Линктер

дүйшөмбү, 23-июль, 2018 Бишкек убактысы 02:38

Кийинки убакта өгөй атадан жабыр тарткан, айрыкча жыныстык зомбулукка дуушар болгон секелектердин окуялары утур-утур коомчулуктун үрөйүн учурууда. "Аялзат" түрмөгү өгөй атадан жыныстык ыдык көргөндөр туурасында кеп козгоду.

Зарина (аты белгилүү себептерден улам өзгөртүлдү) азыр 16 жашта. Анын айтымында, энеси эки кызы менен жесир калып, кийин экинчи ирет турмуш курган. Бир жыл жакшы жашап, балдарга да сый мамиледе болгон өгөй ата баласы төрөлгөн жылдан тартып аялына кол көтөрүп, биринчи бүлөдөн ээрчип келген эки кызга да мамилеси өзгөрө баштайт.

Бир күнү ооруп калган Заринаны дарыгерге көрсөтүп келиш үчүн алып кетип, шаарда ага кийим-кечек алып берип, аны кайра төшөк аркылуу төлөп беришин сунуш кылат. Буга макул болбой качып кеткен кыз үйүнө келгенде өгөй атасы апасын көгала кылып сабап салганын көрөт. Ошол күндөн тартып, өгөй ата кызга жыныстык ыдык көрсөтө баштайт.

- Түнкү саат үч болчу, бир маалда чечинтип жатканы сезилди. Бирок уйкусурап жатып "үстүмдү жаап жатабы" деп түшкө сала бердим. Бир маалда ойгонсом үстүмдө экен. Кыйкырганга аракет кылдым, оозумду жаба калды. Ошол окуя болду, ошол түнү... Кыйкыра алган жокмун, апам уктап калган, уккан жок, колу да чоң экен. Ашкана мен жаткан бөлмөгө жакын эле, көк бычакты алып чыгып "өзүңдү ойлоп айтып койсоң - апаңды өлтүрүп коём" деди. Апама андай нерсени каалаган жокмун. Айла жок унчукпай калдым...

Ыйлаган аялдар же нике келишим керекпи?

Нике келишим - бул кепилдик тура. Эгер андай документ болгондо аялын буюмдай көрүп, тажаганда таштап салган эркектер саал да болсо сестенмек. Канча деген аялдар “балдарым менен кайда барам?” деп тиштенип, зордук-зомбулук көрсө да чыдап жашап жүрүшөт. Алар деле колунда ишенимдүү документ болсо, өзүнүн да, балдарынын да нервин аяп, жаман эркексиз эле өз оокатын кылмак.

Оштун Өзгөн районунда 11 жашынан бери өгөй атасы зордуктап жүргөн секелек былтыр көз жарган. Төрөттөн кийин гана өгөй атанын беш жылдан бери жасап жүргөн кылмышы белгилүү болуп, райондук сот аны 15 жылга эркинен ажыраткан болчу. Кыз чүрпөсүнөн баш тартып, аны балдар үйүнө өткөрүп берген. Жабырлануучу азыр таенесинин колунда тарбияланып жатат.

Анын жакындары секелекти зордуктаган кишини өмүр бою абакка кесүүнү Ош облустук сотунан талап кылышкан эле. Арыз-даттанууларды эске алган сот айыпталуучунун мурдагы жазасына дагы беш жыл кошуп, өткөн аптада жалпысынан 20 жылга абакка кести. Бирок жакындары "кыздын балалыгы уурдалды, психологиялык басымга туш болуп, тагдыры талкаланды" деп, айыпталуучуну өмүр бою абакта калтырууну талап кылып жатышат.

Секелектин беш жылдан бери өгөй атасынан кордук көрүп жүргөнүн алгач таежеси айтып чыккан. Ал бул үчүн бир тууган эжесин - кыздын энесин да күнөөлөп, анын жоопкерчилигин кошо кароону суранган.

- Бечара кыз кандай болуп жатат, кандай азапка калды? 11 жашынан бери тагдыры талкаланды. Ал жетим өксүк болуп жатат, ичинде канча дарты, канча сыры бар анын? Жүрөгүндө өмүрү өткөнчө так болуп калып кетти, "өгөй атам, өгөй атам" деп көкүрөгүндө калды да. Эки жолу өлүмдөн калыптыр, "өлө албай койдум, таеже" дейт. Ушуга окшогондорду жок кылыңыздар, ошол нерсени мен сиздерден суранам.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ал ортодо прокуратура кыздын апасына да иш козгоп, учурда аны энелик укуктан ажыратуу иши каралып жатат. Бул боюнча соттук териштирүү аягына чыга элек. Азыр зордуктоого туш болгон кыздын абалы туурасында анын атын атагысы келбеген туугандарынын бири мындай дейт:

- Мурдагыга салыштырмалуу абалы жакшы болуп калды. Психологдордон кеңеш алып, бир сыйра дарыланып чыкты. Оштогу сотто биздин талабыбыз аткарылган жок. 15 жылдын ордуна 20 жыл кылганы деле биздин жарым-жартылай жеңишибиз, бирок талап аткарылбай калды. Мойнуна алып турган адамды күнөөсүн кайра жеңилдетип жатышат. "11 жашында зордукталды" деген 129-беренени толук алып салды да. Бул Өзгөндө эле ушундай болгон, Ошто аны "калыбына келтирип бергиле" дегенбиз, бирок талап аткарылбады. Кыз сотко барат, ал кишини көрсө эле кыйналып, жүрөгү кармап жаман болот. Акыры сотко да алып бардык, бирок процесске катыштырган жокпуз. Апасы деле барды, өзү келип учурашпаса, аны биз жармаштыра албайбыз да. Кыз өзү деле "апама барбайм, таенемдин колунда болом" дейт.

Таштанды балдар үчүн куту - аргасыздык

Кыргызстанда таштанды балдарды калтырып кетчү кутуларды же "бэби бокстарды" ачуу демилгеси көтөрүлүүдө. Бул жаңылыкты коомдун айрым өкүлдөрү төрөлгөндөн көчөгө ташталып, итке таланды болгуча ымыркайларды коргоонун ыктуу жолу деп колдоого алышса, айрымдар ата-эне болуу жоопкерчилигин сезбеген жаштарга шарт түзөт деп кабатыр.

Биринчи бүлөдөн калган балдарды асырап, өз баласындай бапестеп өстүргөн өгөй аталар аз эмес. Бирок кийинки убакта биринчи күйөөдөн төрөлгөн балдарды өгөйлөп, бала катары эмес, кызматчы катары көрүп, кодулаган, бойго жете элек кыздарды да кадыресе аял катары пайдаланууну көздөгөн учурлар кездешип жатат. Маселен, Оштогу окуяда да өгөй ата энеси менен кызын бирдей аялдыкка алып, чогуу жашоого даяр экенин айткан.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнист Осмонбаев Бишкек шаарында эле жыл башынан бери кыздар өгөй атасынын зомбулугуна кабылган үч факт катталып, иш сотко өткөнүн "Азаттыкка" билдирди.

- Үчөө тең Бишкек шаарында болуп жатат. Жыныстык зомбулукка туш болгон кыздардын бирөө 7, экинчиси 11, үчүнчүсү 15 жашта. Аларга карата зомбулук, ыплас аракеттер өгөй атасы тарабынан болуп жатат. Кээ бирөөнү карасак эки жыл, башкасы 10 жыл жашап коюптур. Улуу кызы башка күйөөдөн болуп, кийин дагы балалуу болгондору бар. Бирок өгөй атасы кылган ушундай аракеттер кездешип жатат.

Cтатистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда бир жылда миңден ашуун өспүрүм көз жарган. Адистер өспүрүм куракта төрөгөн кыздардын басымдуу бөлүгү зордуктоого дуушар болушарын айтып келишет. "Балдар укугун коргоо лигасынын" башчысы Назгүл Турдубекова зордуктоого туш болгон өспүрүмдөрдүн абалы туурасында айтты:

Назгүл Турдубекова.
Назгүл Турдубекова.

- Бүгүнкү күнү балдарды зордук-зомбулуктан, кол тийгизүүдөн коргоо системасы жакшы болбой жатат. Изилдегенге, баа бергенге, убагында мониторинг кылып баланын укугун коргоп калганга адистер жетишпейт. Азыр иштеп жаткан социалдык кызматкерлер деле көбүнчө кары-картаңдар, майыптар менен алек. Кыздар ар кандай шартта зомбулукка кабылып жатат. Төрт жаштагы кыз энеси ооруканада жатканда өз атасынан жыныстык зомбулукка учураган. Энеси кошунаныкына куран окутканга барып келгенче келип-кетип жүргөн эркек беш жаштагы уктап жаткан кызын зордуктап кеткен. Энеси арак ичип жатканда чогуу ичип жүргөн адам уктап жаткан кызын зордуктап, талаага алып барып таштап койгон. Азыр "мунун баарын
өгөй ата кылып жатат" деген көз караш калыптанып жатат. Бирок мунун баарын бала-чакалуу үйдүн үстүнө келип жашап алган эркектер кылып жатат.

Өткөн жылдын соңунда Чүй облусундагы мектептердин биринде 7-класстын окуучусу - 13 жаштагы кыз көз жарып, куурчак ойной турган куракта өзү бала кучактаган. Маалыматка караганда, 13 жаштагы эне апасы жана өгөй атасы менен жашачу. Бул окуя билингенден кийин өгөй ата үйдөн чыгып кеткени айтылган. Жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашка барган окуяга байланыштуу тергөө иштери жүрүп жатат.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда ажырашкандардын саны жыл сайын тогуз миңге жетет. Бул кыйылган никелердин үчтөн бири кайра бузулат деген сөз. Адистер жаш бүлөлөр эки ажырым жолго түшүп, үй-бүлө институту жабыркап, миграция, жумушсуздук күчөгөн шартта анын кесепети балдарга тийип жатканын белгилеп жатышат.

"Данакер" үй-бүлөнү бекемдөө борборунун адиси Сүйүн Курманова мындай окуяларда биринчи бүлөнүн балдары жабыркаган учурлар көп болоорун айтты:

Сүйүн Курманова.
Сүйүн Курманова.

- Билинип-билинбеген менен социалдык чөйрөдө чоң коркунуч пайда болду десек болот. Ажырашуунун көбөйүшү, үй-бүлө баалуулуктарынын жоголуп баратканы буга себеп болууда. Үй-бүлө курулган учурда балдардын атасынын ойлогону энесине, энесинин ою атасыныкына туура келбей, бири-бирин күнөөлөп, орто жолдо балдары кыйналып жатышат. Ажырашууну оңой-олтоң көрүп, "жеңил-желпи эле экинчи турмуш куруп кетем" дешет. Азыр өз атанын балдарынын алдында жоопкерчилиги жок болуп жаткандан кийин өгөй атанын жоопкерчилиги такыр эле жок болот экен. Ошондон ал оюна келгенин кылып жатат. Эненин да көңүлү балага бурулбай, кайдыгер болгондуктан ушундай окуялар болууда. Балдарын өгөй атага таштап кеткен учурлар канча? Ич күйдүрүп, тынчсыздандырган маселе - зордуктоого укуктук жактан жумшак мамиле жасалып жатат. Өзгөчө чектен чыккан учурларда өлүм жазасын колдонгон туура деп ойлойм.

Ал эми журналист жана жарандык активист Жылдыз Бекбаева мындай учурлардын көбү жергиликтүү менталитеттен улам көмүскөдө калып жатышы мүмкүн деп болжойт:

Жылдыз Бекбаева.
Жылдыз Бекбаева.

- Акыркы кезде жүрөк титиреткен окуялар биринин артынан бири чыгып жатат. "Акыркы кезде көбөйүп кетти" деп айта албайм, болгону көмүскөдө калып келген. Азыр заман өзгөрдү, көп нерсе ачыкка чыгып жатат. Ошондо деле зөөкүрлөрдүн баары ачыкка чыгып, жазасын алып жатат дегенден да алысмын. Бизде менталитет башка. Биз канчасынын башы ачылып жатканын билбейбиз. Зомбулукка кабылган кыздын энеси, керек болсо жакындары, туугандары коркутуп, андан бетер жүрөгүнүн үшүн алып, "элге айтпа" деген учурлар бар. Ошондуктан кыздарды жаштыгына карабай, өздөрүн коргоого үйрөтүш керек. Балким ал тарбия үй-бүлөдө берилбей калышы ыктымал. Керек болсо бала бакчадан, башталгыч класстардан тартып психологиялык, моралдык, физикалык жактан өзүн коргоону үйрөтүш керек. Америка жана башка өнүккөн өлкөлөрдө ошондой сабактар бар.

Расмий маалыматтар боюнча балдарга жыныстык зомбулук көрсөткөн учурлар көбөйүп жатат. 2016-жылы балдарга каршы 400дөй кылмыш катталса, анын 30дан ашууну жыныстык мүнөздө болгон. 2017-жылы жарым жылда эле 400дөн ашык кылмыш катталып, анын 50дөн ашыгы жыныстык мүнөздө деп табылган.

Тартип коргоо органдары быйыл өспүрүм кыздарга же балдарга жыныстык зордук-зомбулук көрсөткөндөр же бачабаздык кылгандар көбөйгөнүн белгилешүүдө. Буга чейин андай зордуктоого баргандарды химиялык жол менен бычуу жөнүндө сунуштар айтылган.

Бириккен Улуттар Уюмунун 2016-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстан эрте никеге турган кыздардын саны боюнча Евразия чөлкөмүндө бешинчи орунда турат.

Р.S. Ички иштер министрлиги кокус жашы жете элек бала жоголуп кетсе, Бишкектеги 0312 43-71-68, 43-71-75 телефонуна чалууга чакырат. Зомбулукка кабылып, психикасы жабыркаган балага “Баланын укугун коргоочулар лигасы” жардам берерин, ал үчүн 44-25-10 номуруна чалса болорун билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG