Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:39

Ара төрөлгөн балдар көбөйүүдө


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстанда төрөт көбөйгөнү менен ара төрөлгөн балдардын да саны жогорулоодо. Адистер буга энелердин кайдыгерлиги себеп болууда дешет.

Американын Аризона штатында 5-январда 33 апталык кош бойлуу аял ара төрөп, баласынын жүрөгү канды кайра айланта албаган кардиомиопатия оорусу менен жабыркары аныкталган.

Бир айдан кийин балага операция жасалып, Оливер Отто аттуу ымыркай дүйнөдөгү жүрөгү алмаштырылган эӊ жаш адам катары медицина тарыхына жазылды деп кабарлайт The Mirror гезити. Азырынча Оливердин өпкөсү ачылып, өз алдынча дем ала албагандан улам ооруканада кюветте жатат.

Бизде акыркы мезгилде төрөттүн саны кескин өскөнү менен америкалык Оливер сыяктуу ара төрөлүп, кюветте жаткан наристелер да көбөйгөн. Бул тууралуу Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун ымыркайларды жандандыруу бөлүмүнүн башкы дарыгери Айнара Дооронбекова "Азаттыкка" билдирди:

- Төрөт өзү көбөйүп жатат. Былтыркы эсеп боюнча өлкөдө 130 миӊ наристе жарык дүйнөгө келди. Төрөт көбөйгөн сайын ара төрөлгөндөр да арбууда. 2013-жылы биздин борбордо 4 миӊдей аял төрөсө, 2014-жылы 4 жарым миӊ аял көз жарды.

Улуттук Эне жана баланы коргоо борборуна ичиндеги баласында ар кандай өнөкөт оорулар же энеси оорулуу болгондор өлкөнүн туш тарабынан келип төрөйт. Биздеги ара төрөлүүгө биринчи кезекте кош бойлуу аялдын жоопкерсиздиги менен кайдыгерлиги түрткү болууда деди Дооронбекова:

- Биздин аялдар боюнда болгондо каттоого турбайт. Көбүнүн туруктуу жашаган жери жок. Бизге кайрылгандардын 80 пайызы батирде жашаган кыз-келиндер. Анан биздин кыргыз аялдарынын бир жаман адаты бар. Боюнда бар кезде курсагы менен айылчылай беришет. Былтыр жайында Таластан бир келин ичиндеги балдарга 22-23 апта болуп калганда Ысык-Көлгө эс алганы барыптыр. Элестеткиле, Таластан Ысык-Көлгө он сааттан ашуун жол жүргөнүн. Боюнан козголуп, бизге оор акыбалда келди. Үч эм кыз экен, ара төрөлүп, үчөө теӊ чарчап калды.

Адистердин айтымында, жылына 1 миллион наристе ара төрөлүп, чарчап калат. Эне болуу маселеси улуттук көйгөйгө айланып баратканын, жаштарды кичинесинен эле кош бойлуулук менен эне болууга үндөбөсө, ара төрөлгөн балдардын саны азайбасын эскертет.

Азыркы тапта кыргыз кыз-келиндеринин арасында эрте төрөп, өзү да, балдары да ооруга чалдыккандар арбыган. "15-16 жаштагы өспүрүм кыздар балдарын таштап, багуудан баш тартып жатышат" дешет адистер.

Кызга эне болорун тынбай эскертүү зарыл

Дарыгерлер ара төрөлгөн наристелердин арасында тубаса дүлөй, азиздер көп болорун эскертет. Дээрлик көбү өмүр бою майып болуп калат. 5-6-7 айлык түйүлдүктүн өпкөсү дем алуу үчүн ачыла элек болгондуктан мээге кычкылтек барбай, акыл-эси кем болуп калышы да ыктымал. Кыз-келиндер ара төрөбөшү үчүн А. Дооронбекова төмөндөгүдөй кеӊештерин айтты:

- Кыздар өзүн болочоктогу энемин деп эсептеп, айрыкча кыздуу болгон ата-эне жаштайынан эле анын саламаттыгына өзгөчө көӊүл бурушу керек. Өспүрүм куракта, айрыкча 15-17 жашта кишинин денеси али калыптана элек, психикасы да эне же ата болууга даяр эмес болот. Ошону ата-эне балдарына жакшылап түшүндүрүп, мектептерде эне болуунун маанисин окутуу керек. Кош бойлуу аял саламаттыгына көңүл буруп, дароо каттоого туруп, адистин кеӊешин алып турса жакшы болот. Ара төрөлүү менен оорукчан балалуу болуунун алдын алуунун жалгыз жолу ушул.

Медицинада ара төрөлгөн бала деп кош бойлуулуктун 37-аптасына чейин 2 килограммдык салмактан аз төрөлгөн ымыркайларды айтышат. Буга төрөй турган аялдын жашы 18 жаштан кичүү же 35 жаштан улуу болуусу, туура эмес тамактануу, ашыкча жол жүрүү, оор кара жумуш кылуу, бөйрөк оорулары, жугуштуу дарттар, чаржайыт жыныстык жашоо, боюнан алдыруулар себеп болот.

Ал эми кыргыз кыз-келиндеринин арасындагы ара төрөөнүн башкы себеби жеке саламаттыкка кайдыгер кароо болуп жатканын дарыгерлер тынбай айтышууда.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG