Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:21

Мударис бачабаздык кылды деп шектелүүдө


Кичинекей Алим азыр ушул ооруканада дарыяланууда.
Кичинекей Алим азыр ушул ооруканада дарыяланууда.

Ош шаарында медресенин мудариси бачабаздык кылган, башкача айтканда өспүрүм баланы зордуктаган деп айыпталууда.

Тогуз жашка али толо элек Алим Бишкек шаардык №3 балдар ооруканасында дарыланууда. (Белгилүү себептерден улам, баланын да, анын энесинин да аты-жөнүн өзгөртүп бердик).

Алимдин бул ооруканага Ош шаарынан келип дарыланып жатканына 4 күн болду. Ата-энеси мектеп эс алууга тараган соң жайында бош жүрбөй, диний билим жана тарбия алсын деп, ушул жылдын 4-июнунда Ош шаарындагы Черемушки кичи районунда жайгашкан “Сулайман тоо” медресесине окууга беришкенин айтууда.

Алим анда болгон окуяны ата-энесине айтуудан коркуп жүргөнүн, бирок өткөн аптада апасына айтканын “Азаттыкка” билдирди.

- Ата-энеме айтайын деп аракет кылдым. Бирок мударис "таяк жейсиң" деп коркутту. Ата-энеме да барбайм десем болбой эле кайра-кайра эле окууга жибере беришти. Ал эми айтайын десем устатым урат болчу. Мен медресеге 4-июнда баргам. Ал жакта “Алиппенин” баарын бүтүрдүм, эми Куранга өттүм.

Алим жумасына бир ирет үйүнө келип турган жана бир апта окуп келгенден кийин эле качып, медресеге барбастыгын айткан. Энеси Дилбардын айтымында, алгач муну эч кимге айтпай эле уулунун ден соолугун каратып, зак кеткен болсо, дарылатып эле алайын деп да ойлогон.

- Балам температура болуп, ажатканага бара албай кыйналганда абдан жаман болот экенсиң. Бир жагынан ислам динин кадырын ойлосом, экинчи жагынан балам бул жакта кыйналып жатат. Баламды ойлосом, исламга көлөкө түшүп калчудай. Анткени биз да намаз окуган адамдарбыз. Болуптур деп исламды ойлоп калсам, тиги баланы кантип каматат элем? Ал жазасын алышы керек го.

Милиция: шектүү камакка алынды

Апта башында Бишкекке келгенден кийин дарыгерлер текшерип көрүп, баланын ден соолугуна жана психологиясына зак кеткенин айтышты - дейт энеси Дилбар.

- Дарыгерлер тешерип, баланын арткы жагында эки жарака бар экенин айтышты. Өзүм да көрдүм, анткени менин да кесибим дарыгер. Дарыгерлер ал жыйынтыктарды экспертизага да жөнөтүштү. Психологдор, невропатологдор да көрүп, “баланын абалы жакшы эмес, коркуп да калган, психологиялык травма алган, муну айтпасак болбойт” деп, өздөрү милиция чакырышты. Милиция келип эле көрсөтмө ала баштады.

Бул боюнча Бишкек шаардык Октябрь РИИБси иш козгогон. Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков зордуктоого шектүү делген медресенин мугалими 4-июлда кармалганын айтты.

- Ош шаарынын Черемушки кичи районундагы Шота Руставели көчөсүнүн 9-үйүндө жайгашкан “Сулайман тоо” медресесинин мугалими, 1990-жылы туулган Ош шаарынын жашоочусу кармалды. Алгачкы иликтөөлөр көрсөткөндөй, ушул жылдын 25-июнь күнү ушул медресинин ичинде 2003-жылы туулган тарбиялануучуга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөткөн.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймагындагы өкүлү Курбаналы Узаков аталган медресе мыйзамдуу катталган, шарты жакшы делген окуу жай экенин айтты. Бирок аталган окуядан кабары жоктугун, аны иликтөөгө алышарын билдирди.

Муфтияттын медреселер бөлүмүнүн башчысы Рустам Гулматов да "бул боюнча иликтөө иштеринин жыйынтыгын күтөлү, эгер күнөөлүү болсо, ал мугалим жазасын алышы керек" дейт.

- Ал жакта ким болгон, окуя кандай болгон - мунун баарын көрүш керек. Анткени бул ислам мугалимдеринин аброюна доо кетириш үчүн да жасалышы да мүмкүн. Себеби мурдарак Ак-Өргө конушундагы медресенин мугалимин да педофилия менен айыпташкан. Бирок ал куру доомат экени аныкталып, акталып чыккан. Ошон үчүн азыр так маалыматты күтүп жатабыз. Эгер ал адам чындап эле ошондой болсо, өз жазасын алышын биз да колдойбуз.

Тартип коргоо органдары быйыл өспүрүм кыз-балдарга сексуалдык зордук-зомбулук көрсөткөн же бачабаздык кылгандардын саны өскөнүн белгилешүүдө. Андай зордуктоого баргандарды химиялык жол менен бычуу сунушу айтылууда.
XS
SM
MD
LG