Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Нарын: бешик кучактаган эселек


Иллюстрация
Иллюстрация

Нарын шаарында көз жарган 14 жаштагы өспүрүм кыз жана анын ара төрөлгөн ымыркайы азыр дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Бул окуяга байланыштуу Нарын облустук ишки иштер башкармалыгы бойго жете элек кызды алдап, зордуктаган деген шек менен 24 жаштагы жергиликтүү тургунду камакка алды. Милиция шектүү адам дагы бир 16 жаштагы кызды азгырып, намысына тийип жүргөн деп билдирүүдө.

Бойго жете элек кыз мындан жарым ай мурда кансырап, оор абалда Нарын облустук ооруканасына түшкөн. Андан бери дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, өткөн айдын 29унда операция жолу менен көз жарган. Учурдагы абалы тууралуу төрөткананын дарыгери Кундуз Карымшакова буларды айтты:

- Кыз кош бойлуу убактысынын 33-жумасында ден соолугуна байланыштуу операция жолу менен төрөдү. Учурда абалы жакшы, ал эми бала ара төрөлүп көзөмөлгө алынууда. Баланын абалы жакшырганда гана ооруканадан чыгарылат. Энеси ымыркайды жериген жок, өзү эмизип атат. Баланы караганга апасы жардам берүүдө, бул жактан чыккандан кийин да жардам берет.

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды. Бойго жете элек кызды зордуктоого шектүү катары Ат-Башы районунун 24 жаштагы тургуну кармалды.

Нарын облустук ишки иштер башкармалыгынын башчысы Ороз Молдосариевдин “Азаттыкка” билдиришинче, кылмышка шектүү адамга Нарын шаарында дагы бир 16 жаштагы кызды алдап, намысына тийип жүргөн деген доомат такталууда:

- Өзүн Умар деп тааныштырган 24 жаштагы жигит 14 жана 16 жаштагы кыздарды үйлөнөм деп алдап, убактылуу жашаган батирине алып барып зордуктап жүргөн. Бул боюнча "бирөө билсе, ата-энеңерге айтып салам" деп коркуткан экен. Биз иликтөө жүргүзгөндө Умар деген баланы табуу кыйын болду. Тергөөнүн жыйынтыгында Аскарбек аттуу кылмышка шектүү адам кармалды.

Бул аралыкта кылмышка шектүү тургун менен жаңы төрөгөн өспүрүм эненин ата-энеси жагдайдан чыгуунун аргасын издеп турган чагы. Маселен, кылмышка шектүү тургундун апасы Атыркүл мындай деди:

- Башымда ачуум менен уулумду урушкан элем. Кийин сүйлөшсөм, ал кыз менен ноябрь айында байланышта болуптур. Андан бери төрөшү мүмкүн эмес да. Азыр анализдерин эле күтүп атам. Эгер туура эмес чыкса, мен дагы кайрылчу жагыма кайрылам. Балам дагы мен эч нерседен коркпойм бардыгын айтып берем, бул кыздар өздөрү жабышкан деп жатат. Менин угушумча, бул кыздар көп балдар менен сүйлөшчү экен.

Он төрт жашында эне болгон кыздын апасы Бактыгүлдүн айтымында, кылмышка шектүү адамдын туугандары кыздын жакындарын колго алуу аракетин көргөн:

- Баланын ата-энеси кызым төрөгөндөн кийин келип атышат. "Балдар чогуу жашасын, кеткен чыгымдарды төлөп берели" дешти. Мен дагы бир туугандарым менен кеңешип көрөйүн дедим. Бирок кызым көңүлсүнбөй жатат. Баланы каматайын деген оюм деле жок, кызым да ич ара эле чечишип алалычы деп жатат. Алар "кызыңарды бергиле, төрөтканадан биз эле чыгарып кетели" дешти. Эми кызым өзү чечет да, эгер биздикинде эле болом десе, мен баласын багып берем. Кызым окуусун уланта берет.

Кылмыш кодексине ылайык, жашы жете элек өспүрүм менен жыныстык катнашка барган адам мыйзам алдында жоопко тартылышы керек. Акыйкатчынын Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн адиси Кусеин Өскөнбаев мындай деди:

- Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 131-беренесине ылайык, өз каалоосу менен болобу же эки тараптын макулдугу менен болобу, жашы жете элек адам менен жыныстык катнашка барган адам мыйзам алдында жоопко тартылышы керек. Анткени бала кыздын жаш экенин билип туруп ушул ишке барды. Бул жерде сүйлөшүп же бир кыргызчылык кылса дагы мыйзам жол бербейт.

Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова эне болгон кызга жардам берүү жагы караштырылып жатканын билдирди:

- Кыздын үй-бүлөлүк шартын толугу менен териштирдик. Биз жаш энеге каралашып турабыз. Баласынын саламаттыгын текшерип, тамак-ашына жардам беребиз. Үйү бар экен. Бирок жашоо-шарты начар үй-бүлө экен. Жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүп беребизби же башка жолун табабызбы аны кеңешип туруп чечебиз да.

14 жаштагы кыздын эне болушу Нарында быйыл биринчи жолу катталды. Былтыр 16 жаштагы кыз төрөгөндүгү маалым болгон эле. Расмий маалыматтарга караганда 13 жаштан 17 жашка чейинкилер арасында жылына эки жүздөй өспүрүм бойдон алдырат. 19 жашка чейинки куракта төрөгөндөрдүн саны боюнча Евразиядагы мамлекеттердин ичинен Кыргызстан 5-орунду ээлеген.

XS
SM
MD
LG