Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:40

Дагы бир ала качуу боюнча иш козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте дагы бир ала качуу фактысы катталды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова жана ала качууга кабылган кыздын жакындары айтып чыкты. Туугандарынын айтымында, зордуктоого кабылган жабырлануучу ушу тапта бейтапканада жатат.

Жыйырма жаштагы Айзат карачечекей сиңдиси кабылган окуяны көзүнө жаш толо айтып берип жатты. Айзаттын айтымында, окуя 10-июнда кечке маал Бишкектеги Ак-Ордо жаңы конушунда болгон. Анын он сегиз жаштагы сиңдисин алар ижарага алып жашап жаткан батирдин ээсинин баласы Нарын облусунун Жумгал районуна алып качкан:

Жабырланган кыздын эжеси.
Жабырланган кыздын эжеси.

- Биз ала качып кеткен баланын үйүндө жашачубуз. Эки ай болгон. Баланы буга чейин бир эле жолу көргөнбүз. Кийин окуя болгонго чейин үч-төрт күндөй үйдө жаткан. Ошол күнү анын эжеси келип, сиңдимди "баштык көтөрүшүп койчу" деп чакырыптыр. Атам үйдө болчу, биз жумушта болчубуз. Эжеси, иниси, айдоочу сиңдимди ала качып кетишиптир, Жумгал районуна. Чалып, "ачуу басар барат" деп кабарлашты. Макулдугубузду бербей койсок, жок болуп кетишти. Биз түнкү эки жарымда арыз жазып, ошондо гана сиңдим менен сүйлөштүк. Ал "отурбайм" деп ыйлады.

Жабырлануучу кыздын аты-жөнүн туугандары коомчулукка жарыялагысы келген жок. Болгону ал үйдөгү беш бир туугандын ортончусу экенин айтышты. Бул кыз да жакында эле ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызы окуган Бишкектеги медициналык коллеждин студенти экен. Анын эжеси сиңдиси зордукталганын, ушул тапта 4-шаардык ооруканада дарыланып жатканын билдирди:

- Веналарын кысып, колдору тытылган, көк ала. "Веналарым ооруп жатат" деп, азыр ал ооруканага жаткырылды. Биздин уруксатыбыз жок, кыздын макулдугу жок, күч колдонуп зордукташкан. Бөлмө сыртында ата-энеси туруп, кыйкырса да эч ким жардамге келген эмес.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адылбек Оморов “Азаттыкка” бул факты боюнча 155-берене ("Ала качуу") менен кылмыш иши козголгонун маалымдады. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык "Зордуктоо" беренеси менен кошумча кылмыш ишин козгоо маселеси да караларын айтты:

- Бул окуяга байланыштуу 1994-жылы туулган А.Н. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга эки айга камалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Аны Ленин райондук ички иштер бөлүмү жүргүзүүдө.

Ала качууга кабылган кыздын жакындары жардам сурап "Кылым шамы" укук коргоо уюмуна кайрылышкан. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова ишти калыс иликтөөнү талап кылып, бийлик өкүлдөрүнө кайрылды:

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

- Камакка алынган бир эле бала экен. Бурулайдын окуясы кайра кайталанып жатат. Айдоочу ким - ал бизге белгисиз. Окуяга катышы бар эжеси да бош жүрөт. Кайра булар ал үй ээлерине көз каранды болуп жатышат. Алар келип алып "үйдү бошоткула, эмне эле болуп жатасыңар" деп жатышыптыр. Ушул тапта тергөө иши Бишкекте козголгон экен. Бирок, Бишкекте ала качуу катталса, дагы бир кылмыш Жумгалда болуп жатат. Ошол баланын ата-энесинин үйүндө болуп жатат. Жумгалда да иликтөө иштери жүрүш керек. Ал баланын туугандары кылмышка шериктеш катары жооп бериши керек.

27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Медициналык коллеждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызы ала качууга дуушар болуп, кийин милициянын имаратында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Аны ала качып, өлтүрдү деп шектелген жаран өзүнө да кол салган.

Кандуу окуя Кыргызстандагы кыз-келиндердин укуктарынын сакталышын, кыз ала качуу маселесин күн тартибине чыгарды. Буга байланыштуу Бишкек шаарында, Каракол жана Ош шаарларында кыздардын укугун коргоого чакырган ар кандай акциялар уюштурулду. Акыркы үч жыл ичинде ала качууга кабылган 80ден ашык кыз укук коргоо органдарына кайрылган. Бирок күнөөлүүлөр жазага тартылган факт боло элек. Укук коргоочулар катталган фактылардын, арыз-даттануулардын көпчүлүгү тергөө учурунда кыскартылып, сотко жетпей каларын белгилеп жатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG