Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

"Азадлыгдын" журналисттери күч менен суракка алынды


Эркин Европа/ Азаттык радиосунун азербайжан кызматынын журналисттери
Эркин Европа/ Азаттык радиосунун азербайжан кызматынын журналисттери

Жекшембиде Бакуда Эркин Европа/Азаттык радиосунун азербайжан кызматынын бир нече кызматкери күч менен суракка тартылды.

“Азадлыг” радиосунун таңкы берүүлөрүнүн алып баруучусу, Азербайжандагы таанымал журналист Камран Махмудовду 28-декабрда таңда кармап кетишкен. Жубайы Латифанын айтканына караганда, полиция кызматкерлери журналистке жылуу кийинүүгө да мүмкүнчүлүк берген эмес.

Полиция ошондой эле “Азадлыгдын” орус тилиндеги сайтынын редактору Чынгыз Султансойду жана кеңсени жууп тазалаган Матанат Абдинованы да ушундай эле жол менен кармап кеткен.

Жума күнү Башкы прокуратура “Азадлыгдын” Баку бюросун тинтүүгө алып, андан соң кеңсени жаап кеткен. Кеңсенин мөөрү, радионун документтери, компьютерлердин дисктери жана башка жабдыктар конфискацияланган. Башкы прокуратуранын кызматкерлери “Азадлыг” радиосун тинтүү өлкөдө сырттан каражат алган коммерциялык эмес уюмдарды текшерүүнүн алкагында жүрүп жатканын айтышкан.

Рейдди Эркин Европа/Азаттык радиосунун азербайжан кызматынын башчысы Кенан Алиев көз карандысыз медиага каршы чабуул деп мүнөздөдү:

- Бакудагы биздин бюронун иши толук токтоду. Азербайжанда медиа жана бейөкмөттүк уюмдар узактан бери талкаланууда. Биздин кабарчыбыз Хадижа Исмаилова да камалды. Биз муну көз карандысыз медиага каршы чабуул деп билебиз, - деген Кенан Алиев Бакудагы бюронун 12 кызматкери суракка алынганын билдирди.

Бакуда "Азадлыгдын" документтери конфискацияланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:50 0:00

Суракка алынгандардын эч кимисин адвокат коштогон эмес. Журналисттер өз эрки менен прокуратурага келишпесе, күч менен алып келишерин эскертишкен болчу. “Азадлыгдын” адвокатына азербайжан прокуратурасы радио менен кызматташууга тыюу салып, керек болсо анын өзү жоопко тартыларын эскертишкен.

Ишемби күнү Эркин Европа/Азаттык радиосунун жетекчилиги билдирүү жасап, прокуратура журналисттерди күчтөп суракка алып жатканын сынга алган. Корпорациянын жетекчилеринин бири Ненад Пеич азербайжан бийлиги радио кызматкерлерин жана алардын үй-бүлөлөрүн коркутуп жатканын айтты.

Бийликтеги “Ени Азербайжан” партиясынын өкүлү Сивуш Новрузов улуттук коопсуздук үчүн чет элдик тыңчылыкты токтотуу максатында “Азадлыгдын” бюросун жабуу зарылдыгын айтып чыкты. Ал чет элдик чалгын кызматтарына жана армян лоббисине иштеген бардык мекемелерге тинтүү жүргүзүү абзел экендигин кошумчалады.

Азербайжан прокуратурасы кийинки жылдары башка дагы чет өлкөдөн каржыланган бейөкмөт мекемелерге рейд жасап, АКШнын билим берүү жана маданий кызматташууну өнүктүрчү IREX фондун жана Улуттук демократиялык институтун жапкан.

Учурда Азербайжанда темир тор артында 15тей журналист жана блоггер отурат, алардын арасында "Азадлыгдын" журналисттик иликтөөлөрүнүн автору Хадижа Исмаилова да бар.

Өлкөдөгү таанымал укук коргоочу жубайлар Лейла жана Ариф Юнустарга өз мекенине чыккынчылык кылган деген айып тагылып, учурда алар да камакта.

АКШнын Мамлекеттик департаменти, Хельсинки комиссиясы, Чек арасыз репортерлор жана башка бир катар уюмдар азербайжан бийликтеринин “Азадлыг” радиосуна жасаган чабуулун кескин сынга алышты.

Бакуда "Азаттыктын" бюросу тинтилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:14 0:00

XS
SM
MD
LG