Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:43

Зордуктоого шектүүнү жазалаган видео тарады


Сокулуктагы окуя күбөлөрдүн көзү менен
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:54 0:00

Сокулук районунда 10 жаштагы кызды зордуктоого аракеттенген 33 жаштагы адамдын иши сотко өттү. Чүй облустук милициясы билдиргендей, шектүү быйыл апрелде секелекти зордуктоо аракетин көргөндө күбөлөр көрүп калып жаман ою ишке ашпай калган.

Шектүүнү жергиликтүү тургундар өздөрү кармап, милиция өткөрүп бергени белгилүү болду.

Он жаштагы секелекти зордуктоо аракети быйыл 3-апрелде күндүз Чүй облусунун Сокулук районуна караган Ак-Ордо-3 жаңы конушунда болгон. Туура эки ай мурда болгон окуя бир нече адам эки колу байланып отурган кишини ылайга оонатып сабап жаткан видео 4-июнда интернетте тарап, катуу талкууга түшкөндөн кийин ачыкка чыкты.

Эне издеген чындык, кодуланган секелектер

Эне издеген чындык, кодуланган секелектер

Ноокатта зордуктоо аракетине кабылган 11 жаштагы секелектин үй-бүлөсү шектүүнүн жакындары кодулап, айылдан кетүүгө мажбур болгонун айтууда.

"Азаттык" окуянын чоо-жайын иликтеп аталган конушка барганда, күбөлөр дүкөндөн нан алып кайткан кыз үйүнүн маңдайындагы курулушу бүтө элек ээн тамдардын ортосунда зордуктоо аракетине кабылганын айтып беришти. Анын үнүн алгач апасы угуп, коңшуларын жардамга чакырган экен. Секелекти зордуктоону көздөдү деген адамды качып бараткан жеринен жергиликтүү тургун Урмат Мамытбеков кармап калган:

- Бул жерге жаңы үй сала баштагам. Ошол күнү жаан жаап жаткан. Жаан жааганда эч ким деле эшикке чыкпайт. Мен чатырда телевизор көрүп жаткам. Бир маалда кичинекей кыздын "мама" деп кыйкырган ачуу үнү чыкты. Бирөө сабап жаткан сыяктуу. Бул жердеги кошуналардын кыздарынын үнү угулуп калчу. Кыздары тентектик кылып, ошолорду сабап жаткан го деген ой менен жата бердим. Үч жолу кыйкырды, анан бир балээ болгон го деп сыртка чыктым. Эки-жакты карасам эч ким көрүнгөн эмес. Жол менен жогору тарапты көздөй басып баратсам, коңшу эже, кыздын апасы чыгып "жардамга!" деп кыйкырып калды. Эмне болгонун сурасам, кызымды бирөө зордуктап качып баратат деди. Көрсө мына бул бүтө элек эки үйдүн ортосунда тиги бала кыздын эки колун кайрып, оозун басып алган экен. Секелектин апасынын үйү ошол бүтө элек эки тамдын маңдайында жайгашкандыктан даана көрүнүптүр. Анан мен ошол жерге барсам кичинекей кыз шымын көтөрүп алып апасын көздөй чуркады. Мен берки баланын артынан түшүп, жетип барып кармап, басып жыгылдым. Бир колун кайрып алгам, туйлап эле жаткан, көрсө төш чөнтөгүндө бычагы бар экен. Андан кийин кошунам жип көтөрүп чыкты. Аны менен колун байладык. Бала кичине кызуурак экен, өтө деле мас эмес болчу. Кыз дүкөнгө нанга чыккан экен. Ошондо бул бала дүкөндүн алдында мас абалда турган экен. Тиги бала кыздын артынан ээрчип келген сыяктуу.

Урматтын айтымында, тегеректеги эл топтолуп, милиция келгиче кармалган адамга ачуу менен кол көтөргөндөр болгон:

- Дагы жакшы кыздын атасы милиция келгенден кийин келип калды. Болбосо сабап, өлтүрүп салмак. Милиция деле жарым саатка жетпей келип, кармалган адамды алып кетти.

Окуяга күбө болгон дагы бир тургун Айдай Шайырбек кызы бул өңдүү жагымсыз көрүнүштөр көп кайталана баштады деген кабатырлануусун билдирди:

- Мен эл топтолгондон кийин келип калдым. Баланын колу байлануу экен. Ар кайсыны сүйлөп жатты. "Эч нерсе кыла албайсыңар, кечирип койгула, мени ташбараңга алып өлтүрүп койгула, кайра чыгып кетем" деп сүйлөп жатты. Бирөө тепкенде жыгылып калды, ошондо шымынын сыдырмасы ачык бойдон экен. Мен аны көрүп дене боюм дүркүрөп кетти. Үйдө кызым да бар болчу, жаман болуп кетип калдым. Ушундай жаман көрүнүш барган сайын көбөйүп жатат. Күн сайын болбосо да болуп атат да. Ачыкка чыкпаганы канча. Муну деле канча адам билбейт.

Зордуктоо аракетине кабылган секелектин ата-энесин үйүнөн таба алган жокпуз. Алар маселени сот чечет деген негизде маалымат берүүнү каалашпайт экен. Бирок бул үй-бүлөнүн кызынын окуясы жергиликтүү жашоочуларды бир топ кооптондуруп коюптур:

- Биз ушул жакка жаңы көчүп келдик. Бала-чака тияк-биякка чыкканда коркот экенсиң. Кенедей эмени зордуктоо аракетин көрүп аткандан кийин. Балдарды бейчеки эч кайда чыгарбай калдык. Бала бакчага алып барып келебиз. Жумуштан кээде эрте, кээде кеч келип калабыз, коркобуз, - деди жаңы конуш тургуну Уулкан Шайырбекова.

Окуя боюнча Чүй облусунун Сокулук райондук милициясы кылмыш ишин козгогон. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурбек Токтосуновдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, 2-июнда иш сотко өткөрүлдү. Тергөө маалында 33 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургуну мас абалда секелекти зордуктоону көздөгөнү аныкталган:

- 2017-жылдын 3-апрелинде кечки саат 4-5тер чамасында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө жашы жете электи зордуктоо аракети көрүлдү деген маалымат келип түшкөн. Милиция кызматкерлери барган учурда кылмышка шектүү адамдын колун таңып, байлап коюшкан. Анын жанында бычак бар болгону аныкталган. Окуя боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 28-129 -беренеси (зордуктоого аракеттенүү) боюнча кылмыш иши козголгон. 2-июнда бардык тергөө иштери жыйынтыкталып, Сокулук райондук сотуна жиберилди.

Коңшуларынын айтымында, зордуктоо аракетине кабылган секелек катуу коркуп калгандыктан учурда психологиялык жардам алууда.

Башкы прокуратура тараткан соңку маалыматка караганда Кыргызстанда былтыр балдарга карата 824 кылмыш жасалса, анын 106сы сексуалдык мүнөздө болгон. Балдарды зордуктоо фактысы боюнча 44 кылмыш иши козголгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG