Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

Журналист Исмаилованын соту августта уланат


Азербайжандык журналист Хаджа Исмаилова
Азербайжандык журналист Хаджа Исмаилова

Жети айдан бери абакта отурган Хадижа Исмаиловага жалган жалаа жапкан, салыктан качкан, мыйзамсыз ишкердик жүргүзгөн жана өз кызматынан кыянат пайдаланган деген айыптар тагылууда.

Жети айдан бери абакта отурган Исмаилованын соту буга чейин эки жолу жылдырылган. Кийинки сот отуруму 7-августка белгиленди.

Эл аралык укук коргоочу уюмдар жана Исмаилованын жакындары журналистке тагылган айыптар саясий өңүттө экенин, президент Алиев менен анын үй бүлөсү аралашкан коррупциялык иштерди ачканы үчүн ушундай куугунтукка туш болгонун айтышууда.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу менен кызматташкан журналист Хадижа Исмаилова өткөн жылдын 5-декабрында Турал Мустафаев аттуу журналисттин арызы боюнча Бакуда камакка алынган. 38 жаштагы Хадижага адамды өз өмүрүн кыюуга жеткирген деген айып коюлган. Кийинчерээк Мустафаев арызын кайтарып алса да, Исмаиловага февралда "салык төлөөдөн качкан", "мыйзамсыз ишкердик менен алектенген" жана "кызматынан кыянаттык менен пайдаланган" деген жаңы айыптар коюлган. Исмаилова бул айыптарды саясий буйрук деп четке кагат.

Бакуда сот башталууда, 24-июль, 2015

Азербайжанда журналисттин абакка камалышын бир катар укук коргоо уюмдары сындап чыгышты. Эл аралык коомчулук Исмаилованын камалышы президент Илхам Алиевдин бийликке сын айткандарга каршы жүргүзүп жаткан өнөктүгүнүн бир бөлүгү катары баалайт.

Буга чейин журналист Илхам Алиевдин үй-бүлөсү аралашкан бир катар масштабдуу коррупциялык иштердин бетин ачкан.

Илхам Алиев жубайы менен
Илхам Алиев жубайы менен

2010-жылдын августунда Исмаилова Азербайжандагы мамлекеттик “Азал” авиакомпаниясынын бир катар бөлүмдөрүн менчиктештирүү боюнча иликтөө жүргүзгөн. Журналисттик иликтөөдө менчиктештирүү мыйзамсыз өткөнүн жана ага президент Алиевдин кызы Арзу Алиева аралашып, “Азал” мамлекеттик концернинин жетекчисинин аялы тарабынан жасалганы аныкталган.

Исмаилованын коомчулукка алып чыккан дагы бир иликтөөсү Azcell телекоммуникациялык компаниясындагы коррупциялык иш. Буга чейин компаниянын 70% Германиянын “Сименс” компаниясына таандык делген болсо, иш жүзүндө ортомчу компаниялар аркылуу аларга президенттин кыздары Лейла менен Арзу Алиевалар жана Швейцариянын жараны Оливье Местелан ээлик кылары аныкталган.

"Кристал Холл"
"Кристал Холл"

Исмаилова 2011-жылы Бакуда “Евровидение” ыр сынагын өткөрүү үчүн "Кристал Холл" концерттик комплексин курууга катышкан “Азенко” компаниясы да президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнө тийиштүү экенин далилдеген.

Уюшкан кылмыштуулук жана коррупция боюнча долбоордун редактору Дрю Салливан:

- Хадижа Алиевдердин көп ишканаларга тиешеси бардыгын биринчи болуп айтып чыккан. Ал иштердин бардыгын далили менен алып чыккан биринчи адам жана ал фактылар бардык иллюзияларды жоготот. Өкмөттүн пропагандасы элди ишендире алат, бирок ошол эле маалда документтерди көрсөтүп, далилдеп жатсаң, аны жашыруу кыйын. Хадижанын иликтөөлөрүнө бийликтин реакциясын көргөндө, демек ал таасир эткенин билесиң.

Исмаилова бийлик тараптан кысымдын ар кандай формасы күчөсө да, эч тоскоолдуктарга карабай иликтөөлөрүн уланта берген. 2012-жылдын мартында журналист “уктоочу бөлмөңдө жашыруун камера коюлган жана ага түшкөн бардык жеке турмушуң коомчулукка чыгат” деген тоголок кат алган. Катта "эгер тынч жүрбөсөң видео интернетке жарыяланат" деген эскертүү жазылган. Бул коркутууну Исмаилова ага каршы кысым деп айыптап, каттагы сүрөттөрдү интернетке жайгаштырган.

Камактагы Хадижа Исмаиловага ушул жылдын мартында ПЕН борборунун сөз эркиндиги боюнча сыйлыгы ыйгарылды.

Исмаилова камакка алынгандан бир аз өтпөй 26-декабрда Азербайжандын Башкы прокуратурасы “Азаттыктын” Баку бюросун тинтүүгө алып, андан соң кеңсени жаап кеткен. Кеңсенин мөөрү, радионун документтери, компьютерлердин дисктери жана башка техникалык жабдыктар конфискацияланган. Башкы прокуратуранын кызматкерлери бул тинтүү өлкөдө сырттан каражат алган коммерциялык эмес уюмдарды текшерүүнүн алкагында жүргөнүн айтып тим болгон.

XS
SM
MD
LG