Линктер

бейшемби, 15-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:33

Зомбулук - коомдун вирусу


Иллюстрация.

Борбор Азия мамлекеттеринин адистери кыз-келиндерге каршы зомбулукту биргелешип жок кылууга чакырууда.

"Үй-бүлөдөгү зомбулук - вирус сыяктуу". "Аны менен терроризмге каршы күрөшкөндөй эле күрөшүү керек".

Бул пикирлер Бишкекте 6-ноябрда өткөн "Саясий чечимдерден аракетти карай. Борбор Азиядагы аялдарга жана секелектерге каршы гендердик зомбулукту жок кылуу” деп аталган эл аралык жыйында айтылды.

Иш-чарага чөлкөмдөгү 60тан ашуун ушул багытта иштеген адистер чогулуп, кыз-келиндерге каршы зомбулукту биргелешип жок кылууга чакырды.

Изилдөөлөргө караганда, дүйнөдө ар үчүнчү аял өз жакындарынан запкы көрөт. Борбор Азия мамлекеттеринде зомбулукка каршы мыйзамдар кабыл алынганы менен маселе дагы эле актуалдуу бойдон калууда.

Буга чейин Кризистик борборлор ассоциациясы өз иликтөөсүнө таянып, Кыргызстанда ар бир экинчи аял күйөөсүнөн таяк жеп же зордук-зомбулуктун башка, экономикалык, психикалык түрлөрүнө кабыларын жарыялаган. Бирок укугу бузулган бардык эле кыз-келиндер тартип коргоо органдарына кайрыла бербейт.

Мындай шартта коомдук пикирди түзүп, аны күчтөндүрүү, бириктирүү зарыл экенин экс-президент Роза Отунбаева белгилеп жатат.

Анын айтымында, бул багытта иш алып барган эксперттердин күчүн пайдалануу мезгил талабы. Мындан сырткары зомбулуктун себептери менен кесепетин терең изилдеп, анын натыйжасында чечүү жолдорун табуу зарыл.

Роза Отунбаева.
Роза Отунбаева.

- Бул жалаң эле аялдардын иши эмес да. Коомдо болуп жаткан зомбулук - үйдөн башталат. Атасы энесин күн сайын уруп жатканын көрүп чоңойгон бала кийин өзү да ошону кайталап жатпайбы. Ушунун негизинде коомдо да зомбулук өсүп жатат. Башкача айтканда, бул вирус, жугуштуу оору сыяктуу. Биз ар бир үй-бүлөдөн башташыбыз керек деп жатам. Азыр Кыргызстандагы 50 окуу жайдын жок дегенде биринде гендердик кафедра болушу керек. Ал жакта изилдөөлөр жүргүзүлүп, санын көрсөтүп дегендей. Ушундай нерселерди жасабасак баары эле үстүртөн болуп калат. Ошондон анан мыйзам ченемдүүлүк келип чыгат.

Отунбаева үй-бүлөдөгү зомбулуктун кесепети оор болорун жана ири чыгымды алып келерин белгилеп жатат. Ошондой эле саясаттан ишке өтүп, бул көйгөйдү артыкчылыктуу багыт катары кабыл алуу үчүн өкмөттө саясий эрк талап кылынат.

Бириккен Улуттар Уюмунун төрт агенттиги уюштурган иш-чарага катышкан вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жашына, жашаган жерине, билим деңгээлине, мүлкүнө же социалдык статусуна жана башка социалдык-демографиялык айырмачылыктарга карабастан адамдар зомбулукка кабылышы мүмкүн экенин белгиледи.

Анын айтымында, Жазык-процессуалдык мыйзамдарды реформалоонун натыйжасында 2019-жылдын 1-январынан тарта үй-бүлөлүк зомбулук административдик бузуудан кылмыштык укук бузууга которулат.

Ал эми Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит үй-бүлөдөгү зомбулук Кыргызстанда эле эмес, өнүккөн, адам укуктары сакталган өлкөлөрдө да кездешет. Ошондуктан зомбулук менен терроризмге каршы күрөшкөндөй эле күрөшүү керек деп эсептейт:

Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит.
Британиянын Кыргызстандагы элчиси Робин Орд-Смит.

- Үй-бүлөлүк зомбулук бир гана Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдө да орчундуу проблемалардын бири. Бул терроризм сыяктуу эле чоң көйгөй. Ошондуктан үй-бүлөлүк зомбулукту кыскартуу үчүн ырааттуу, үзгүлтүксүз иш алып баруу зарыл. Мыйзамдарды кабыл алып коюу жетишсиз, аны ишке ашыруу керек. Британияда милициянын бергени отчетунда зомбулукка кабылган аялдар 10% түзөрү көрсөтүлгөн. Бул абдан көп көрсөткүч.

Эл аралык иш-чарада ала качуунун курмандыгы болгон Бурулайдын окуясы да козголду. Бул окуяга бийлик башындагылар көңүл бурган менен ала качуу фактысы дале токтой элек. Ар кандай изилдөөлөрдө Кыргызстанда орто эсеп менен никенин 20% ала качуунун же кыздын каршылыгына карабастан куралары белгиленген.

Түркмөнстан Борбор Азияда жабык өлкөлөргө киргендиктен адам укуктарынын абалы көп айтыла бербейт. Бул өлкөдөн келген Аялдар бирикмесинин өкүлү Бахар Сардарова ала качуу бул өлкөдө кездешпей турганын айтып жатат. Анын белгилешинче, үй-бүлөдөгү чыр-чатакты сотко жеткирбей чечүүдө улуу муундун ролу чоң.

- Ала качуу бизде жок, андай болгон учурда абакка отурат. Кызды турмушка берүүдө ата-эне тарабынан эч кандай зордоо болбойт. Зомбулуктун башка түрлөрү да жок деп айтсак аша чапкандык болуп калат го. Бирок мыйзам жагынан биздин аялдар зомбулуктун бардык түрлөрүнөн корголгон. Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдөй эле мындай учурлар көп коомчулукка чыга бербейт. Бирок бизде улуулардын таасири чоң. Ушундай учурларда сотко жеткирбей эле чечип коюшат.

Ал эми Тажикстанда ортомчулук кылуу, медиация практикасы жакшы колдонулуп келет. Тажикстандагы Юрист аялдардын коомдук бирикмеси лигасынын директору Хамида Каноабдын белгилешинче, өлкөдө кыздарды эрте турмушка берүү маселеси курч турат.

- 21-кылымда ала качып үйлөнүү бар экенин угуп биз аябай таң калып турабыз. Дагестан, Чеченстанда бар деп укканбыз, бирок азыркы заманда мындай көрүнүштүн болгону нонсенс. Кыздар да сүйүүгө, болочок жолдошун тандоого укугу бар адам. Биз буга жол бербешибиз керек. Бизде ушундай көрүнүш жок болгону менен эрте куракта турмушка берүү көрүнүшү бар. Ошол менен күрөшүп жатабыз. Бизде медиация жакшы иштейт. Ажырашуу, мүлкүн бөлүштүрүү жана башка көйгөйлөр менен 100 киши кайрылса кырк адамдын маселеси ушул жол менен чечилет. Мындан сырткары аялды, келген келинди күң катары караган, күйөөсүн эле эмес, бүтүндөй үй-бүлөгө кызмат кылат деген көрүнүш дагы актуалдуу. Муну балдар кичине кезинде, үйдөн башташыбыз керек. Балдар апасын кандай жакшы көрөт. Кыздар да болочоктогу апалар экенин түшүндүрүшүбүз керек. Мен дагы үй-бүлөлүк зомбулук үчүн мыйзамды катаалдатууну колдойм, бизде да мыйзам бар, бирок ал алдын алуучу мүнөздө.

Статистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 3 млн. 155 миңге жакын аял жашайт. Бул өлкө калкынын теңинен көбүн түзөт. Ар кандай сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, 15-49 жаштагы үй-бүлөлүү аялдардын 25% зомбулуктун кайсы бир түрүнө кабылганын айтышкан.

Бул ар бир төртүнчү аял зомбулукка кабылат дегенди билдирет. 7% аялдар кош бойлуу кезинде зомбулукка дуушар болушкан. Ал эми турмушка чыккандардын 12% 18 жашка чыга элек куракта никеге турган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG