Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Ысык-Көл: атасына сексуалдык зомбулук көрсөттү деп шектелген адам кармалды


Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда өз атасын сексуалдык аракеттер менен кыйнап жүргөн деген жарандын иши тергелип жатат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, Челпек айылынын 30 жаштагы тургуну мас абалында атасына сексуалдык кыйноо көрсөтүп келген. Аны жакындары билип калышып, быйыл августта милицияга кайрылышкан. Натыйжада кылмышка шектүү Каракол шаардык тергөө абагына камалган.

Азыркы учурда кылмышка шектүү көрсөтмө берип, тергөө уланууда. (AsM)

XS
SM
MD
LG