Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:22

"Ала качкан күйөөмдү жек көрөм..."


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыз ала качуунун оор кесепеттери тууралуу канчалык көп айтылганына карабай Кыргызстанда бул көрүнүш тыйыла элек. Камоолор, үй-бүлөнүн кыйрашы, кайра-кайра кыйылган өмүрлөр да жаштарга сабак болбогону өкүндүрөт. Кыз ала качуу көйгөйү Талас облусунда ушул убакта да орчундуу.

Бишкектеги окуу жайлардын биринде журналистика тармагында билим алып жаткан 19 жаштагы Жаркын бир ай мурда Таластын Көк-Ой айылына келин болуп келген.

- Үйдөгүлөр милиция да ээрчитип келишти. Мурда "эгер мени ала качып кетсе, отурбай кетип калам" деп ойлочумун. Бирок босогону аттагандан кийин андай эмес экен. «Каргадай болгон жалгыз балам бар, андан айрылгым келбейт» деп апасы жалдырап, баары чөгөлөп ыйлады. Таенеси «Босогого жатып алам айланайын, мени аттаба» деп айламды кетиришти. Анан өзүмдүн апам дагы "Каргыш деген жаман, бир туугандарыңды ойло" деп отургузуп коюшту…

Жаркын күйөөсү менен мурда тааныш болсо да, ага күйөөгө чыгууну каалаган эмес. Эгер ала качууга дуушар болбосо ушул жылдын 12-май күнү сүйлөшүп жүргөн жигити менен кол кармашмак. Бирок кыз арзып сүйгөнүнө жетпей калды:

- Баланы таанычумун. Менин башка жигитти жакшы көргөнүмдү, ага турмушка чыгам деп жүргөнүмдү билчү. Мен мындай мамилени күткөн эмесмин. Жок дегенде бир жолу үйүмө барып, колумду сурап койгонго жарабады. Эгер ошентсе аз да болсо сыйлап калат элем. Уктаган сайын «түшүм болуп калса экен» деп тилейм. Тилекке каршы, түшүм эмес…

Ушул эле айылга мындан сегиз жыл мурда Наргизаны да ала качып келишкен. Ал кездеги 17 жаштагы кыз кыз бүгүн төрт баланын апасы. Күйөөсү, кайын-журту жакшы чыкканы менен жогорку билим албай калганына өкүнөт:

- Өз көңүлүм менен келген эмесмин. Окуудан чыккандан кийин ала качып кеткен. Кудайга шүгүр, төрт баланын энесимин. Улуу кызым биринчи класста окуйт. Жолдошум өзүмөн 10 жаш улуу. Азыр мен уурдалган балалыгым үчүн өкүнөм. Эл катары жогорку билим алсам мага деле жарашмак. Мисалы, экөөбүз тең экенбиз… Сен журналистсиң, мен болсо бала багып, казан-аяктан бошобой отурам. Студенттик күн, жаштык эмне экенин билбей калдым. Ошого арман кылам.

Наргиза азыр тагдырына баш ийип калган кези. Күйөөсүнө болгон таарынычы балалуу болгондо унутулган.

- Ала качуу айбанчылык да. Балдарым төрөлө электе күйөөмдү жек көрчүмүн. «Тагдырымды талкаладың» деп жактырбай, чанып да жүрдүм. Азыр антип айта албайм, себеби ал менин балдарымдын атасы. Жаман көрүүгө, жек көрүүгө мүмкүн эмес, айла жок…

Байкоочулардын баамында, элет жериндеги кыздар "эл эмне дейт?", "бир эрден чыкты" деген сөздөрдөн айбыгып, бир чети ата-энесинин, жеңе-таежесинин кийлигишүүсү менен барган жеринде калып калат.

Мына ушул көз карашты 9-июнда Бишкекте ала качуунун курмандыгы болгон 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызынын окуясына байланыштуу өткөн акцияда экс-президент Роза Отунбаева да сынга алган.

- Аялдар, мен силерге кайрылат элем. Айылдагы эже-сиңдилер силерде да күнөө бар. Эмнеге карап отурабыз ушундай болуп жатса. Эркектерде да күнөө бар. Кыргызстандагы аялдарды тең көрбөйсүңөр. Ансыз да силерге тийбей калды кыргыз кыздары. Туш-тушка кетип жатат. Уруп, токмоктоп жатсаңар кетет да, - деди Роза Отунбаева.

Талас облусундагы таанымал укук коргоочу Арзыкан Момунтаева ала качуу менен катар кыздарды 9-классты бүтөрү менен күйөөгө узаткан көрүнүш пайда болгонун белгиледи.

- 9-классты бүткөн кээ бир кыздар ишке орношууга аракет кылат экен. Жаштыкка алдырып, турмушка эрте чыгып кеткендери бар. Милицияга эч ким арызданбаса, ал кантип иш козгойт? Кыз ала качуу деп аты айтылбаганы менен андан да жаман абалга келип жатабыз. Бул жерде мамлекеттин ролу чоң. 9-класстан кийинки маселени булар чечиши керек. Толук кандуу мектепте билим алуу керек да.

"Азаттыктын" апта түрмөгү: Ала качуу адаты тыйылбады

Апта түрмөгү: Ала качуу адаты тыйылбады
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:48 0:00
Түз линк

Адистердин баамында, кызды үй-бүлө курууга мажбурлагандарга жаза катаалдаганы менен күч органдарына кайрылгандар аз. ​Айталы, Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын маалыматына таянсак, былтыр кыз ала качуу боюнча 11 факт катталып, анын бирөөнө иш козголгон, быйыл эки гана факт катталган.

Кыргызстанда кыз ала качуу боюнча күнөөгө жыгылгандар жети жылга чейин абакка кесилет. Кылмыш-жаза кодексине мындай өзгөртүү 2013-жылы киргизилген.

Жаштар кыз ала качууга каршы
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:25 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG