Линктер

шейшемби, 22-май, 2018 Бишкек убактысы 10:03

Он жыл мурун өз атасы зордуктаган, андан бери жашоодон ордун таппай келаткан 26 жаштагы жигит "Азаттыкка" кайрылды.

Ысымын ачык айтууну каалабаган бул жигит Жалал-Абад облусунда туулган. Балалыгы тоонун жанындагы айылда өткөн экен. Дал ошол кичи мекенинде болгон окуя анын жүрөгүнө кеткис так салган. Өспүрүм кезде өз атасынан көргөн кордукту ал өмүр бою унута албасын айтып отурду.

"Атам мени зордуктаган..."

- 2008-2009-жылдары мектеп окуучусу элем. Атам аракты кууп иччү. Мас болуп келген сайын мени сабачу. Бир күнү мончого алып кирип, аябай урду. Эртеси дагы мас болуп келди. Дагы мончого сүйрөп киргизди. Анан күчкө салып зордуктады. Эч кимге айта алган жокмун.

Көкүрөгү кирдеп турган жигиттин “өз атам зордуктады” деген сөзү мени нес кылып койду. Он жыл мурдагы зөөкүрлүктү эстеп, буркурап ыйлап отурган маектешимди кантип сооротуп, кандай суроо берүүнү да билбей калдым. Бир чети үй-бүлөнүн аска-зоосу болгон атанын өз чүрпөсүнө катылган жоругуна ишенгим келбеди. "Балким алдап жатпасын?" деген да ой кетти. Жигит оор үшкүрүп, бирде ордунан тура калып, кайра отуруп, өз башын муштагылап ыйлап жатты.

- Өлгүм келген. Үйдүн жанында көл бар, ошого бой таштайын дедим, колдорумду кескиледим, болбоду. Жанымды кыя албадым. Ушул күнгө чейин айламды таппай келем. Кең дүйнө тарып, ушунчалык кыйналып кеттим.

Жигиттин айтымында, атасы мончодогу жоругун кийин да кайталаган. Ошондо ал бул иш адатка айланганын, өз атасына каршылык көрсөтө албасын, ага күчү да жетпесин сезген. Паспорт алары менен үйдөн качып Бишкекке баса берген. Түркияга, Орусияга чейин барып иштеген. Азыр Бишкекте ижара үйдө жашап, күнүмдүк жумуштар менен акча таап жүрөт. Бирок кайда барбасын атасынын кордугу аны көлөкөдөй ээрчип, ичтен курттай жеп келет.

Жигит жан дүйнөсүн эзген бугун “Азаттык” радиосунда түрдүү тагдырга тушуккан адамдар тууралуу баяндарды уккандан кийин айтууну чечкен. Бирок атасы менен болгон окуяга күч органдардын аралашуусун каалабай турганын, туугандарына да, досторуна да сырын бөлүшпөсүн белгиледи. Мен аны психологго барууга үндөдүм, кыйылып жатып араң макул болду. Учурда ал "Сезим" кризистик борборунда адистерден жардам алып жатат.

Бармактайынан жашоодон көңүлү калып, өткөн күндөрдүн туткунунда жүргөн каарманыбыздын тагдырына бир аздан соң кайтабыз. Азыр болсо коомчулуктун үрөйүн учурган мындай окуяларга адистердин көз карашын, балдарды зомбулуктан, аракеч ата-эненин таасиринен коргоо боюнча кеңештерин угалы.

"Бул биринчиси эмес..."

Бүбүсара Рыскулова,"Сезим" кризистик борборунун жетекчиси, психолог:

Бүбүсара Рыскулова.
Бүбүсара Рыскулова.

- Мындай окуялар буга чейин да болгон. Бир топ жыл мурда Ош тараптан жаш жигит ушундай окуяга кабылып, Бишкекке качып келген. Бизге кайрылган, көмөк көрсөткөнбүз. Кийин Түркияга кетип калды. Азыр каякта, кандай жагдайда жашап жатканын билбейм. "Сотко берели" десек көнбөй койгон.

“Соо кишинин мээсиндеги ой мас кезинде оозунан чыгат” деген сөз бар. Мындай окуя жөндөн-жөн пайда болбойт. Үй-бүлөдөгү мамилеге барып такалат. Эч ким зордукчул болуп төрөлбөйт. Үйдөгү абал таасир этет. Тилекке каршы, көбүн билбейбиз. Турмушта мындай тагдырлар кайталанып жатат.

Назгүл Турдубекова, Балдардын укугун коргоо лигасынын төрайымы:

- Жыныстык зордук-зомбулук көрсөткөн адамдар – кылмышкерлер. Алар көп учурда “мас болчумун, билбей калдым, эсимде жок, кантип бул ишти кылганымды билбейм” деп айтышат. Бирок бул карандай шылтоо. Биздин тажрыйба көрсөткөндөй, зордукчул бул ишке даярданат, пландаштырат. Анан бала жалгыз жүргөндө, эгер өзүнүн баласы болсо, үйдө эч ким жокто арам оюн ишке ашырат.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2016-жылы балдарга карата жасалган 400дөн көп кылмыш катталса, анын отуздан ашууну жыныстык мүнөздө болгон.

Балдарды коргоо лигасы Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып, тизмектеген кылмыштардын саны 2017-жылы 600дөн ашкан.

- Ошол 600дөн ашуун кылмыштын ичинен 127си жыныстык зомбулук болгон. Бул абдан көп. Бул билинип калганы. Ал эми билинбегени, айтылбаганы канча? - дейт Назгүл Турдубекова.

Ыдык көрсөткөн 57 жаран камалды

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 3-бөлүгүндө жашы жете электерди зордуктоого каршы чаралар жазылган. Бул оор кылмыштын катарына кирет жана 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланары көрсөтүлгөн.

Жогорку Соттун басма сөз кызматынын "Азаттык" радиосуна билдиришинче, Кыргызстанда 2017-жылы жашы жете электерге жыныстык запкы көрсөткөн 57 жаран камалган.

Бирок жергиликтүү элдин менталитетинен улам көбүнчө “жабылуу аяк жабылуу бойдон калып”, ишти сотко жеткирбей тараптар ич ара чечишип алган учурлар көп экенин күч органдары белгилеп келишет. Эл аралык тажрыйбада "өз ара келишип алуу" деген түшүнүк жок.

Психологдор зомбулуктун курмандыгы болгон балдар келечектен үмүт үзүп, өзүн жектеп, коомдон бөлүнүп, түнт тартып кетерин белгилешет.

“Атамдан жыныстык запкы көрдүм” деп “Азаттык” радиосуна кайрылган жигит да бала кезинде чет элге барып, билим алууну кыялданганын, бирок башына түшкөн окуядан кийин баарына кол шилтегенин айтып берди.

- Кичинекейимде жакшы тилектерим бар эле. Атамдын мамилесинен кийин бардык максаттарым унутулду. Азыр алдыга эч нерсени пландагым да келбей калды. Мурда башкалар сыяктуу эле “мындай жерде иштесем, үйлөнсөм” деп кыялданчумун... Тартынчаак да болуп калдым. Психологиялык жактан кыйналып, оюмда эмне бар экенин да билбейм. Эптеп күн өтсө деп эле жүрөм...

Кодулоого кантип каршы турабыз?

Соңку жылдары өз жакынына кордолгон балдар, өспүрүмдөр тууралуу тез-тез уга баштадык. Балким буга Интернет ээ-жаа бербей кирген доордогу баарлашуу формасынын өзгөргөнү себептир? Балким, адам укуктарын коргоого чакырган адистердин аракетинин акыбети кайтып, андай окуялардын бетин ачуу жандана баштагандыр?

Аскат Осмонов.
Аскат Осмонов.

Коомчулукту мындай зомбулукка каршы турууга чакырып жүргөн 17 жаштагы активист Аскат Осмонов мындай пикирде:

- Жашырбаш керек. Өмүр бою жүрөктө сактап, жүк кылып көтөрүп жүргөнгө болбойт. Бул аябай оор. Зомбулукка кабылганда эле жакындарына айтып, атасын жазалатыш керек болчу.

Башка түшкөн окуяны башкаларга айтуу керектигин психолог Бүбүсара Рыскулова да колдоп, бул үчүн балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуш кылды.

- Өз жанын кыйган балдар тууралуу ойлонуп отуруп, "ата-энесине, жакындарына таарынып эле асынып алгандыр, зордук көргөндүр" деген пикирге келем. Ушуну изилдеп, ачыкка чыгарыш керек. Өспүрүмдөргө, балдарга муну ачык түшүндүрүш керек. Ушундай кокустук болуп кетиши мүмкүн экенин айтыш керек. Жаап-жашыруудан пайда жок. "Эгер зомбулукка кабылсаңар, башкаларга айткыла" деп түшүндүрүү зарыл. Кандай адистерге кайрылуу керек экенин үйрөтүшүбүз кажет.

Зомбулуктук кесепетин жоюу оңой эмес. Адистер андай балдар чоңойгондо өзү кабылган кордукту башкаларга көрсөтүшү мүмкүн экенин айтып, киши шектүү үй-бүлөлөр, шектүү адамдар тууралуу билер замат күч органдарына кабарлашы зарыл экенин эскертишет.

Назгүл Турдубекова.
Назгүл Турдубекова.

Балдарды коргоо лигасынын төрайымы Назгүл Турдубекова уюмдун тажрыйбасына таянып билдиргендей, зомбулук курмандыгы болгон жеткинчектердин, өсүрүмдөрдүн көбү өз жакындарынан ыдык көрөт:

- Бизде жыныстык зомбулукка учуруган балдардын 95 пайызына өз жакындары – атасы, агасы, таекеси же ошол үй-бүлөгө тууган кишилер кордук көрсөтүшөт. Беш эле пайызы чоочун кишилер. Үй деген жабык коом. Аны башкалар билбейт, бирок коңшулар кабардар болушат. Ким кандай экенин билишет. Бирок көрүп турса да унчукпай коюшат. Айыл жерлеринде социалдык кызматкерлер жетишпейт. Бир нече айыл өкмөткө үч-төрт соцкызматкер иштейт. Көйгөйлүү үй-бүлөлөрдү көзөмөлдөгөнгө алардын шарты жок. Убагында текшерип, эгер кылмыш катталса жоопкерчиликке тарттырууга аракет кылуу көп аракетти талап кылат. Ага алар жетишпейт.

Кыргызстанда зомбулукка кабылган балдар үчүн түз байланыш телефону иштейт. Кордук көргөн бала чөнтөк же үй телефонунан 111 санын терип, күнү-түнү байланышып, жардам сураса болот. Чоң кишилер 112 номуруна чалышы керек.

Өкмөткө өтүнүч

Психолог Бүбүсара Рыскулова “Азаттык” радиосу аркылуу бийликке кайрылып, балдардын кордолушуна себеп болуп жаткан аракечтикти жоюуга аракет көрүүгө чакырды:

- Идеология үчүн “Таза коом”деп жатабыз, “Кырк кадам” деп жатабыз. Ошол таза коомдун ичине аракечтиктен, баңгиликтен, кумарпоздуктан арылуу да кирип, "Кырк кадамдын" бир кадамы ушул багытта болсо жакшы болот эле. Азыр бул боюнча мамлекеттик деңгээлде жардам берген уюмдар жокко эсе.

Макаланы жазууга түрткү берген жигиттин окуясына кайта турган болсок, азыр ал психологиялык жардам алуудан тышкары, кризистик борбордогу адистердин көмөгү менен чачтарачтын кесибин үйрөнүп жатат. Анын жүрөгүнө так салган окуяны аң-сезиминен биротоло өчүрүп салуу мүмкүн эмес. Ошентсе да жашоого көз карашын өзгөртүү жаатында аракет жүрүүдө. Убагы келсе, анын мисалында жашоонун оор сыноосун жеңген мырзанын ийгиликтери тууралуу да баяндап берербиз деп ишенебиз.

Макаланы бул жерден угуңуз:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG