Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:55

Педофилиянын курмандыктары өсүүдө


Ички иштер министрлиги Кыргызстанда балдарды зордуктоо же педофилия көрүнүштөрү көбөйгөнүн билдирүүдө.

Жыл башынан бери Бишкекте эле 11 жашы жете элек жеткинчек зордукталганы кабарланууда. Апта башында Таласта беш жашар кыз зордукталган болчу. Укук коргоочулар кылмыштын бул түрүнө каршы чогуу күрөшүүгө чакырып, ата-энелерди балдарын кароосуз калтырбоого үндөөдө.

Бишкекте 11 бала зордукталды

Соңку кездеги маалыматтарга караганда, Кыргызстанда педофилия же бачабаздык көбөйүп, географиялык алкагы кеңейип да баратат. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматкери Эрнист Осмонбаевдин билдиришинче, быйыл Бишкекте эле беш-алты жаштагы балдарды зордуктоо, ал түгүл өлтүрүү сыяктуу үрөй учурган 11 окуя катталды:

- Март айында Бишкек четиндеги Арча-Бешик конушунда 8 жашар кызды белгисиз адам зордуктап, анан өлтүрүп кеткен. Андан тышкары Таластын Манас районунда 5 жашар кыздын зордукталышы боюнча кылмыштын бети ачылды. Ушундай окуя жакында Аламедин районунда болду. Кечки саат сегиздер чамасында талаада 45тер чамасындагы киши кичинекей кызды ээрчитип баратканын эл көрүп, милицияга кабар берилген. Ал киши качып кетип, милиция аны талаадагы чатырлардын биринен тапкан.

Укук коргоочулардын пикиринде Кыргызстанда өспүрүмдөр зордукталган учурлар буга чейин деле катталып келген. Бирок убагында коомчулук жана тартип коргоо кызматкерлери жетиштүү маани берген эмес. Балдар укугун коргоочу Айзат Көкүлова “Азаттыкка” билдиргендей, учурда бул көйгөйгө көңүл бурула баштады:

- Бир четинен ылдамдык менен көбөйүп жатат. Экинчиден, биз коомчулуктун колдоосу менен бул терс көрүнүштү жашыра бербей, ачык айтып калдык. 2008-жылдан бери бизге көп эле адамдар кайрылышты. Башында, 2009-жылдары сексуалдык зордук-зомбулукка кабылган балдарга жардам берип, алардын кордук көргөнүн далилдеп берүү өтө эле оор болчу. Соттор да зордуктаган адамды актап койгон учурлар көп болчу.

Маалыматка ылайык, сексуалдык зомбулукка жашы жетек элек эркек балдар да, кыздар да кабылган учурлар бар. Ички иштер министрлиги менен укук коргоочулар өспүрүмдөрдүн зордукталашын балдардын ата-эненин көзөмөлсүз калганы менен байланыштырып келишет. Мындан улам министрлик жашы 16га жете элек өспүрүмдөрдү кароосуз калтырбоого, кечкисин өз алдынча сыртка чыгарбоого үндөшүүдө. Балдарды коргоо уюмунун социалдык кызматкери Таалай Жакыпов да бул ойго кошулат.

- Ата-энеси көңүл бурбай, балдар көчөдө, кароосуз калып, аларды кылмышкерлер пайдаланат. Ошол эле учурда педофилияга барып жаткан адамдардын таржымалын карап көрүү керек. Адабиятта педофилдердин аң-сезиминде биз түшүнбөгөн нерселер бар. Алар бала кездеринде өздөрү ушундай нерсеге кабылган болушу мүмкүн.

Сактыкта кордук жок

“Баланын укугун коргоочулар лигасы” фондусунун жетекчиси Назгүл Турдубекованын билдиришинче, Кыргызстанда өгөй аталары, же динге берилген адамдар тарабынан зордукталган өспүрүмдөр бар. Мындан улам укук коргоочу өспүрүмгө тааныш адамдар да зыян келтириши мүмкүндүгүн четке какпайт:

- Көп учурда тааныган эле адамдар атайын ошол үй-бүлөнү аңдышып, ишенимге киришет. Анан балага жагынганга аракет кылып, конфет берип, белек берип, балага жакындашат. Көбүнчө кылмышкерлер атайын план түзүп туруп, атайын ошого даярданышат. Буларды көпчүлүк эл түрү суук, кылмышкер деп элестетишет. Андайлары да бар. Бирок педофилдердин арасында жакшынакай үй-бүлөсү бар, жумушта жакшынакай иштегендери да кездешет. Ошондуктан ата-энелери биринчи кезекте балдарына сак болушу керек.

Кылмыш-жаза кодексине ылайык, жашы жете элек балдар менен жыныстык катнашка барган адам 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылат. Эгер зордуктоо өспүрүмдүн өлүмүнө алып келсе, кылмышкер өмүр бою абакка кесилет.

“Баланын укугун коргоочулар лигасы” фондусунун маалыматы боюнча, буга чейин педофилия фактысы боюнча төрт-беш соттук иш болгон. Жаңы жылдын алдында он жаштагы өспүрүмдү зордуктады деген бир адам 18 жылга камалган. 2009-жылы Чүйдүн Петровка айылында төрт жашар кызды зордуктады делген күрт улутундагы жаран 20 жылга эркинен ажыратылган. Бул окуя коомчулуктун нааразылыгын жараткан болчу.

Коңшу өлкөлөрдө бачабаздыкты алдын алуу үчүн химиялык кастрация кылуу, же бычуу ыкмасы колдонулуп келет. Маселен Орусияда кастрация боюнча мыйзам кабыл алынса, Казакстандын бир катар депутаттары мындай демилгени байма-бай көтөрүп келишет. Айрым укук коргоочулар Кыргызстанда мындай мыйзам кабыл алынса, сот адилеттиги толук орнобогондуктан күнөөсүз адам да жазага тартылып калышы мүмкүндүгүн белгилешет.

Ички иштер министрлиги кокус жашы жете элек бала жоголуп кетсе, Бишкектеги 0312 43-71-68, 43-71-75 телефон чалууга чакырат. Зомбулукка кабылып, психикасы жабыркаган балага “Баланын укугун коргоочулар лигасы” жардам берерин, ал үчүн 44-25-10 номуруна чалса болорун да билдирди.
XS
SM
MD
LG