Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Зордуктоо аракетине шектелген адам акталды


Ноокатта зордуктоо аракетине кабылды деген секелектин энеси кылмышка шектүү жарандын акталганына нааразылык билдирүүдө. Ош шаардык соту апрелде "кызды зордуктоого аракет жасады” деп айыпталган адамды актаган эле. Жабырлануучу тарап сот мындай өкүмүн аларды катышуусуз чыгарганын айтууда.

Ал эми сот жабырлануучу тарап жараянга келбей койгонун жана кызды зордуктоо аракети аныкталбаганын маалымдады. Ушул тапта кыздын энеси каршы тараптын кодулоосунан улам төрт баласы менен айылдан Бишкекке жер которууга аргасыз болгонун айтып жатат.

Ноокаттын Борбаш айылында жашаган Насиба Нурматова төрт баласы менен Бишкекке көчүп келди. Уул-кыздарын шаардагы Балдарды коргоо борборуна жайгаштырып, өзү кризистик борборлордун биринде баш калкалоодо. Ал былтыр июнда 11 жаштагы кызын коңшусу зордуктоого аракеттенгенин, бирок ага кичүү кызы болушуп, арам ою ишке ашпай калганын айтып берди. Коңшусунун элдешүү сунушун четке каккандан кийин анын туугандарынын кодулоосуна туш болуп, айылда жашай албай калганын кошумчалады:

- Былтыр 12-июнда түш ченде мен талаадан келип, уктап калыптырмын. Кыздарым суу бурганы канал тарапка барганда тиги чыгып, улуусун бычак менен коркутуп, басып алып зордуктоого умтулган. Кичүү кызым коркуп, кыйкырып элди жардамга чакырыптыр. Түштө элдин баары үйдө эс алып жаткан убак да. Эч ким болгон эмес. Анан кенже кызым тигини таш менен уруп, анын оозуна тиштеген бычагы түшүп кетиптир. Менимче, ошол бычакка алаксыганда, кызым алдынан суурулуп чыгып кеткен. Аябай катуу коркуп калыптыр. Аларды үйгө киргизип, эшикти бекитип коюп, саат үчтөрдө милицияга барып арыз жаздым. Бирок милиция түнкү саат 11де келди. Жакшы көңүл буруп, караган жок. Ал күнү кызым окшуп-кусуп кыйналды. Денеси кызарып, бирок көкала жок болчу. 14-июнда көгөрүп чыкты. Анан прокуратурага кайрылдым. Туугандары кызыма ар кандай жаман сөздөрдү айтышып, мектепке баргысы келбей калды. Эптеп алдап жөнөтөм. Акырында быйыл 12-январда мектепте окуган эки карындашы кызымды муунтуп, коркуткандан кийин түңүлдүм.

Эне издеген чындык, кодуланган секелектер

Эне издеген чындык, кодуланган секелектер

Ноокатта зордуктоо аракетине кабылган 11 жаштагы секелектин үй-бүлөсү шектүүнүн жакындары кодулап, айылдан кетүүгө мажбур болгонун айтууда.

Өз кезегинде бул окуяга шектелген адамдын жакындары ал секелекти зордуктоо аракетин көрдү деп айтылгандарды куру доомат катары мүнөздөп келишет. Буга чейин Бишкекте маалымат жыйын курушуп, анын энеси Кайрыниса Калилова айыпты кыздын апасына оодарган, баласы жалган жалаадан улам бейкүнөө камалганын билдирип чыккан:

- Менин балам ушу маалга чейин бирөөгө жамандык каалаган эмес. Бирөөгө жаман сөз айтпаган. Бирөөнү уруп кетип, көчөдө жамандык же кылмыш кылган бала эмес. Мен чындыкты каалайм. Он балам бар, баатыр энемин. Балама жалган жалаа жапкан келинге да Кудай бардыр. Орозонун күнү эле.

