Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:28

Ноокаттагы жүрөк титиреткен кылмыш


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Оштун Ноокат районунда 22 жаштагы кызды энеси менен бир тууган агасы өлтүрүп койгону кабарланууда. Кыздын өлүмүнө шектүүлөр ал никесиз төрөп, начар жүрүш-турушу менен үй-бүлөнүн намысын булгаганы үчүн жазалашканын айтышкан. Коомчулукта бул окуя кызды “өзүм билемдик менен жазалоо” катары кабылданып жатса, милиция бул иш боюнча “Атайылап киши өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

22 жаштагы кыздын өлүгү 2-июль күнү Ноокат районуна караштуу Бел айылындагы каналдан табылган. Каза болгон кыздын денесинен анын киши колдуу болгонун көрсөткөн тактар байкалган.

Милициянын ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында кыздын өлүмүнө шектүү катары энеси менен бир тууган агасы кармалып, алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

"Никесиз төрөгөнү үчүн жазаланган"

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, шектүүлөр кызды начар жүрүм-туруму үчүн жазалоого аракет кылышканын билдиришкен:

Жеңиш Аширбаев.
Жеңиш Аширбаев.

- Маркум май айында никесиз төрөп, баласын башка бирөөгө багууга берген. Биздин иликтөө учурунда ал баласын мыйзамдуу түрдө асыроого бергени аныкталды. Кыз төрөгөндөн кийин анын апасы менен агасы “бизди элге шерменде кылдың” деп, эч жакка чыгарбай, үйдө кармоону чечип, камоого аракет кылганда кыз каршылык кылган. Ошондо анын бутун байлап, түнкү саат 12де каналга ыргытып жиберишкен. Кыздын сөөгү сууда 12 күн жаткан.

Аширбаевдин айтымында, сурак учурунда кыздын энеси ал оорукчан болгонун айткан, бирок иш жүзүндө андай эмес экендиги аныкталган:

- Биз текшерген учурда “кыз психикалык жактан жабыркайт” деп эч жерде каттоого алынбаганы, мектепти да жакшы окуп бүткөнү аныкталды. Теңтуштарынын айтуусунда да кыз жакшы эле жүргөн. Үй-бүлөсү деле жетиштүү жашоодо жашайт экен.

Маркумдун башка жакындары менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Милициянын маалыматына караганда кыз атасыз чоңойгон.

"Феодализм дооруна кайттыкпы?"

Никесиз төрөп, ымыркайды төрөт үйүнө таштап кеткени үчүн “бизди элге шерменде кылдың” деген жүйө менен кыздын өлтүрүлүшү коомчулукта кызуу талкууланып, түрдүү пикирлерди жаратууда. Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук дагы эле кадыресе көрүнүш катары кабылданып жатканын белгилеген укук коргоочулар Ноокаттагы бул окуя жарандар мамлекет тарабынан корголбой келе жатканын ачыкка чыгарды деп эсептешет.

“Интербилим” коомдук бирикмесинин Оштогу өкүлү Гүлгаакы Мамасалиева окуяны феодализм заманындагы жоруктарга теңеди:

Гүлгаакы Мамасалиева.
Гүлгаакы Мамасалиева.

- Ноокатта жүрөк титиреткен окуя болду. Бул окуя азыр деле үй-бүлө мүчөсүнүн тагдырын, айрым учурларда жашоосун анын ата-энеси, туугандары чечип жатышканын көрсөттү. Бизде дале болсо үй-бүлөдөгү эрежелер мыйзамдан жогору болуп, феодализм учурундагыдай “өзүм билемдик менен жазалоо” өкүм сүрүп келе жатканын ачыкка чыгарды. “Өзүмдүн аялым, эмне кылсам өзүм билем, менин балам, өлтүрсөм-койсом өзүм билем” деген түшүнүк дагы эле элде жашап келе жатат. Үйдө, жабык эшик артындагы “өзүм билемдик менен жазалоо” эң коркунучтуу нерсе. Мындай окуялар кайталанбашы үчүн милиция эл менен иштөөгө тийиш.

Аялдардын укуктарын коргоочу “Ак жүрөк” кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекова мындай кайгылуу окуяга ириде тарбияны жетиштүү бере албаган ата-эненин күнөөсү чоң деп эсептейт:

Дарика Асилбекова.
Дарика Асилбекова.

- Бул кыздын никесиз төрөп, ошол жолго түшүп калышына ким күнөөлүү? Албетте, ага тарбия берген ата-энеси. Өзгөчө энесинде жоопкерчилик чоң. Анткени кызды ошол жашка чейин энеси тарбиялаган. Агасы неге кошулганын түшүнбөдүм. Кызды мындай жүрүм-туруму үчүн өлтүрбөш керек эле. Энеси жакшылап сүйлөшүп, жакшы жагына чечүүгө тийиш эле. Анткени кыздар көбүнчө туура эмес чөйрөгө аралашып, анын курмандыгы болуп калып жатышкан учурлар да аз эмес. Бизде да мындай абалга кептелип калган кыздар бар, биз аларды ушул кыздын тагдырындай тагдырга кептелип калбасын деп, жашырып отурабыз.

Милициянын маалыматы боюнча Ошто буга чейин начар жүрүм-турумунан улам жакындары тарабынан жазаланган же өлтүрүлгөн кыз-келиндер катталган эмес. Өткөн жылы Өзбекстандын бир облусунда атасы көчөдө денесин сатканы үчүн кызын аёсуз токмоктоп жатканы тартылган видео тасма Интернетте тарап, коомчулукта негизинен жапайычылык катары кабылданган эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG