Бул жыл сайын 7 миңдей кыз өспүрүм курагында турмуш босогосун аттайт дегенди билдирет. Былтыр жашы жете электерге диний нике кыюуга тыюу салган мыйзам кабыл алынгандан бери эмне өзгөрдү? Кыздарды эрте турмушка берүүнүн кесепети кандай болот?
Биздин каарман Кайыргүл (аты өзгөртүлдү) балдар дарыгери болгусу келчү. Өз клиникасын ачып, көп адамдарга жардам берем деп кыялданчу. Дүйнөнү кыдырып, жок эле дегенде беш тил билем деген тилегине да жеткен жок. Анткени ал 9-классты бүтөрү менен ата-энеси жактырган адамга турмушка чыгып, түтүн булатууга аргасыз болгон.
Парламент "жериген" нике мыйзамы
Парламент "жериген" нике мыйзамы
Айрым пикирлер боюнча, депутат Аида Салянова сунуштаган мыйзам долбоор, көп аял алууга жолтоо болмок.
Жашоонун оош-кыйышына, кайын-журтка туура мамиле кылууга даяр эмес, эне сүтү оозунан кете элек ойноок кыз жыл айланбай ажырашкан. Эми анын баягы кыялдары жок, күнүмдүк жашоо менен алпурушкан көпчүлүк кыргызстандыктардын арасына сиңип кетти.
Андан бери 3-4 жыл өтсө дагы биздин каарман ал күндөрдү эстегиси келбейт. Өз турмушу тууралуу азыноолак гана айтып берүүгө макул болду.
- 9-классты бүткөн болчумун. Жуучу болуп динди түшүнгөн адамдардан келген болчу, кийин билсем ал биринчи жолу да үйлөнгөн экен. Ошого ата-энем өздөрү макул болгон, мен аны бир эле жолу көргөм. Кийин ата-энемдин айтканы боюнча турмушка чыкканмын. Турмуштун шарты оор экен, кийин кайненем ар кандай шылтоолор менен жасаган ишимден айып таап, бизди көп жашаткан жок. Анан боюмда болуп калып, 8 ай болгондо ата-энемдикине келгенге аргасыз болдум.
Тилекке каршы, биздин каарман турмуштун сыноосуна өтө эрте кабылган ондогон секелектердин бири гана. Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда жалпы никеге тургандардын 13 пайызын ушундай жашы жете электер же 18 жашка чейин турмуш кургандар түзөт.
Насыя үчүн кызын берип...
Бириккен Улуттар Уюмунун 2016-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстан эрте никеге турган кыздардын саны боюнча Евразия чөлкөмүндө бешинчи орунда турат. Ал эми КМШ өлкөлөрүнүн статистика комитетинин маалыматына караганда, 15-19 жашында көз жаргандар боюнча Кыргызстан Азербайжандан кийинки эле экинчи орунда.
Жергиликтүү менталитеттен улам, көптөрү "кыздын барар жери күйөө", "отурган кыз ордун табат" дешип кыз баланы эртерек турмушка берүү туура деп эсептешет. Күйөөгө тийчү кыздын пикирин сурабай, каршы чыккан кыздарды чоң-энелер, апалар "күйөөгө тийбей, аял алат белең" деп тыйып койгон учурларды көп эле кыздар айтып жүрүшөт.
Кыргызстандагы Кризистик борборлор ассоциациясынын өкүлү Диана Мамекова кыздарды эрте турмушка берүү аларды билимден өксүтүп, ден соолугуна залака тийгизип, психологиялык жактан чүнчүтөт деп эсептейт.
- Кыздарды эрте турмушка берүү айыл жергесинде жана Кыргызстандагы башка улуттарда бар экени белгилүү. Өзбек, дунган улуттарында кыздарын 18 жашка жеткирбей эле күйөөгө берген маалыматтар бар. Көпчүлүк үй-бүлөлөрдө каражаттын жетишпегендигинен же кыздарды турмушка берип, алардын үй-бүлөсүн куруп, эрте кутулгандык сыяктуу мамиле болуп жатат. Айрым учурда ата-энеси тарабынан "насыя төлөш керек, акча керек" деген да сөздөр айтылган учурлар болгон. Бирок муну "ошон үчүн кызын берди" деп далилдеш кыйын. Ошентсе да жарды, билими тайкы, динге берилген үй-бүлөлөрдө ушундай учурлар бар.
Ушундан улам секелек кыздар өздөрү да окууга көңүлү бузулуп, турмуштун жүгүн көтөрүүгө эрте даяр болуп, муну өзүнүн жетишкендиги катары көргөндөр да жок эмес. Соңку учурда ушундай көрүнүштү байкап жүргөнүн түштүк жергесинде сулуулук салонун иштеткен айым да айтып берди.
- 15-16 жаштагы кыздар деле ыраазы болуп эле келишет. Эми фата-көйнөк кийип жатканда баары эле сүйүнүп кетип жатышат. 2-3% ата-энесинин айтканы менен кетип жатышат, калганы баары сүйүшүп, жигиттери келип алып кетип жатышат.
"Амалдуулар" жол тапты...
Өспүрүм курактагы нике деген - бул кыздардын 18 жашка толо электе, 9-11-класста окуп жаткан учурунда эле турмуш куруп кетиши.
Кыргызстандын мыйзамдарында кызды жашы жете элек куракта, тагыраагы 18 жашка чейин мажбурлап күйөөгө берүү, ала качуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Мындай шартта нике күбөлүгүн алып расмий катталбай эле, мыйзамды кыйгап өтүп диний жөрөлгөлөрдү жасап, молдого нике кыйдырып алып жашаган “амалдуулар” да жок эмес. Ушундан улам 2016-жылы жашы жете электерге диний нике кыюуга тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Мындан эмне өзгөрдү?
Кыргызстандагы "Аялдарды колдоо борбору" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Бакен Досалиева ушул мыйзам тууралуу көбүрөөк маалымат таратуу зарылдыгын белгилеп жатат:
Кээ бир жерде молдо кыздын паспортун сурап, өзүндө жок болсо "Вотсап" аркылуу салдырган учурлары бар экен.
- Азыр гана элге маалымат жетип жатат. Биз барган жерлерде мыйзам чыккандан кийин имамдар кыздын жашын сурап,18ге чыга элек болсо никесин кыйбай койгон учурлар болуп жатканын айтып жатышат. Кээ бир жерде молдо кыздын паспортун сурап, өзүндө жок болсо "Вотсап" аркылуу салдырган учурлары бар экен.
Учурда аталган бирикме жашы жете электерге диний нике кыюуга тыюу салган мыйзам тууралуу коомдук транспортто жана такси колдонуучулар арасында маалымат жеткирүү боюнча акциясын өткөрдү. Бул үчүн 40тан ашуун таксист атайын окуудан өткөн. Бул иш-чаранын катышуучусу, айдоочусу Азамат Кулалыев атайын окуудан өтүп, мыйзам тууралуу көп кишилердин маалыматы жок экенин билдирүүдө.
Бакен Досалиева кыздарды эрте турмушка берүүдөн мамлекет көп нерседен утулат деп эсептейт. Анын пикиринде, балдары билимдүү, тарбиялуу болушу үчүн эне өзү билимдүү болушу керек.
“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясына караштуу өспүрүм курактагы никелердин алдын алуу долбоору өлкөнүн түштүк аймактарында, Талас, Чүйдө изилдөө жүргүздү. Анда кызын 14-17 жашында күйөөгө берүү мурда өзбек тектүү жарандар көбүрөөк жашаган же диний көз караштар үстөмдүк кылган айылдарда болсо, азыр өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында кездешип жатканы белгиленген. Көп учурда бул ата-эненин макулдугу менен болгондуктан, кыздар өз укуктарын коргош үчүн атайын органдарга кайрылбайт, укугу бузулуп жатканын деле билбейт.