Кылмышка шектелген адам Ноокат районунун мурдагы акими Бекболот Айтиевдин бир тууган жээни экени айтылган. Секелектин энеси мурдагы аким баш болуп окуяны жаап-жашырууга умтулганын, акча сунуштаганын белгилейт. Бекболот Айтиев буга чейин "Азаттык" радиосуна жабырлануучу тараптын кодулоо тууралуу айткандарын четке кагып, секелектин энесин сындаган. Бул ирет байланышканыбызда жээнинин камактан чыкканын ырастап, бирок андан бери кабарлаша электигин билдирди:

- Үйүнө чыкканын уктум, барганым да жок, сүйлөшкөнүм да жок. Таптакыр эч нерсе билбейм.

Анткен менен укук коргоочулар жана кыздын энеси иштин алгач белгисиз себептер менен ар кайсы сотторго которулуп, аягына чыкпай келгенин мурдагы акимдин таасиринен көрүшөт.

Январда Ош шаардык сотундагы жараян учурунда шектүүнүн жакындары секелектин энеси менен адвокатка кол көтөрүшкөн. Адвокат Айсалкын Карабаеванын айтымында, бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, 2-майда шектелген адамдын апасы Кайрыниса Калилова соттун чечими менен бир жылга шарттуу кесилген:

- Эжелеринин бири ооруканага жатып алды, дагы бири автокырсыкка учураганына байланыштуу алардын иши өзүнчө бөлүндү. Иштин мөөнөтү бүтпөсүн деп апасынын ишин сотко өткөрүп, чечим чыкты. Эми кыздары бейтапканадан чыгып, алардын иши сотко өткөнү турат. Дагы бир баласы качып кетип, издөө жарыяланды.

Ушу тапта Борбаш айылындагы Насиба Нурматованын үйүндө кайната-кайненеси жашайт. Насиба кызына байланышкан окуядан улам үй-бүлөсү бузулуп, жолдошу Орусияга кеткен бойдон дайынсыз деп кейиди. Кызы болсо азыр психологиялык жардам алууда.

Апрелде Ош шаардык соту бул иш боюнча айыпталып жаткан жаранды актап, сот залынан бошоткон. Жабырлануучу тарап буга макул болбой Ош облустук сотуна кайрылган:

- Мен акыйкат издеп ушинтип жүрөм. Алардан акча алайын деген оюм болсо, үй-бүлөмдү бузуп, өзүм биякка келип иштеп, балдарымды балдар үйүнө берип мага эмне зарыл? Эмнеге менин он бир жаштагы кызымды зордуктоого аракет кылат? Ушул нерсе менин жаныма батып атпайбы.

Насиба Нурматова жана анын адвокаты өздөрүнүн катышуусуз эле шектелген жаран Арапбай Калиловго карата актоо өкүмү чыгып калганына түшүнбөй турушат. Алар соңку сот жараянына чакыруу албаганын билдиришүүдө. Ал эми Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов жабырлануучу тарап жараянга келбей койгонун жана кызды зордуктоо аракети териштирүүдө аныкталбаганын "Азаттык" радиосуна билдирди:

- 2017-жылдын 14-апрелинде актоо өкүмү чыккан. Себеби, 16-февралдан тартып Ош шаардык соту тарабынан жети жолу соттук отурум дайындалып, бирок ага жабырлануучу жана анын мыйзамдуу өкүлү, жактоочусу белгисиз себептер менен келишкен эмес. Иш боюнча өткөн күбөлөр отурумда андай аракет болбогонун көрсөтүп беришкен. Ошондой эле 102 менен чакырылган милиция кызматкерлери жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү ал жөнүндө айтпаганын жана ошол күнү денесинен жарааттарды байкабаганын айтып беришкен. Ошонун негизинде сот актоо чечимин чыгарды. Бул чечим акыркы эмес жана күчүнө кире элек.

Он бир жаштагы секелекти 30 жаштагы айылдашы зордуктоого аракет жасаган деген ишти алгач Ноокат райондук соту, андан кийин Ош шаардык соту караган. Эми Ош облустук соту кыздын энесинин доо-арызын 30-майда кароого киришери маалым болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG