Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

Бурулайдын ишин иликтөө создукту


Бурулай Турдаалы кызынын зыйнаты.
Бурулай Турдаалы кызынын зыйнаты.

16-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдын атасын кабыл алууну ички иштер министрине дайындады. Кандуу окуядан бери дээрлик эки ай өтсө да талаштуу жагдайларга чекит коюлбай келатат.

Ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызынын ишин өзү көзөмөлгө алганын айткан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 16-июлда ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Бурулайдын атасы менен жолугуп, анын жүйөлөрүн угууну тапшырды.

Ошентсе да укук коргоочулар өкмөттү "бул окуяга көңүлкош мамиле кылып жатат" деп сындап жатышат. Алар премьер-министр өзү буйрук бермейинче министр жабырлануучу тарап менен жолугуп, алардын арыз-муңун укпай келгенине нааразы. Бул тууралуу пикирин укук коргоочу Рита Карасартова "Азаттыкка" мындайча билдирди:

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

- Бурулайдын окуясы коомчулукта чоң резонанс жаратты. Негизи бул маселе “Эмне үчүн карабай жатасыңар?” дедиртпей эле туура жагына чечиле турган иш болушу керек болчу да? Себеби кызга бандиттер кол салган жок да? Бурулайдын өмүрү тоо-талаада эмес, милициянын имаратында кыйылып жатпайбы. Бүгүн "жаңы бийлик келди, жаңылануу болот" деген үмүт акталбай эле келаткандай сезим калтырууда. Эгер бул окуя туура багытта чечилбесе, укук коргоо органдарына "биз мурункудай эле иштей беребиз" дегенге шарт түзүлөт.

Бурулай Турдаалы кызынын ата-энеси жана жакындары маркумдун денесине жасалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна макул болбой, кыздын көкүрөгүндөгү жаракат боюнча дарыгерлердин бүтүмү туура эмес экендигин айтып чыгышкан. Ошол себептен алар кыздын сөөгүн эксгумация кылып, кайра текшерүүнү талап кылып Ички иштер министрлигине кайрылган. Министрлик өтүнүчтү үч күндөн кийин канааттандырган, бирок азырынча Бурулайдын жакындары Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун тыянагын күтө турган болуп, сөөктү казып алуу маселесин токтото турууну чечкен.

Анткени менен Бурулайдын денесиндеги тактар бычак менен кесилгени далилденген күндө да айыпталуучунун жазасы өзгөрбөй турганын “Азаттыкка” Чүй облустук милициясынын тергөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Жыпара Исакбаева билдирди.

- "Эгер "чийимдер бар болгон" деп бүтүм чыкса, кандай кошумча баа берилет?" деген суроо жаралууда. Бүгүнкү күнү чогулган иш материалдарынын негизинде бул факты далилденсе да, ал кылмыштын квалификациясына таасирин тийгизбейт.

Талаштуу жагдайлардын чын-төгүнүн аныктоо максатында 11-июлда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы иш материалдарын райондук соттук-медициналык экспертизадан Республикалык экспертиза борборуна өткөрүп берген. Азыркы учурда Бурулайдын денесиндеги тактардын табиятын бир катар адистерден турган экспертизалык комиссия иликтеп жатат. Анын мүчөлөрү Бурулайга колдонулган дефибриляторду кайсы бир өлүккө колдонуп, кандай так калаарын аныкташ үчүн тергөө экспериментин өткөрүүгө да даярдык көрүп жатышканын айтышууда.

Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун комиссиялык комплекстик экспертиза бөлүмүнүн башчысы Асипа Ибраева “Азаттык” менен болгон маегинде кыздын денесиндеги тактар жүрөктү кайра жандандыруучу аппараттан (дефибрилятор) калган болушу толук ыктымал деген оюн айтты.

- Бурулайдын денесиндеги так чындап эле “Н” тамгасына окшошуп кетет экен. Экспертизанын кагаздарында "Бурулай ооруканага келип түшкөндө ал клиникалык өлүм абалында болгон" деп жазылыптыр. Дарыгер кандай болгон күндө да анын жанын сактап калыш үчүн колунан келген амалын кылууга милдеттүү. Биз азыр "мүмкүнчүлүк болсо тергөө экспериментин жүргүзсөк" деп тергөөчүлөргө айтып жатабыз. Азырынча эксгумация жөнүндө сөз жок, себеби биздин колубузда дисктер бар. Комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгын жобого ылайык 11-августка чейин даярдап берүүгө тийишпиз. Бирок балким ага чейин деле тыянак чыгарып калышыбыз толук мүмкүн.

Бурулайды биринчи жолу ала качуу аракети боюнча 4-июнда дагы бир кылмыш иши ачылган. Жайыл райондук прокуратурасы милиция кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгү ("Өз ишине шалаакы мамиле") менен кылмыш ишин козгогон. Бул иш боюнча тергөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө башкармалыгы жүргүзүүдө.

Ал арада социалдык тармактарда кыз-келиндердин укугун коргоого, зомбулукту токтотууга арналган акция өтүп жатат. Ага Кыргызстандагы белгилүү ырчы, медицина кызматкери, теле алып баруучу жана жарандык активисттер катышууда. Акыркы үч жыл ичинде ала качууга кабылган 80ден ашык кыз укук коргоо органдарына кайрылган. Бирок күнөөлүүлөр жазага тартылган учур боло элек. Укук коргоочулар катталган фактылардын, арыз-даттануулардын көпчүлүгү тергөө учурунда кыскартылып, сотко жетпей каларын белгилеп жатышат.

Кыргызстандын мыйзам жоболоруна ылайык кыз ала качуу боюнча айыптуу деп табылгандар жети жылга чейин эркинен ажыратылат.

Ала качуу: Кечир, Бурулай!
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:38 0:00

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG