Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:22

HRW Кыргызстан менен кызматташууну улантат


Кыргыз бийлиги Human Rights Watch уюмунун Бишкектеги кеңсесинин башчысы Мира Риттманнды Кыргызстанга киргизбей койду.

Риттманн 2-декабрда өлкөгө учуп келип, аэропорттон кайтууга аргасыз болгонун билдирди. Тышкы иштер министрлиги Мира Риттманн өлкөнүн миграциялык мыйзамын бузганын айтып, ашыкча маалымат берүүдөн баш тартууда. Ал ортодо укук коргоочулар адам укугун коргоо жаатындагы адамдарга кысым башталганын билдирип, бул көрүнүш эл аралык аренада Кыргызстандын аброюна көлөкө түшүрүп жатканын билдиришти.

Босогодон кайра артка

Укук коргоочу бул жолку сапарында бир катар жарандык коомдун өкүлдөрү жана өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуусу каралган эле. Мира Риттманндын​ “Азаттыкка” билдиришинче буга чейин кыргыз бийлиги ага эч кандай алдын ала эскертүү берген эмес, 2-декабрда кыргыз чек арачылары эмне үчүн өлкөгө кирүүгө тыюу салынганын так түшүндүрүп берген эмес.

Мира Риттманн
Мира Риттманн

- Аэропортко келгенден кийин мага кирүүгө тыюу салынганы тууралуу актты көрсөтүштү. Анда мен Кыргызстан үчүн ыңгайсыз адам экендигим жазылып, мындан сырткары өлкөнүн сырткы миграция тууралуу мыйзамын бузганым жазылуу экен. Бирок толук түшүндүрмөнү мага эч ким берген жок.

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги тиешелүү органдардын көрсөтмөсү менен Human Rights Watch уюмунун өкүлү өлкөгө киргизилбегенин айтууда.

Министрликтин маалымат катчысы Нурлан Сүйөркулов Риттманнга нон-грата персонасы жарыяланган эмес деп, органдардын министрликке көрсөткөн тизмеде аты-жөнү бар экенин айтып берди.

- Мира Риттманнды персона нон-грата деп айтууга болбойт. Ал саясатчы же дипломаттарга берилет. Human Rights Watch уюмунун өкүлү миграциялык мыйзамды бузган үчүн киргизилген жок. Бул тизмеде кандайдыр бир мөөнөткө эмес, өмүр бою кирүүгө тыюу салынат деп жазылган.

Укук коргоочулар: эски доорго кайттык

Мира Риттманнды Кыргызстанга киргизбей койгонуна байланыштуу Human Rights Watch уюму кыргыз бийлигин айыптап чыкты. Уюмдун расмий сайтындагы маалыматында укук коргоочуга мындай мамиле өлкөдөгү адам укугун коргоо боюнча ишмердүүлүгүнө жолтоо катары кабыл алынганы жазылды.

Динара Ошурахунова
Динара Ошурахунова

Укук коргоочу Динара Ошурахунова мындай көрүнүш эски бийликтин учурунда болгонун белгилеп, азыркы бийлик да өткөндүн орчундуу каталарын кайталап жатканын айтууда.

- Бакиевдин учурунда укук коргоочуларды өлкөбүзгө киргизбей, кеңселерди тинткен учурларды көрбөдүкпү. Эми УКМК кайра ушундай адатын баштап жатабы? Байкасаңар эски жылдар кайра кайталанып атат. Бул көрүнүш демократияга каршы келет. Адам укугу бизде баарынан жогору болушу керек да.

Human Rights Watch уюму Мира Риттманндын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынышы күтүүсүз кадам болгонун, уюм 2012-жылы Бишкекте өз кеңсесин ачууга тоскоолдук менен уруксат алганын расмий сайтында жазылды. Ал эми ушул жылдын июнь айында УКМК Мира Риттманнга ишин улантууга уруксат берүүдөн баш тартып, Human Rights Watch уюму максатка ылайыксыз иш жүргүзөрү жазылганын Мира Риттманн өзү “Азаттыкка” билдирди.

Абдрасулова: кийинкиси бизби?

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Human Rights Watch уюмунун адам укугу жаатында терең иликтөөлөрдү жүргүзгөндүктөн дүйнөдөгү кадыр- барктуу уюм экенин айтып, анын отчеттору дүйнө өлкөлөрүнүн көңүл чордонунда экенин белгилейт. Мира Риттманндын “кара тизмеге” кириши атайын кызмат үчүн биринчи кадам деген Абдирасулова, кийинки кезек жергиликтүү укук коргоочуларды ооздуктоо экенин ишеничтүү айтууда.

Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

- Бул адам укугу жаатында иш алып барган эл аралык уюмдарга коркунуч алып келет. ЕККУ, Сорос фондуна да кысым башталып, андан соң жергиликтүү укук коргоочуларга да өтөт деп ишеничтүү айта алам. “Чет элдик тыңчы жөнүндө” мыйзам кабыл алынбаганы менен бул долбоор азыр иштей баштады деп айта берсек болот.

Human Rights Watch уюмунун Бишкектеги кеңсесинин башчысы Мира Риттманн уюм Кыргызстанда ишин токтотпосун айтып, өлкөдөгү адам укугу боюнча кырдаалга мониторинг иштерин уланта берерин билдирди. Ал кыргыз бийлиги “кара тизмеге” киргизгендин расмий түшүндүрмөсүн алууга үмүт артып, учурда Берлинде экенин маалымдады.

Эл аралык укук коргоочуларды өлкөгө киргизбей коюу биринчи жолу болуп жаткан жок. 2008-жылы Норвегиянын Хельсинки комитетинин өкүлү Ивар Дале жана Орусиянын “Мемориал” укук коргоо борборунун жетекчиси Виталий Пономаревду бийлик өлкөгө киргизген эмес. 2014-жылы Кыргызстанга келген өзбекстандык укук коргоочу, “Эзгулик” коомунун жетекчиси Васила Иноятова "Манас" аба майданынан чыга албай артка кайткан. Ал эми 2011-жылы Июнь окуясын иликтеген эл аралык комиссиянын төрагасы Киммо Кильюненди парламент нон-грата персонасы деп жарыялаган.

XS
SM
MD
LG