Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:19

Кыз ала качуу өлүм менен аяктады


Маркум Бурулай Турдаалы кызы.
Маркум Бурулай Турдаалы кызы.

Чүй облусунун Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө милиция кызматкерлеринин жанында 20 жаштагы кыздын өмүрү кыйылды.

Аны ала качып баратканда кармалган кылмышка шектүү милиция бөлүмүндө кызды мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салганы, учурда жандандыруу бөлүмүндө экени кабарланды.

Маркумдун жакындары окуя үчүн милицияны айыптап, кыздын өлүмүнө күнөөлүү адамдарды жазалоону талап кылууда. Прокуратура милиция кызматкерлерине "Шалаакылык" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

"Кызымдын төшүн бычак менен тилиптир"

Милиция бөлүмүндө бычак тийип каза болгон 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызы быйыл Бишкектеги Медициналык окуу жайды аяктап, күзүндө турмуш жолуна аттанайын деп турган.

27-майда аны ала качкан окуя өлүм менен аяктады. Ошол күнү кызын уурдап кеткенин билгенден кийин ата-энеси милицияга кайрылган. Ала качкан жигит Чүйдүн Сосновка постунан кармалып, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Ала качуу Айнуранын жүрөгүнө так салды

Ала качуу Айнуранын жүрөгүнө так салды

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда ала качууга дуушар болуп, зомбулук көргөн кыздын жагдайы боюнча кылмыш иши козголду.

Ал жердеги кабыл алуу бөлмөсүндө табышмактуу жагдайда кызды бычактап өлтүрүп, өз жанын кыюуга да аракеттенген.

Маркумдун атасы Турдаалы милициянын шалаакылыгынан он гүлүнүн бири ачыла элек чүрпөсүнөн айрылганын айтып, каңырыгы түтөп отурат:

- Кызым дүкөнгө чыкканда ала качып кетти. Мен машинемди айдап чыгып, артынан кууп жетпей калдым. Милиция чакырып, алар постторго маалымат берилгенин айтышты. Мен Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө барып, арыз жазып, эки сааттай кармалып калдым. Андан кийин машине Сосновкадан кармалганы тууралуу маалымат келди. Тергөөчү мага чалып, "алып качкан бала кармалды, Кара-Балтага келип, кызыңызды алып кетиңиз" дешти. Көрсө, ала качкан баланы МАИ кызматкерлери кармап, ички иштер бөлүмүнө алып келип тапшырыптыр. Тергөөчүдөн кызым менен сүйлөштүрүп коюшун өтүнүп, сүйлөштүм. "Кызым, эч жериң кайрылбадыбы, жабыркаган жоксуңбу?" - десем: "Жок, ата, баары жакшы" деп жооп кайтарды. Ага азыр бара турганымды айттым. Беловодское айылына жеткенибизде дагы бир жолу чалып, апасы менен сүйлөштү. "Апа, келе жатасыңарбы?" деп сураптыр. Ошондон кийин эле телефону өчтү.

Кыздын атасынын айтымында, кылмышка шектүүнү милиция бөлүмүндө эч ким текшербептир, тескерисинче экөөнү "сүйлөшкүлө" деп бир бөлмөгө киргизип коюптур.

- Мен бычак сайган бала тергөөчүгө акча бергенби деп ойлоп жатам. "Экөөбүз жакшыбыз, ата-энеси каршы болуп атат, сүйлөшүп алалы" деп тергөөчүнү алдаганбы, ким билет? Тергөөчү экөөнү бир бөлмөгө таштап чыгып кетиптир да. Ал бала эшикти ичинен бекитип алып ачпай, кызыма бычак сая бериптир. Кекиртегине, жүрөгүнө, ичине сайып, кыйнап өлтүрүптүр. Мен түнкү саат 3кө чейин ошол жерде жүрдүм. Милиция кызматкерлеринен сурасам: "МАИлер кармаганда тиги бала каршылык көрсөткөндүктөн уруп коюшуптур, ошону бүтүрүп алалы" деп алаксытышты. Саат 3төн өткөндө гана райондук милиция башчысы, он чакты милиционер чогулуп угузушту. "Кантип текшербедиңер?" десем, "тергөөчү жооп берет" дешти. Кызымдын сөөгүн карасам, көкүрөгүнө "Н+Б" деп бычак менен жазып, крест тартып коюптур. Он чакты күн мурда Нурлан аттуу бала кызыма сөйкө салып, кудалап кетишкен.

"Кызымдын өлүмү үчүн ким жооп берет?"
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:20 0:00

Маркумдун жакындарынын маалыматына караганда, кылмышка барган адам кыздын төшүнө ал "турмушка чыгам" деп жүргөн жигиттин ысымын бычак менен тилип жазып койгон экен. Кылмышты М. аттуу киши кылган. Ал Бишкекте маршруттук таксиде айдоочу болуп иштечү. Ал айдаган маршруттун токтоочу жайы Бурулай Турдаалы кызы ата-энеси менен жашаган үйдүн жанында жайгашкан.

Кызды бир ай мурда да ала качып, кыздын ата-энесинин кийлигишүүсү менен Суусамырдан кайра артка алып келип берген. Ошондон бери ортого ата-энесин, туугандарын салып, кыздын колун сурап, тынчтык бербей жүргөн. Бирок Бурулай ал жигитте көңүлү жоктугун айтып, жакында эле Нурлан аттуу сүйлөшкөн жигити кудалап, сөйкө салып кеткен экен. Тараптар тойду 25-августка белгилеген. Бурулайдын бир туугандары М. аны коркутуп, тынчтык бербей жүргөнүн, андан чочулап эжесинин үйүнө алып кетип, бирок орозодо энесине кол кабыш кылыш үчүн 3-4 күн мурун өз турагына келгенин билдиришти.

Маркумдун жээни Жазгүл окуя тууралуу мындай маалымат берди:

- Милиция кызматкерлери баланын эшикти ичинен бекитип алганын айтып жатышат. Ал жер милиция бөлүмү болсо, ичтен бекитип алгыдай кайдагы ачкыч? Андай болушу мүмкүн эмес. Алар өздөрүнүн күнөөсүн жашырып атышат. Баланын да өзүнө бычак сайганына ишенбей атабыз. Милиция бөлүмүндө бут кийиминин боосунан бери чечип алып коюшу керек эле. Колуна кишен салып коюшса да мындай болбойт эле го? Денесине бычак менен жазып ойноптур. Үч жолу бычак сайыптыр, андан кийин бычак менен денесин тилип жазыптыр. Ошого чейин эмнеге милиционерлер эч нерсе кылган эмес? Жакын жерде, башка бөлмөдө болсо, кыз чыңырганда эле келишмек да.

Шалаакылык, кайдыгерлик

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Назира Имангазиева болсо окуя милиция кызматкери кармалгандардын документтерин толтуруп жаткан маалда болгонун айтууда. Анын айтымында, кандуу окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда:

- 27-майда саат 22:00 чамасында Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө 20 жаштагы кызды никеге мажбурлап тургузуш үчүн ала качып кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Ал боюнча Чүй облустук, Бишкек шаардык милиция кызматкерлерине тапшырма берилген. Көп узабай Сосновка постунда жол кайгуул кызматкерлери 29 жаштагы Б.М. башкарып бара жаткан «Субару-Аутбэк» үлгүсүндөгү автоунааны токтотушуп, айдоочусун жана анын ичиндеги жүргүнчүлөр — 30 жаштагы С.А. аттуу адамды, 20 жаштагы кызды Жайыл райондук милициясына жеткиришкен. Милиция кызматкерлери керектүү кагаздарды толтуруп жатканда 20 жаштагы кыз жарандарды кабыл алуу бөлүмүндө отурган. Бир аз убакыттан кийин ал бөлмөгө кызды ала качып бара жаткан киши кирип, ичинен бекитип алган. Ал бөлмөдө уруш-талаштын дабышы угулуп, эшикти талкалап кирген милиция кызматкерлери кызды канга боёлгон абалда табышкан. Ал эми ага кол салган киши өзүнө да бычак сайып, экөө тең дароо ооруканага жеткирилген. Бирок Жалал-Абад облусунда төрөлүп, Бишкек шаарында жашап жаткан 20 жаштагы кыз оор жарааттын кесепетинен жандандыруу бөлүмүндө көз жумду. Шектүү, 29 жаштагы Талас облусунун тургунуна операция жасалып, дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. Машинедеги экинчи жүргүнчү менен тергөөчүлөр иштеп жатышат.

"Адамдын укугу, коопсуздугу сакталат" деп эсептелген милиция бөлүмүндөгү мындай кандуу окуя ички иштер органдарынын ишине карата сын-пикирлерди күчөттү. Коомчулук "Кылмышка шектүү катары кармалган адам бычакты кайдан алган?" жана "Жанында мындай буюм бар экени эмнеге текшерилген эмес? деген суроого баш катырууда.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы буга жооп бере элек. "Окуянын чоо-жайы кызматтык иликтөө аяктагандан кийин белгилүү болот" деген маалымат таратуу менен чектелди. Ал арада Жайыл райондук прокуратурасы милиция кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесине ылайык кылмыш ишин козгоду.

Район прокурору Мамбетаалы Турдумаматов "кыз милиционерлердин шалаакылыгынан улам өлгөн" деген пикирин "Азаттыкка" билдирди:

- Милиция кызматкерлери өздөрүнө жүктөлгөн милдетти жоопкерчиликтүү аткарбастан, шалаакы мамиле кылган. Мунун натыйжасында кабыл алуу жайында ушундай окуя болду деп ойлоп жатабыз. Ошонун негизинде кылмыш ишин козгодук. Азыр козголгон кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатат. 20га толо элек кызды түшүнүксүз жагдайда өлүмгө алып келген өкүнүчтүү окуя болду. Экинчиден, бычак сайган баланын акыл-эси ордундабы же жокпу, соо же мастыгын райондук милиция текшерип, тергеп жатат. "Шектүү бала бычакты кантип милиция бөлүмүндөгү жарандарды кабыл алуу жайындагы бөлмөгө алып кирген? Бычак кайдан пайда болгон?" деген эки версияга өзгөчө көңүл буруп атабыз. Бардык укук коргоо органдарынын биринчи милдети жарандардын укуктарын сактоо болуп саналат, ички иштер бөлүмдөрүнө ошол милдеттер жүктөлгөн. Шектүү адам милиция бөлүмүнө келгенде эле анын аты-жөнү аныкталып-такталып, текшерилиши керек болчу. Кирип баратканда бүт бардык нерсе, жанында кандай документтер, буюмдар бар экендиги аныкталып, ыкчам түрдө бул жаран каяктан, эмненин негизинде келгенин, эмнеге шектелип жатканы - бүт баары текшерилиши керек эле. Азыр райондук прокуратура тергөөнү да көзөмөлгө алды.

Ала качуу токтой элек

Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөсү Таалайбек Алыбаев бул окуя Кыргызстан иш билги милиция кызматкерлеринен мукурап жатканына далил деп эсептейт:

- Милиция кызматкерлери туура эмес тандалып, ички иштер органдарына туура эмес адамдар келип атканы билинип калды. Милиция кызматкерлерин жетекчилик да көзөмөлгө алышы керек болчу. Нөөмөт бөлмөсүнө окуянын катышуучуларын киргизип коюп, милиционерлердин кетип калганы шалаакылык эле эмес, кылмыш! Милиция кызматкерлери ал жактан чыкпай, көзөмөлдөшү керек эле. Бычак кайдан чыкты? Бул милициядагы кесипкөйлүктүн төмөндүгүн, алар өз милдетин так аткарбагандыгын далилдейт. Эгер тергөө калыс, ар тараптуу тергелсе окуянын кандай болгону ачыкка чыгат. Тергөө бүткөнгө чейин деле шалаакылык мамилеге жол берген тергөөчү, ыкчам топтун кызматкерлери жоопко тартылышы керек.

Кыз ала качууга каршы акция.
Кыз ала качууга каршы акция.

Таалайбек Алыбаев мыйзамда ала качуу кылмыш экенине карабай, укук коргоо органдары ага кайдыгер карап, көп иштер "кыргызчылык" деген түшүнүк менен жабылып калып жатканын кошумчалады. Анын баамында, 27-майда милиция бөлүмүндө кыз алып качкан жигиттин кайра жабырлануучунун үстүнө киргизилип, аягы кандуу өлүм менен аяктаганы мындай иштер "кыргызча" жабылып жатканына күбө.

Кыргызстанда 2012-жылдан бери кыз ала качкандарды жоопко тарткан мыйзам иштей баштаган. Кылмыш кодексинин 154-155-беренелерине ылайык, кызды эркине каршы ала качып, никеге турууга мажбурлагандар беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылат. Бирок былтыр “Аялдарды колдоо борбору” бул мыйзамдын аткарылышы боюнча өлкө аймагында мониторинг жүргүзүп, өлкөдө ала качуу азайганы менен, бул көрүнүш айыл жерлеринде дагы эле өкүм сүрүп жатканын, жаштар, ата-энелер анын кылмыш экенин билбей турганын жарыялаган.

Макала даярдалып атканда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү басма сөз жыйынын өткөрүштү. Мекеменин башчысы Нурлан Сарчаев маркумдун жакындарынын "кыз мыкаачылык менен өлтүрүлдү" деген маалыматын четке кагып, "анын денесинде эч кандай жазуу болбогонун соттук-медициналык экспертиза көрсөттү" деп кабарлады.

Каза болгон кыздын сөөгү 29-майда Бишкекте жерге берилди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG