Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:38

Байытылган ун эне-баланы балээден сактайт


Ош базары. Бишкек.
Ош базары. Бишкек.

Адистер акыркы мезгилде акыл-эси кем, башында суу толуп кетип же салмагы аз, ара төрөлгөн балдардын саны барган сайын көбөйүп жатканын айтып, бул жалпы элдин келечеги үчүн кооптуу деп коӊгуроо кагышууда.

Мындай көрүнүштүн алдын алуу үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги эл аралык уюмдардын жардамы менен парламентке Кыргызстанда азык катары колдонулган ундун баарына фолий кычкылы, Б тобундагы витаминдердин тобу менен темир кошо турган кошумча байытуу ыкмасын киргизүүнү сунуштаган.

Мындай кадам менен адистер коомдо акыркы мезгилде көбөйүп кеткен эне жана бала өлүмүнүн эӊ негизги себеби болгон анемия, же аз кандуулуктун алдын алып, жетиштүү азыктанууга шарт түзүлөт дешет.

Улуттук Эне жана баланы коргоо борборунун директорунун орун басары, невролог-врач Нурмухаммед Бабажанов акыркы он жылда фолий кычкылынын жетишсиздигинен улам башына суу толуп төрөлгөндөр жана канда гемоглобиндин аздыгынан улам акыл-эси кем болуп төрөлгөндөр арбыганын айтууда:

- Акыркы жылдары, айрыкча он жылдын тегерегиндег акыл-эси кем балдар көбүрөөк төрөлүп жатат. Майып болуп төрөлгөндөр да арбын. Себеби, көбү убагына жетпей, ара төрөлөт. Экинчи орунда энцефалопатия менен ооругандар турат. Ал фолий кычкылынын жетишсиздиги жана аз кандуулуктан улам келип чыгат. Баланын акыл-эси убагында өрчүбөй, баш мээдеги кан тамырларга кычкылтек жакшы жетпегенден чыккан оору. Анан салмагы аз балдар да көп төрөлүп жатпайбы. 1200 грамм, 1300 грамм менен туулгандар бизде жатышат. Ошолордун баары кийин майып болуп же, акыл-эси начар өрчүйт.

Курсак ток, витамин жок

Азыркы тапта Кыргызстандын калкы биринчи жана жогорку сорттогу буудай унун сатып алат. Бирок Саламаттыкты сактоо министрлигинин туура тамактануу боюнча кеӊешчиси Жамиля Мадалбекова жогорку сорттогу унду чыгарууда буудай улам тазалана бергендиктен ортосундагы углевод гана калып, керектүү заттардын баары жок болуп кетерин айтты:

- Эмне себептен унду байытуу керек деген маселе чыгып жатат? Азыркы тапта буудайды тегирменге тартканда ал аябай тазаланып, ичиндеги өзөгү эле калат. Витаминдерге бай кабыгы улпакка кетет. Ал эми элдин көбү азыр жогорку сорттогу ундан нан жаап, тамак жасайт. Нан жеген адам курсагы ток болгону менен витаминдерден куржалак калууда.

Социалдык эпидемия эпкини

Кыргызстанда акыркы мезгилде энелердин төрөт учурунда жана төрөттөн кийин каза болуп калуусу көйгөйгө айланган. Мунун башкы себебин адистер аялдар арасындагы аз кандуулуктан көрүшөт. Атургай акыркы убакта ал социалдык эпидемияга айланганын айтышат.

"Азыркы учурда төрөттөн улам каза тапкан аялдардын дээрлик 40 проценти канда темирдин жетишсиздигинен улам каза болуп жатат. Муну алдын алуу үчүн нанды фолий кычкылы, Б тобундагы витаминдер жана темир менен байытуу зарыл",- дейт Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Анарбек Алимахунов:

- Азыркы тапта төрөттөн каза болгон энелердин 40 проценттен көбү аз кандуулукка чалдыккан. Балдардын 60 пайыздан көбү ушундан улам чарчап калууда. Сандар өзү эле айтып жатпайбы, аз кандуулук азыр бизде улуттук көйгөйгө айланды. Аны чечүүнүн арзан жана оңой жолу - унду байытуу. Же болбосо унга керектүү витаминдерди кошуу менен бул кыйынчылыкты жеңе алабыз.

Жалпы эл жана ун сатуучулар азыркы тапта маалымат жетишсиз болгондон улам унду байытуу менен аз кандуулук кыйынчылыгын чечсе болорун түшүнбөй жатат. Бул маселе парламентке чейин көтөрүлгөнү менен азырынча толук чечиле элек. Ошентсе да азыр базарларда айрым тегирменчилер ыктыярдуу түрдө байыткан ундар бар. Аны базардан айырмалоодо капка тагылган эн белгиде “байытылган” деген кызыл белгиси болорун айтты адис Мадалбекова.

Унду байытууда ага фолий кычкылы, Б тобундагы витаминдер жана темир заты кошулат. Эненин ичиндеги түйүлдүк жаӊыдан өрчүп жатканда бул заттар жетишпесе, баланын оорукчан төрөлүп калуусу ыктымал. "Гидроэнцефалопатия, акыл-эстин кем болуусу жана темир жетишсиздигинен улам аз салмакта же маалына жетпей ара төрөлүү жана мээнин кычкылтек менен аз камсыз болуусунан улам келип чыккан энцефалопатия илдетинин пайда болуусуна дал ушул көйгөй себеп",- дешет адистер.

Дүйнөлүк практикада өнүккөн өлкөлөрдө унду жана башка азыктарды керектүү витаминдер менен байытуу колго алынган. Маселен Америка, Канада бул багытта азыр да жигердүү иш алып барып жатат дейт адис Мадалбекова.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG