Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:26

Балдарыңыздын саламаттыгын ойлосоңуз...


Жалал-Абад облустук репродуктивдүү саламаттыкты сактоо борбору жаштарды эрте үйлөнбөөгө чакырды.

Жалал-Абадда балакатка жете элегинде турмуш курган жаштар жок эмес. Облустук репродуктивдүү саламаттыкты сактоо борборунун башкы дарыгери Айнура Давлетова үй-бүлө күтүү, бала багууну үйрөнбөй туруп, турмушка эрте чыккан кыздардын ден соолугу кыйла мүчүүрүн айтты.

Дарыгердин белгилешинче, былтыр төрөгөндөрдүн арасында он төрт жаштагы кыз да болгон. Ал эми 15-16 жашында көз жарган келиндер кош бойлуу чагында жана төрөт маалында ооруга чалдыгышкан. Натыйжада ара төрөлгөн бөбөктөр катталган.

Дарыгер маалынан эрте турмуш күтүү - жаштардын өз ден соолуктары менен улут келечегине зыяндуу, алардын турмушка даяр эместигин ырастаарын билдирди. "Бойго жетпеген кыздарды ала качып, зордоп үйлөнүү жөрөлгөлөрү уланууда", - дейт ал:



Кыздардын турмушка эрте чыгуусун Назгүл Абдазова аттуу кыз жактаган жок. Анын оюнда, келечегин ойлонбой баш кошуунун айынан жаштар арасында ажырашуулар көп:



Жигиттердин бири Сталбек Сулайманов курдаштарынын бир нече заманбап кесип үйрөнүп, жашоого жетиштүү байлык топтоп, үй-бүлөсүн эч нерседен кем кылбай багуусун, сүйлөшкөн кызына үйлөнүүсүн туура көрөт:

- Үйлөнө элекмин. Жыйырма беш жаштан өткөндөн кийин үйлөнсөм деп ойлойм. Жигиттер үчүн үй-жайлуу болуп, турмушта кыйналбагыдай болуп, жашап кетүүгө көзү жеткенде үйлөнгөн дурус.

"Кыздар качан турмушка чыгыш керек" деген сурообузга Орозгүл Кадырова:

- Мен он тогуз жашымда күйөөгө тийгем. Кыздар өзү кааласа, 19-20 жашында турмушка чыкса боло берет.

Облустун Кара-Алма айылынан кесиби медициналык кызматкер Гүлайым Чойбекова эрезеге жеткенде үйлөнгөн балдарынын ынтымактуу жашаганына кубанууда:

- Кыздар ак-караны ажыратып, бала багууга, үй-бүлөлүк турмушта күйөөсү менен бирге алып кеткенге жараганда, он сегиз жаштан өткөндө турмушка чыкса эң жакшы болоор эле. Балдар 25-27ге чыкканда үйлөнсө болот. Кичүү уулумду 27 жашка чыкканда үйлөндүрдүк. Өзүм турмушка окуу жайды бүткөндөн кийин 22 жашымда чыккам.

Үй-бүлө түптөөрдө жетимиш өлчөп, ага ылайык кам көрүп, келечекке бой таштаган терең акылдуу, илим-билимдүү, маданияттуу кыз-уландарыбыз улуттун ден соолугун эзели унутпаса керек.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG