Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:16

Атанын кордугу, так түшкөн тагдыр


Иллюстрация
Иллюстрация

Секелек эки кызын зордуктоого шектелген эркек камакка алынды. Кыздардын энеси изделүүдө.

Жети жана 11 жаштагы бир тууган эже-сиңди тууралуу ноябрь айында белгилүү болгон. Учурда кыздар Бишкектеги реабилитациялык борборго жайгаштырылганын Акыйкатчы институтунан кабарлашты.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча өз кыздарын зордуктоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө аяктап калды.

Аталган министрликтин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаевдин бул боюнча Кылмыш кодексинин 133-беренесинин негизинде иш козголгонун билдирди. Азыр тергөө жүрүп жатат. Осмонбаевдин айтымында, кыздардын энесине да издөө салынды:

- Кыздардын атасы ичет экен, аялы менен ажырашып кетиптир. Азыр аны эч жерден таппай жатабыз. Кыздардын бири психикалык жактан оор абалда балдар үйүнө жеткирилген. Ага медициналык жана психологиялык жардамдар көрсөтүлүүдө. Албетте ушунча жылдан кийин, жогорудагыдай окуядан соң аларды тергөө ишине аралаштыруу кыйын. Биз азыр социалдык кызматкерлер жана психологдордун жардамы менен тергөө жүргүзүп жатабыз.

Бул ишти өз көзөмөлүнө алган акыйкатчы үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын албаганы үчүн жергиликтүү бийликти, социалдык коргоо кызматын айыптап жатат. Акыйкатчынын адам укуктары боюнча бөлүмүнүн башчысы Алберт Колопов:

- Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кайсы жакты карап жүргөнүн ким билсин, айыл өкмөтү, аймактык милиция менен социалдык кызматтардын өкүлдөрү иш алып барышы керек эле. Балдарды энеси таштап кеткенин үч жылдан бери кантип билбейт? Чуулгандуу үй-бүлө экени, алардын абалы кантип эле угулбасын? Наристелердин мыйзамдуу өкүлү болушу керек, ата-энеси милдетин албаса анда мамлекет алардын мыйзамдуу өкүлү болуп коргошу керек да.

Акыйкатчы институтунун маалыматына караганда, кыздарды атасы зордуктап жүргөнүн чоң энеси билген. Бирок аны токтотууга аракет кылган эмес.

Ошого карабай кыздардын улуусу чоң энесинин колунда. Ага жергиликтүү социалдык кызматкерлер жана психологдор жардам көрсөтүп жатат. Кичүүсү Бишкек шаарындагы балдарга психологиялык жардам көрсөтүү борборлорунун бирине жайгаштырылды.

Укук коргоочулар үй-бүлөдө балдарды кордоо азайбай жатканын айтып, коңгуроо кагып келишет.

Зордукталса жан дүйнөсүнүн калыбына келиши, айыгышы абдан оор болот. Турмушка, келечекке ишеними жоголот. Кокус туура эмес мамиле кылып алсаң ошол замат сага шек саноосу ойгонуп, коркок болуп калат.
Таалайкүл Арзыматова

“Эне-бала” кризистик борборунун директору Таалайкүл Арзыматова учурда борбордо үйүнөн кордук көргөн 21 бала барын билдирди. Анын айтымында, жакындары басмырлаган балдардын аң-сезими жабыркайт:

- Балдар эң жакын адамдарынан, өзгөчө ата-энесинен мындай мамилени күтпөйт. Анысы аз келгенсип зордукталса жан дүйнөсүнүн калыбына келиши, айыгышы абдан оор болот. Турмушка, келечекке ишеними жоголот. Кокус туура эмес мамиле кылып алсаң ошол замат сага шек саноосу ойгонуп, коркок болуп калат. Психологиялык жактан айыгышы көп убакытты жана өтө аяр мамилени талап кылат.

Мындай көрүнүштөрдүн уланып жатышы коомчулук арасында да талкуу жаратып, өз баласына зордук көргөзгөндөргө катаал жазаларды колонууну сунушташууда.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG