Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Өспүрүмдөрдү зордуктоо тыйыла элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыркы апта ичинде бир секелек жана бир өспүрүм кызды зордуктоо фактылары боюнча Чүй облусунун Сокулук жана Жайыл райондорунда эки кылмыш иши козголду.

Зордукталган кыздардын бири он жашта. Секелек кыз Сокулук райондук ооруканасына эс-учун билбеген абалда 10-июлда жеткирилген. Бейтапкананын баш дарыгери Совет Сооронбаевдин айтымында, азыр кыздын саламаттыгына дарыгерлер ар тараптуу көзөмөл жүргүзүп жатышат:

- Бүгүнкү күндө абалы жакшы. Педиатр, психолог аны менен иштешишти. Баланы кайра травма кылбаш үчүн эч кимди киргизбей жатабыз. Биз тараптан бардык медициналык жардам көрсөтүлдү.

Окуя 10-июлда күндүз Сокулуктун базарында болгон. Базарда соода кылган энесине жардамдашып жүргөн кыз дааратканага барганда зордукталганын анын жакындары айтышкан.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Назира Имангазиеванын маалыматына караганда, кылмышка шектүү кармала элек. Ал бул окуя боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди:

- 10-июлда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүндө бул факты катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Жыныстык мүнөздөгү зомбулук аракети") менен кылмыш иши козголду. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Милиция кылмыштын бетин ачуу боюнча ыкчам издөө иштерин жүргүзүп жатат.

Эне издеген чындык, кодуланган секелектер

Эне издеген чындык, кодуланган секелектер

Ноокатта зордуктоо аракетине кабылган 11 жаштагы секелектин үй-бүлөсү шектүүнүн жакындары кодулап, айылдан кетүүгө мажбур болгонун айтууда.

Зордукталган кыздардын экинчиси 15 жашта. Бул факты боюнча Жайыл райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин ("Зордуктоо"), 154-беренесинин ("Жашы жете элек адамды иш жүзүндө нике мамилелерине өтүүгө мажбурлоо") негизинде кылмыш ишин козгоду. Буга өспүрүм кыздын атасынын арызы негиз болду.

Козголгон кылмыш ишинин негизинде Степное айылынын 23 жаштагы тургуну шектүү катары кармалып, эки айга камакка алынган. Азыр эки окуя боюнча тең соттук-медициналык экспертиза жүрүп жатканы кабарланды.

Жабырланган кыздардын аты-жөнү белгилүү себептер менен ачык айтылган жок. Алардын жакындары да окуяга байланыштуу пикирлерин айтуудан карманып турушат.

Жогорудагы кайгылуу эки окуя жашы жете элек кыздарды коргоого кайдыгер мамиленин айкын көрүнүшү катары бааланууда. "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова ала качуунун айынан көз жумган Бурулайдын окуясынан кийин деле тыйылбаган укук бузуу фактыларын жарандардын жазасыз калуу ишеничи менен түшүндүрөт:

- Бул мыйзамдарды тоготпогондуктан улам келип чыгууда. Анткени айрым мыйзамдар иштебей жатат. Бурулайдын иши боюнча чоң өнөктүк жүрүп, бир топ киши иштен алынса деле окуялар кайталанып жатат. Демек, элде "боло берет" деген тушүнүк калыптанган. Жоопкерчилик жок.

Рыскулова ушул тапта "Сезим" борбору зордуктоого кабылган жашы жете элек өспүрүмдүн укугун коргоп жатканын айтып, "адатта мындай окуяларда сот, укук коргоо органдары туура мамиле кылууну билбейт" деп сындады:

Бүбүсара Рыскулова.
Бүбүсара Рыскулова.

- Биздин борбордо аймактан келген он беш жаштагы өспүрүм бар. Ал зордуктоого кабылган. Соттук-медициналык экспертизада "кыз белгиси бар" деп жыйынтык чыкты. Сот дароо кыздык белгини сурап, бир топ беренелер боюнча ишти кыскартты. Бирок ал белги болгону менен зөөкүрлүккө, зордук-зомбулукка кабылып жатпайбы? Мына ушул жагдайга сот, тергөөчү, жактоочу да көңүл бурбайт. Колдон келсе ар бир тагдырды, трагедияны элге алып чыгып, айтыш керек. Жашырганда маселе чечилбейт.

Расмий маалыматтар боюнча балдарга жыныстык зомбулук көрсөткөн учурлар көбөйүп жатат. 2016-жылы балдарга каршы 400дөй кылмыш катталса, анын 30дан ашууну жыныстык мүнөздө болгон. 2017-жылы жарым жылда эле 400дөн ашык кылмыш катталып, анын 50дөн ашыгы жыныстык мүнөздө деп табылган.

Тартип коргоо органдары быйыл өспүрүм кыздарга же балдарга жыныстык зордук-зомбулук көрсөткөндөр же бачабаздык кылгандар көбөйгөнүн белгилеп жатышат. Буга чейин андай зордуктоого баргандарды химиялык жол менен бычуу жөнүндө жобону мыйзамга киргизүү боюнча демилге көтөрүлүп, бирок ал парламентте колдоо тапкан эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG