык": Өкмөттүк эмес уюмдар майыптардын маселесин көп көтөрүп келатат. Бүгүнкү күндө майыптар кандай колдоого муктаж?

Мира Риттманн: Бул суроону бергениңиз мени кубандырды. Азбы-көппү, адамдар майыптар маселесин көтөрүп жатат. Дагы да көбүрөөк айтыш керек. 2018-жылы кыргыз өкмөтү Бириккен Улуттар Уюмунун Майыптардын укугу жөнүндө конвенциясын ратификациялоо боюнча демилге көтөрдү. Парламент карап жатат. 2019-жылы ал Жогорку Кеңеште ратификацияланышы күтүлүүдө.

"Азаттык": Азчылыктардын маселесине кандай баа бересиз? Диний, улуттук, жыныстык азчылыктардын укуктарына байланышкан кандай маселелер бар?

Мира Риттманн: Өкмөт азчылыктардын укугун тебелеген көрүнүштөргө каршы ишти күчөтсө жакшы болмок. ЛГБТ коомчулугу ар кандай дискриминацияларга кабылып жүрөт. 2010-жылдагы июнь коогасынан улам улутка байланыштуу басмырлоо да байкалат. Бул боюнча айрым соттук иштер чечилбеген бойдон турат. 2018-жылдын майында БУУнун Расалык дискриминацияны жок кылуу комитети Кыргызстанда бул маселеге көңүл бурууну сунуш кылган. Анда басмырлоого каршы мыйзам кабыл алуу, аны колдонуу маселеси көтөрүлгөн. Кыргызстанда ушул өңдүү сунуштар тажрыйбада колдонулган учурду көргүбүз келет.

P.S.: Кыргыз бийлиги "Human Rights Watch" уюмунун Бишкектеги кеңсесинин башчысы болуп иштеген Мира Риттманнды 2015-жылы Кыргызстанга киргизбей койгон.

Риттманн ошол жылы 2-декабрда өлкөгө учуп келип, аэропорттон кайтууга аргасыз болгонун билдирген. Тышкы иштер министрлиги Мира Риттманн өлкөнүн миграциялык мыйзамын бузганын айткан. Ал ошондон бери Кыргызстанга сырттан туруп байкоо жүргүзөт.

Укук коргоочулар адам укуктарын коргоо жаатында иштеген адистерге кысым башталганын билдирип, бул көрүнүш эл аралык аренада Кыргызстандын аброюна көлөкө түшүрүп жатканын белгилешкен эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG