Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:03

Педофилияны жазасыз калтырган жагдайлар


Иллюстрация
Иллюстрация

Кара-Көл шаарында жети жаштагы кызга сексуалдык аракеттерди жасады деп шектелген адам кармалды. Милиция 44 жаштагы шектүү буга чейин психикалык оорулуу катары тизмеде турганын билдирүүдө.

Эми гана ачыкка чыгып жаткан окуя 21-июлда Кара-Көл шаарынын Ажыматов көчөсүндө орун алган. Кечки саат жети чамасында жолдо бараткан 1-класстын окуучусун белгисиз киши жаңы курулуп жаткан үйдүн жертөлөсүнө "акча берем" деп алдап алып кирген.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Мыктыбек Турдубеков факт боюнча 44 жаштагы К.Ж. аттуу киши кылмышка шектелип кармалганын билдирди:

-“Жашы болжол менен 40-45 чамасындагы киши жети жаштагы кызыбызды зордуктоого аракет жасаган” деп жабырлануучунун чоң апасы Кара-Көл ШИИБсына арыз менен кайрылган. Ыкчам-тергөө тобу тарабынан окуя болгон жерге кароо жүргүзүлгөн, кылмышка шектүү кармалып, убактылуу кармоо изоляторуна камакка алынган. Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 133-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү ыплас аракеттер) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Эне издеген чындык, кодуланган секелектер

Эне издеген чындык, кодуланган секелектер

Ноокатта зордуктоо аракетине кабылган 11 жаштагы секелектин үй-бүлөсү шектүүнүн жакындары кодулап, айылдан кетүүгө мажбур болгонун айтууда.

Турдубеков кабарлагандай, Кара-Көл шаардык ооруканасынын дарыгерлери кыздын денесин текшерип чыкканда жараат табылган эмес. Азыркы учурда кызга соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ал эми шектүү киши акыл-эси ордунда эмес экени тергөө учурунда аныкталган. Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматкери Мыктыбек Турдубеков:

- Бул факты боюнча шектүү катары кармалган атуулдун өздүгүн тактоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Ал психикалык жактан оорулуу экендиги байкалгандыктан, атайын мекемелерге кат жолдонгон. Жыйынтыгында ал каттоодо турганы аныкталды.

Бирок буга чейин Кыргызстанда жоопкерчиликтен качуу үчүн акыл-эси ордунда эмес деген маалымкат алган учурлар жок эмес. Ошол себептүү адистер күч кызматтарын бул жагдайды тыкыр иликтөөгө чакырууда.

Зомбулукка кабылган балдардын иши боюнча көп жылдардан бери адвокаттык кылып жүргөн юрист Айжан Кадырова буларга токтолду:

- Жоопкерчиликтен качуу максатында кылмышкерлер ошондой да ыкманы колдонушат. Жакшынакай эле адам кээде образ жаратып, психикалык оорулуу болуп чыга келип, документ жасатып алган учурлары . Мына акыркы эле фактылардын бири - Кеминдеги окуя. Атасы үч жаштагы кызын зордуктап коюп, анан сотко келгенде актануу үчүн “жаш кезимде башыма таш тийген, мен жинди болуп калгам” деп актанды. Кечээ жакында деле ушундай факты менен кармалып, “бала чагымда ооругам, көзүмө бир нерселер көрүнө берет” деп чыкты. Ошол себептүү милиция бул жерде кылдат мамиле кылышы керек.

Тергөө учурунда маалым болгондой, Кара-Көл шаарындагы зордуктоо аракетинен жапа чеккен секелектин ата-энеси Орусияда иштейт.

“Балдардын укугун коргоо лигасынын” директору Назгүл Турдубекова өзгөчө ата-энеси алыста жүргөн балдардын зомбулукка кабылуу коркунучу жогору экенин белгиледи:

- Азыр Кыргызстанда бала эмес, чоң кишинин да коопсуздугу сакталбайт. Көчөдө бирөө минтип койбойт, тигинтип койбойт деп ээн-эркин жүрө аласызбы? Жок, жүрө албайсыз. Азыркы шартта ар бир бала ушундай зомбулукка кабылып калуу коркунучу бар. Экинчиден, бизде балдардын укугун коргоо боюнча ата-энелердин өзүндө да маалымат жок. Каалоосу, жоопкерчилиги төмөн. Ошону үчүн да балдар зомбулукка кабылат. Үчүнчүдөн, эң аялуу катмар, өзүнүн ата-энесинин колунда эмес, таята-таенесинин, чоң ата, чоң энесинин жана башка туугандарынын колунда жашап жаткандар. Алар миң жакшылап карайбыз дегени менен, балдардын коопсуздугуна кайдыгер мамиле жасап коюшат.

Расмий маалыматтар боюнча, былтыр 2016-жылы балдарга карата жасалган 400дөй кылмыш иши катталса, анын 30дан ашууну сексуалдык мүнөздө болгон. Быйыл жарым жылда да 400дөн ашык кылмыш катталса, анын 50дөн ашыгы сексуалдык мүнөздө экени аныкталган. Балдарды зордуктоо фактысы боюнча 44 кылмыш иши козголгон.

Прокуратура билдиргендей, быйыл жыл башынан бери 14 жашка чейинки курактагы 50 бала сексуалдык зомбулукка кабылган, бул былтыркыга караганда дээрлик эки эсе көп.

Кыргызстанда балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөн кылмышкерлердин жазасын катуулатуу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттар тобу мыйзам долбоорун иштеп чыгып, парламентте каралууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG