Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:52

"Күйөөм балдарымды тартып алды"


Иллюстрациялык сүрөт. Автору: Үсөн Акун.
Иллюстрациялык сүрөт. Автору: Үсөн Акун.

Эки баланын энеси, алабукалык 25 жаштагы келин токмоктолуп, Жалал-Абад шаарындагы кризистик борборго кайрылды. Ага чейин социалдык коргоо кызматынын чечими менен бул үй-бүлөнүн эки баласы келинден күйөөсүнө убактылуу өткөрүлүп берилген.

25 жаштагы Наргиза Тажиахмедова күйөөсү үйдөн кууп чыккан соң 4-сентябрда Жалал-Абадга укук коргоочулардан жардам сурап келди. Анын төрт жана эмчектеги бир жарым жашар эки баласын социалдык кызматкерлер тартып алып, күйөөсүнүн колуна берген. Наргиза буларды айтып берди:

- Бир ай мурун жолдошум менен үй-бүлөдө келишпестик болуп урушуп калдык. Күйөөм кызыл камчы, мени дайыма сабап турат. Акыркы жолу да көгала кылып сабап, катуу урган. Акыры мен бычак кармап, өзүмдү коргоого аракет кылдым. Ошентип акыры мен эки баламды алып, атамдын үйүнө кетип калдым. Ал жерде да батпай көчө бойлоп, башка туугандардын үйлөрүн кыдырып жашап калдык. Ошондо көчөдө балдарым менен жүргөн учурларды жолдошум видеого тартып, "балдарды кыйнап көчөдө алып жүрөт" деп социалдык коргоо бөлүмүнө кайрылыптыр. Тайжемдин үйүндө жүргөн учурда милиция менен барып, балдарымды менден алып коюшту. Кийин тактасам аны жолдошума алып беришиптир.

Ала-Бука районунун Баймак айылында жашаган Наргиза төрт жыл мурда ушул айылдын тургуну Абдуллажан Азимбаевге турмушка чыгып, эки балалуу болушкан. Жубайлардын азыркыга чейин мыйзамдуу никеси жок жана кичүү кызына да туулгандыгы тууралуу күбөлүк алышкан эмес. Тажиахмедова өткөн айда токмоктогон күйөөсүнүн үстүнөн милицияга арызданганын кошумчалады.

- 25-августта Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнө барып, мага кол көтөрүп сабаган күйөөмдүн үстүнөн арыз жаздым. Тергөөчү мени Аксы районундагы соттук-медициналык экспертизадан өтүп келүүгө жөнөттү. Мен Кербен шаарына келип, медициналык кароодон өттүм. Азыр тергөөчүлөр анын жыйынтыгын алып, ишти карап жатышат. Бул токмоктоо биринчиси эмес. Мен балдарым үчүн жолдошум менен бирге жашоого аракет кылчумун. Ал өзүн дайыма бай сезип, тоготпогондой мамиле кылчу. Кичине кызым боюмда бар кезимде да "мага кыз кереги жок" деп катуу сабап, бойдон түшүрүүгө аракет кылды. Кызым аман-эсен төрөлдү, эми ошол кызды да менден талашып жатат.

37 жаштагы жолдошу Абдуллажан Азимбаев буга чейин да эки жолу үйлөнүп, мурдагы турмушундагы аялдарынан экиден балдары бар. Өзү ушул өрөөндө табыпчылык менен алектенет. Колуктусуна кол көтөрбөгөнүн айткан Абдуллажан баарын милиция териштирип жатканын айтты.

- Мен ага эч качан кол көтөргөн эмесмин. Ал досум менен телефондон жылуу сүйлөшкөнү ажырашууга себеп болду. Эркек киши баарын көтөрөт экен, бирок аял кишинин өзгөргөнүн кечире албадым. Ал эми балдарымды көчөдө алып жүрүп, ар кимдин колунда калуусун каалабай, өзүм багып алуу үчүн тийиштүү адистерге кайрылдым. Үй-бүлөбүздүн бузулушуна ал өзү себепкер болду. Балдарымды бала бакчага берип, жакшы эле карап жатам. Эми аларды мыйзамдуу түрдө өзүмө алыш үчүн сотко документ даярдым.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстандагы ар бир төртүнчү аял зомбулукка кабылат. Укук коргоочулардын айтымында, аялдардын басымдуу бөлүгү өзүнүн керт башын, укугун коргоо ордуна балдарын атасыз багуудан жазганып, зомбулукка көз жуумп жашай беришет.

"Наргизанын абалы тынчсыздандырат"

Ала-Бука райондук үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн милдетин аткаруучу Муратбек Узаков буларга токтолду:

- Бул үй-бүлө ушул жылдын башынан тартып бизде каттоодо турат. Үй-бүлөдө уруш-талаш жана аялынын мамилеси балдарга таасир этип жатат. Наргиза акыркы учурда балдарды көчөдө алып жүрүп, барар жери жок, балдар үчүн коркунуч жаралган соң аны өзүбүзгө алып койдук. Эки баласын Жалал-Абаддагы балдар үйүнө жайгаштыралы деп пландап жатканбыз. Атасы "өзүм багам" деп суранганынан убактылуу ага бердик. Алардын ортосунда никелешүү кагазы жана балдардын толук документи да жок. Биз аргасыздан атасына берүүгө мажбур болдук. Келин да акыркы учурларда акыл-эс жактан ооруп, иш-аракеттери түшүнүксүз болууда. Ошондуктан балдардын коопсуздугу үчүн алууга туура келди.

Наргизанын атасы кызы дайыма күйөөсүнөн таяк жеп, үйгө көгала болуп келип жүргөнүн айтып, "алардын турмушуна көп киришчү эмеспиз" дейт. Соңку учурда уруп-сабоонун айынан кызы оорукчан болуп калганын айткан атасы “Азаттыкка” кеңири маалымат берүүнү каалаган жок. Бирок кызынын турмушуна азыр да кийлигише албастыгын кошумчалады.

Тажиахмедованын ишин азыр акыйкатчынын облустагы өкүлчүлүгү көзөмөлүнө алды.

Наргиза Тажиахмедова учурда Жалал-Абад шаарындагы “Таис плюс-2” коомдук уюмунун борборунда жашап жатат. Бул жерде ушул сыяктуу тагдырга кабылган кыз-келиндерге убактылуу баш калкалоочу жай берилип, укук жактан камкордукка алынат. Борбор быйыл 70ке чукул аялга жардам бергенин айтат адис Азиза Курманалиева:

- Биздин уюм негизинен ВИЧ илдетине чалдыккан аялдар менен иш алып барат. Жакынкы жылдардан тартып оор кырдалга кабылган кыз- келиндерге да көмөк берип келатабыз. Бизде юристтер да жабыркаган аялдарга укуктук жактан көмөк беришет. Эки жылдан бери борбордо жашаган аялдарды тамак-аш менен камсыздоо токтоп калды. Азыр бизге түнөгөнү гана келишет. Жалал-Абадда бизден башка бир да кризистик борбор жок. Өзүбүз да борбор жайгашкан үйдү ижарага алабыз. Былтыркыга салыштырмалуу быйыл бизге кайрылган аялдардын саны арбын болду.

Укук коргоочулардын айтымында, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча милицияда катталган фактылар жылдан жылга көбөйүп жатат. 2011-жылы 794 окуя болсо, 2015-жылы бул көрсөткүч 1736га жеткен. Кыргызстанда алты жылда үй-бүлөлүк зомбулуктан 98 аял каза тапты. Алардын өлүмүнө жакын адамдары - күйөөсү, баласы же туугандары себеп болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG