Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:46

Былтыр ала качуу үчүн бир киши абакка кесилген


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2017-жылы кыз ала качууга айыпталган бир гана адам беш жылга кесилген. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында жарыяланган маалыматта айтылат.

Кыз ала качуу боюнча былтыр 28 иш сотко жөнөтүлүп, 11 айыпталуучунун иши кыскартылган. Ал эми 16 адам шарттуу кесилсе, бир гана айыпталуучу беш жылга соттолгон.

Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстанда акыркы учурда аялдарга жана балдарга карата зомбулук күчөп жатканын билдирген эле. Премьер-министр эл аралык уюмдардын маалыматтарына таянып, мындай аракеттерди токтотуш үчүн мамлекеттик органдардан кесин чара көрүүнү талап кылган.

Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги кыз ала качууга жазаны күчөтүп, Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылып жатат.

XS
SM
MD
LG