Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:17

Ысык-Көлдө кыз ала качуу фактылары тосмо арыз менен токтотулган


Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгына 2017-жылы кыз ала качуу боюнча 34 арыз келип түшкөн.

Алардын ичинен үч факты боюнча гана кылмыш иши козголуп, эки иш тараптар элдешип алганы үчүн токтотулган.

Ал эми быйыл ушул убакка чейин тогуз арыз келип түшүп, тосмо арыздын негизинде бирине да иш козголгон эмес.

Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

- Көбү кайра баш тартышат. Арыз жазышат, андан кийин кайра тосмо арыз менен кайрылышат. "Кыз отуруп калды. Макул болуп жашап кетишти" дешет. Негизинен ата-энелер же кыздын туугандары жазат.

27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызын ала качып бараткан киши аны мыкаачылык менен бычактап өлтүрүп, андан кийин өзүнө кол салган. Кандуу окуя Кыргызстандагы кыз-келин, аялдардын укуктарынын сакталышын, кыз ала качуу маселесин күн тартибине койду. (TSh/AsM)

Акын Мирлан Самыйкожонун "Кечир бизди, Бурулай!" акциясында окуган ыры. 9-июнь, 2018-жыл

XS
SM
MD
LG