Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:36

Зомбулукту аныктоо ыкмалары кеңейтилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда гендердик зомбулук жана киши сатуу боюнча маалыматтарды чогултуунун жаңы системасы иштей баштады. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттарды жүгүртүүгө жана кылмыштуулукка каршы башкармалыгы Бишкекте өткөргөн жыйында айтылды.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин билдиргенине караганда, Улуттук статистика комитетиндеги, Ички иштер министрлигиндеги, Саламаттык сактоо министрлигиндеги, Жогорку соттогу жана кризистик борборлордогу статистикалык формалар кайра каралып чыгып, жаңыртылды.

Мындан ары зомбулуктун денени жабыркаткан гана түрү эмес, психологиялык, экономикалык да залакасы каттоого алынат. Ошондой эле кулчулукка кабылгандар тууралуу маалыматты жакшыраак талдоого шарт түзүлгөнү турат.

Жаңы ыкма боюнча жазылган алгачкы статистикалык баяндама келерки жылы жарыяланат. (RK)

XS
SM
MD
LG