Линктер

шейшемби, 22-январь, 2019 Бишкек убактысы 17:03

БУУ кыз ала качуу адатын сынга алды


Иллюстрация.

Улуттар Уюмунун тармактык комитети Кыргызстандын бийлигин кыз ала качуунун алдын албай жатканы үчүн айыптады. Бул тууралуу Женевада жарыяланган атайын баяндамада айтылды. Кыргыз өкмөтү Бурулайдын окуясынан кийин кайрадан көңүл чордонуна чыккан бул адат менен күрөш уланып жатканына ишендирип келет. Буга далил катары өкмөт кылмыш жазасын күчөтүүнү кепилдей турган мыйзам долбоору даярдалып жатканын айтты.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Аялдарга каршы дискриминацияны жоюу комитетинин Кыргызстандагы аялдардын укуктарына арналган кезектеги доклады 18-сентябрда Женевада жарыяланды. Бул жолку документте негизинен бир гана теманын тегерегинде – Кыргызстандагы ала качуунун бүгүнкү жагдайына анализ жасалган.

Уюмдун адистери Кыргызстанда бул көрүнүштүн азайбай жатканын белгилеп, андан да өкүнүчтүүсү - жабырлануучулар даттанса да кыз ала качкандар тиешелүү жазасын албай калганына кабатыр.

Иликтөөчүлөр кыргыз бийлигин адам укуктарын бузуп, “кыз ала качууга жана күчтөп үй-бүлө курууга жол берүүдө” деп сындады. Алар укук коргоо органдарын бул кылмыштарга күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тарта албай жатканы үчүн айыптаган.

Ала качуу Айнуранын жүрөгүнө так салды

Ала качуу Айнуранын жүрөгүнө так салды

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда ала качууга дуушар болуп, зомбулук көргөн кыздын жагдайы боюнча кылмыш иши козголду.

Комитеттин сайтында докладдын авторлорунун бири Лия Надараянын цитатасы мындайча келтирилген:

- Уурдалганына, сексуалдык зомбулукка кабылганына жана ала качып кеткен тараптын, анын ата-энесинин басымына карабай аялдар турмушка чыгууга макулдук берип жатканына ишенгибиз келбейт. Бул аялдар кача албай турган далил катары кабылданууда. Кыз ала качуу жана мажбурлап үй-бүлө куруу улуттук салт катары кабылданбай, кылмыш деп каралып, ага күнөөлүүлөр өз курмандыктарын зордук-зомбулукка мажбурлаган кылмыш катары саналышы керек, - деп белгилейт ал.

Иликтөөнү Лия Надарая комитеттин дагы бир мүчөсү Теодор Оби Нванкво менен чогуу соңку эки жыл бою жүргүзүшкөн. Алар документти даярдап жатканда кыргызстандык 14 укук коргоочу уюмдун маалыматына, келтирген фактыларына таянышкан. Мындан сырткары чет элдик адистер Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү, жарандык коомдун мүчөлөрү, окумуштуулар, диний ишмерлер жана Бишкек, Ош, Каракол шаарларындагы ала качууга дуушар болгон кыздар менен жекеме-жеке жолугушкан.

Баяндамада уурдалган кыздар зордукталганы, бул дээрлик бардык ала качууларда катталып жатканы айтылат. Жабырлануучулар укуктук билиминин жетишсиздигинен жана расмий органдардын көңүл коштугунан улам акыйкаттыкка жете албай жатканы белгиленет. Ошол себептүү БУУнун комитети Кыргызстанды кыз ала качууга жана башка сексуалдык мүнөздөгү кылмыштардын алдын алууда, иликтөөдө жана кылмышкерлерди жазалоодо мыйзамдарын чыңдоого үндөйт.

​Кыргызстан Женевадагы комитетке 2019-жылдын мартына чейин ала качуу жана аялдарга карата зомбулуктун алдын алуу багытында аткарылган иштер боюнча билдирүүгө милдеттүү.

Алтынай Өмүрбекова
Алтынай Өмүрбекова

Бирок Кыргызстандын бийлиги БУУнун тармактык комитети койгон айыптоолорду жарым-жартылай гана мойнуна алып жатат.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова соңку чуулуу окуялардан кийин ала качуунун алдын алуу үчүн иштер күчөтүлгөнүн айтууда:

- Күрөш таптакыр жүрбөй жатат дегенге кошула албайм, муну бир нукка салыш үчүн убакыт керек. Кыз ала качууну таптакыр жоюп салуу чынында кыйын экен. Бирок биз бул маселени жоюну өкмөттүк деңгээлде колго алганбыз. Ар бир облустун башчысына, район жетекчисине жана министрликтерге бул боюнча индикаторлорду койдук. “Ошол аймакта канча кыз уурдалды?”, “Канча кыз-келин зордук-зомбулукка кабылды?” жанаКанча бала зордук-зомбулукка кабылды?” деген көрсөткүчтөр. Алар ушул көрсөткүчтөрдүн өсүп кеткенине керт башы менен жооп беришет, ошонун жыйынтыгына карап, ар бир жетекчиге катуу чара көрөбүз. “Ушундай болуп калды деп бир топ себептерди айтып өзүбүздү-өзүбуз алдаганды эми коелудеген талап жүрүп жатат. Биз койгон пландар ишке ашса, эми бул жаатта оңолуу болот го дейм.

Өмүрбекова коомчулукта маалыматтарды таратуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү аркылуу да ала качууну жок кылуу аракети көрүлүп жатканын белгилейт. Ал ошондой эле өкмөттүн тапшырмасы менен Ички иштер министрлиги бул кылмышка жазаны катаалдаштыруу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыкканын айтты.

Бишкектеги кыз ала качууга каршы уюштурулган акция. 6-июнь, 2018-жыл.
Бишкектеги кыз ала качууга каршы уюштурулган акция. 6-июнь, 2018-жыл.

​Коомдук талкууга чыккан мыйзам долбоордо Кылмыш-жаза кодексинин 154-155-беренелерине өзгөртүү киргизип, кыз ала качкандарды он жылга чейин эркинен ажыратуу каралууда.

Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын тергөөчүсү Алтынбек Осмонов сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн шартын түшүндүрдү:

- Кылмыш кодексинин 154-беренесине (“Жашы жете элек кыздарды нике турууга мажбурлоо”) айыпталгандар мурда беш жылга чейин эле кесилчү. Жаңы долбоордо ушул жазаны он жылга чейин көтөрүү сунушталууда. Ал эми 155-беренеси (“Эркине каршы никеге турууга мажбурлоо, никеге туруу үчүн ала качуу же никеге турууга жолтоо болуу”) буга чейинки мыйзамда беш жылдан жети жылга чейин камак каралчу. Кошумча 1000 сомдон 2000 сомго чейин эле айыппул салынчу. Азыр бул мөөнөттү беш жылдан 10 жылга чейин көтөрүү жана айыппулдун суммасын 300 миң сомго чейин коюу киргизилгени турат. Анткени ала качкан учурларда зордуктоо же башка кылмыштар да кошулуп калууда. Ошону үчүн жазаны катаалдаштыруу зарыл болуп калды. Эми муну коомчулук колдоп, парламент кабыл алса анан ишке кирет. Негизи буга чейин кыз ала качууга байланыштуу кылмыш иштери бүт иликтенип, сотко өткөрүлөт. Болгону көп иштер кыскарып кетет, анткени аларга тараптар келишип алганы жана кылмыштын курамы аныкталбаганы себеп болуп калат.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигине акыркы беш жылда ала качуу фактысы боюнча 895 арыз түшсө, анын 727сине кылмыш иш козголгон эмес. Натыйжада 168 факты боюнча гана кылмыш иши козголгон.

Ал эми 2017-жылы 28 иш сотко жөнөтүлсө, 11 айыпталуучуга карата иш кыскартылган. Ал эми 16 адам шарттуу кесилсе, бир гана айыпталуучу беш жылга кесилген.

Бирок адистер маселе жазаны катаалдатуудан да, аны иликтөөдөн көз каранды экендигин эскертип келет. Алар муну үчүн "Демократиялык процесстерди изилдөө борбору" коомдук фондунун эксперти Гүлбарчын Жумабаева буларга токтолду:

Гүлбарчын Жумабаева.
Гүлбарчын Жумабаева.

​- Укук коргоо органдары жана өкмөт эл аралык уюмдар менен чогуу кыз ала качууну жок кылуу үчүн аракеттерди көрүп жатат. Бурулайдын окуясынан кийин өзгөчө талкуулар күчөдү. Ага карабай айрым бир кызматкерлердин шалаакылыгынан ушуга окшогон окуялар катталып жатат. Менин оюмча ала качуу менен күрөшүү үчүн биринчи кезекте элдин аң-сезимин өзгөртүшүбүз керек. Эң маанилүүсү ушул болууда. Жазылбаган мыйзам, салт-санаа жана стереотиптер бар, ошолорду жоюунун үстүндө ишти жандантуу зарыл. Ала качкан учурда ата-эне, кыздар арыз жазбай койгонун жоюшубуз керек. Муну өкмөт эле эмес, бизге окшош бейөкмөт уюмдар да алып барышы керек, алып барып да жатабыз. Ала качуунун арты ажырашууга, социалдык жетимдердин көбөйүшүнө жана башка кесепеттерди алып келерин элге жеткиришибиз керек. Бул үчүн кыз ала качкан адамдарды жазага тартып, аны кенен чагылдырып, жайылтуубуз кажет. Ал тургай ала качууга аралашкандарды да жазага тарткан бир нече мисалдарды чыгарыш керек. Негизи кыз ала качууга каршы мыйзам бар, ошол мыйзам иштесе деле жетиштүү болмок. Бирок көп мезгилде иликтөө иштери солгун болуп калууда.

Ошол эле кезде ала качууга туш болгон кыздардын өзү да ала качууну азайтуу үчүн алгач тургундардын жана ата-энелердин көз карашын өзгөртүү зарыл экенин айтып келишет. Ала качууга дуушар болуп, тагдырына баш ийген Наргиза аттуу кыз буга чейин “Азаттыкка” буларды айткан эле:

- Жайкы эс алуу болчу. Туугандарыбыз менен чогулганда бир киши менен тааныштырышты. Мен ага турмуш курууга оюм жок экенин, дагы билим аларымды айткам. Болбой эле ала качып алды. Анын үйүнө барганда апамды күттүм. "Алып кетет" деп ойлогом, бирок үмүтүм таш капты. Апам келбей койду. Ал буга чейин эле "күйөөгө чык, жакшы жер экен" деп айткан. Анткени өзү да 31 жашында турмушка чыккан экен. Мени да "эл-жер көрүп, тийбей коет" деп ойлоду окшойт. ​ Турмушка чыгам деп ойлогон эмесмин. Бийик максатым бар болчу. Ошол учурдагы абалымды эч бир кызга каалабайм. Бирок биздин коомдо кыздын ою маанилүү эмес экен. Күйөөмдү такыр түшүнө албай кыйналдым. Чытырман токойго адашып кирип, чыга албай калгандай болдум.

Бурулай Турдаалы кызынын зыйнаты. 29-май, 2018-жыл.
Бурулай Турдаалы кызынын зыйнаты. 29-май, 2018-жыл.

Быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызы киши колдуу болгон. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген. Бул окуя кыргыз коомундагы кыз ала качуу көрүнүшүнө көңүл бурдуруп, мындай жорукка жазаны күчөтүү талаптары митингдерде жана атайын жыйындарда айтылган.

Мындан кийин президент Сооронбай Жээнбеков менен өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев маселеге көңүл бургандай болгон.

Андан көп узабай эле, 18 жаштагы кызды быйыл 10-июнда Ак-Ордо конушунан Нарын облусунун Жумгал районуна алып качышкан. Жакындары ал мажбурлап никеге тургузгусу келген жаран тарабынан зордукталганын, ооруканада дарыланып чыкканын билдиришкен.

Милиция бул факт боюнча 155-берене ("Ала качуу") менен кылмыш ишин козголгон. Буга шектүү 24 жаштагы жаран эки айга камалган. Кызга адвокаттык кылып жаткан "Кылым шамы" укук коргоо кыймылынын жетекчиси Азиза Абдирасулова бул иш боюнча соттук процесс уланып жатканын билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG