Линктер

бейшемби, 20-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:36

"Кызыл камчы күйөөсүнөн кетпей койду..."


Ош улуттук драма театрынын актрисасы Кайыргүл Жуманова үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу образ жаратып жаткан учур. (Үсөн Акундун сүрөтү).

Бишкекте чет өлкөлүк адистер үй-бүлө зомбулугунун алдын алуу жана анын курмандыктары менен туура иш алып баруу боюнча окууларды өтүп жатышат.

Ага укук коргоочулар, милиция жана сот кызматкерлери катышууда. Адистер үй-бүлөсүнөн зомбулук көргөн аялдардын маселесине коом дагы эле кайдыгер экенин белгилеп жүрүшөт.

Айгүлдүн тагдыры

Кырк беш жаштагы Айгүл мурдагы жолдошу менен жыйырма жылдай Ысык-Көлдөгү айылдардын биринде түтүн булаткан. Ал бул жылдары оор күндөрдү башынан өткөргөнүн айтып отурду:

- Мен бул жашоомдо билинген жана билинбеген бир топ зомбулукка кабылдым. Жолдошум менен жашаган жылдары басынтууга көп учурадым. Мени "жалаң кыз төрөйсүң" деп жерип келди. Анткени удаа-удаа үч кыз төрөлгөн. Ал эле эмес, кайненемдин, кайнежемдин да жемелерин угуп жүрдүм. Чыдабай эки жолу кетип, кризистик борборлорго кайрылдым. Алар мага психологиялык, моралдык жардам көрсөттү. Укук коргоо органдарына кайрылайын дегем. Бирок мен эмнегедир ал жактан жардам аларыма ишенген жокмун. Себеби өзгөчө айыл жергесинде аял кишиге укугун коргоо кыйын. "Элге сөз болом" деп арыз жазбай же жазсаң да алар деле "аял чыдаш керек" деп ишти аягына чыгара беришпейт.

Ыйлаган аялдар же нике келишим керекпи?

Ыйлаган аялдар же нике келишим керекпи?

Нике келишим - бул кепилдик тура. Эгер андай документ болгондо аялын буюмдай көрүп, тажаганда таштап салган эркектер саал да болсо сестенмек. Канча деген аялдар “балдарым менен кайда барам?” деп тиштенип, зордук-зомбулук көрсө да чыдап жашап жүрүшөт. Алар деле колунда ишенимдүү документ болсо, өзүнүн да, балдарынын да нервин аяп, жаман эркексиз эле өз оокатын кылмак.

Айгүл күйөөсү күткөн уулду да төрөп берген. Бирок ал деле бакубат жашоого огожо боло алган эмес. Үйдөгү тыйылбаган чыр-чатак ырбай берип, акыры ажырашып кетишкен. Бир жылдан бери Айгүл төрт баласын Бишкекте жалгыз багып жатат. Анан калса күйөөсү экөө түтүн булатып турган кезде чогуу алган насыяны төлөө да анын моюнунда. Анын айынан каруусун казык кылып, ар кайсы жумуштарда жан үрөп иштеп жүрөт. Келин кыргыз менталитетинде зомбулукка учураган аялды эл коргобойт деген пикирде:

- Азия менталитетиби же бизде ушундайбы, айтор үй-бүлөдө уруш, чыр-чатак болсо эле аял киши күнөөлүү болуп чыгат. Эркектерде жоопкерчилик эмнегедир аз. Менимче, мындай ызы-чууну эркек гана токтото алат. Дагы бир нерсеге түшүндүм: үй-бүлөдөгү зомбулукту анын мүчөлөрү гана чече алат экен. Укук коргоо кызматкериби же башкасыбы, анын жардамы тийбейт экен. Эки адам гана сүйлөшүп, чечим кабыл алышы керек экен.

Зомбулуктун курмандыктары

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстандагы ар бир төртүнчү аял зомбулукка кабылат. Укук коргоочулардын айтымында, аялдардын басымдуу бөлүгү өзүнүн керт башын, укугун коргоо ордуна балдарынын тагдырын ойлоп, аларды атасыз калтыруудан жазганып, зомбулукка көз жуумп жашоону тандап алышат.

Социалдык кызматкер Таалай Жакыповдун баамында, зомбулукка кабылган аялдардын көпчүлүгү муну жашоонун кадыресе көрүнүшү катары кабыл алып жашай берет:

- Көп аялдар укугу бузулганын билишпейт. Зомбулукка көңүл кош мамиледен баштап, денеге залака тийгизүү кирет. Көпчүлүк эркектер да аялын кемсинтүү менен ага басым көрсөтүп жатканын билбейт. Кол көтөргөндү же жемелегенди адат кылып, ага көнүмүш нерседей карашат.

Жакыпов үй-бүлөдөгү зомбулук өзгөчө балдардын психологиясына терс таасирин тийгизээрин баса белгиледи:

- Күйөөсүнөн таяк жеп, уруш уккан аял дагы агрессивдүү болуп калат. Аны балдарынан чыгарат. Биздин тажрыйбада "балдарымды уруп алып, өзүмө келип калам" деп айтып берген келиндер болгон. Алар "кайра бир-эки сааттан кийин кылганыма өкүнөм" деп айтып беришчү. Ичине толгон агрессия, эмоцияны психологдордун жардамы менен чыгаруу керек.

Ал эми психолог Самат Алканов аялга кол көтөрүп, аны басынткан эркектердин адегенде психологиясына көңүл буруу зарыл деп эсептейт:

- Менин байкашымча, эң көп кол көтөргөн эркектердин айрымдарында психологиялык трамва болот. Алар бала чагында ичиндеги сезим, эмоциясын басаңдатып, чыгара алган эмес. Ошол эле учурда балага берилген тарбия, үй-бүлө модели башкы ролду ойнойт. Айрым үй-бүлөлөрдө авторитардуу модел калыптанышы мүмкүн. Бул учурда бала баары атасы айткандай болорун көрүп чоңойгондо да ушул нерсеге умтулат. Жасаган ишинде ийгилик болбогондо ал физикалык агрессияга өтөт. Айрым үй-бүлөлөр баласын өтө эркелетип, оюндагысын кылып коюшу мүмкүн. Натыйжада өзүмчүл бойдон өскөн бала аялынан да ошондой мамилени күтөт. Андай болбосо, уруп-согуп, оюндагысын аткартканга аракет кылат.

Адистер үй-бүлө мүчөлөрүнүн жай отуруп, сүйлөшкөндү, кайсы бир маселени чогуу талкуулаганды билбегендиги, өз ойлорун бири-бирине ачык айта албаганы уруш-талашка алып келерин белгилешет.

Арачылык пайдасын береби?

Мындан улам Кыргызстанда соңку жылдары үй-бүлөлөрдөгү чатактын алдын алыш үчүн арачылык кызмат же атайын медиаторлорду даярдоо боюнча окутууларды уюштурулган. Бул багытта иш алып барган "Эркектер зомбулукка каршы" уюму германиялык "Фридрих Эберт" фондунун колдоосу менен Бишкекте үй-бүлө зомбулугунда иш алып барган адистерди окутуп жатат.

- Тренингди Германиядагы кризистик борборлордун кызматкерлери уюштурду. Бул өлкө азыр үй-бүлө зомбулугунун алдын алуу жаатында натыйжалуу иштерди жүргүзүп жатат. Биз мында сот, милиция кызматкерлерин жана укук коргоочуларды топтодук. Аларга үч күн ичинде зомбулук курмандыктары менен иш алып баруу же маселенин алдын алуу боюнча сабактар өтөт. Анткени алардын аракети менен гана маселени чечсе болот, - деди уюмдун башчысы Марат Алияскаров:

Үй-бүлө зомбулугуна байланышкан маселеде адатта укук коргоо органдары сынга алынып келет. Коомчулук милицияны "зомбулук курмандыктары менен иштегенди билбейт" деп айтып жүрөт.

Тренингдин катышуучусу, аймактык тескөөчү Албек Муратбеков зомбулук көргөн кыз-келиндер милицияга кайрылып, өз укугун коргогонду билбейт деди:

- Мен өз ишимде күн сайын үй-бүлөдөгү зомбулук окуяларына күбө болом. Көбүнчө күйөөсү аялын уруп, чыр-чатак чыгарып жаткан болот. Бирок, көзү көгала болгон келиндердин баары эле күйөөсүнө каршы арыз жазууга чыгынбайт. Мисалы, жакында эле бир аялды күйөөсү катуу токмоктоп, колун сындырып салды. Аны арыз жазып, жолдошун жазага тартууга көндүрө албай койдук. Ал эми биздин укук чектелүү. Биз ошол жерден камакка алып же алып кете албайбыз. Болгону ордер жазып бере алабыз.

2017-жылдын апрелинен баштап Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга багытталган жаңы мыйзамдык ченемдер иштей баштаган.

"Демократиялык процесстерди изилдөө борбору" коомдук фондунун серепчиси Гүлбарчын Жумабаева бул маселеге коом да кайдыгер карабагандай шарттар түзүлүшү маанилүү деген ойдо:

Гүлбарчын Жумабаева.
Гүлбарчын Жумабаева.

- Эгерде мурда күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылган аял милицияга жеке өзү арызданышы керек болсо, эми мындай арыз менен кошуналары же зомбулукка күбө болгон ар бир адам кайрылууга укуктуу. Мындай учурда милиция зомбулук көрсөтүп жаткан адамга үч күнгө ордер жазып берет, эгер кордолгон аял кааласа ордердин мөөнөтүн 30 күнгө чейин узартса болот.

Укук коргоочулардын айтымында, үй-бүлөлүк зомбулук боюнча милицияда катталган фактылар жылдан жылга көбөйүп баратат. Маселен, 2011-жылы 794 окуя болсо, 2015-жылы бул көрсөткүч 1736га жеткен. Кыргызстанда алты жылда үй-бүлөлүк зомбулуктан 98 аял каза тапты. Алардын өлүмүнө жакын адамдары - күйөөсү, баласы же туугандары себеп болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG