Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:27

Турдубекова: Бачабаздардан запкы тарткандар көбөйүүдө


Кыргызстанда өспүрүм балдарды зордуктаган учурлар, башкача айтканда бачабаздыкка (педофилизм) кабылган балдардын саны өсүүдө. Анын чоо-жайы тууралуу “Балдар укугун коргоочулар лигасы” коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова “Азаттыкка” маек курду.

- Казакстанда өспүрүм балдарды зордуктаган же алар менен жыныстык катнашта болгон адамдарды химиялык жактан бычып салуу демилгеси көтөрүлүүдө. Себеби ал жакта жабыр тарткан балдар көбөйгөн экен. Кыргызстанда ушундай маселе барбы? Сиздерге бачабаздык аракеттерден жабыркап кайрылгандар болдубу?

- Кыргызстанда бул маселе бар. Болгондо да бул көйгөй ырбап баратат. Биз эки жылдан бери ушул маселеге дуушар болгон балдардын үй-бүлөлөрүнө социалдык, психологиялык жана укуктук жактан жардам көрсөтүп келе жатабыз.

Бул проблема Кыргызстан үчүн жаңылык деле эмес. Мурун деле бар болчу, болгону жашырып, жабылып келчү. Эми бул маселе ачыкка чыгып, биз иштеп баштасакпы деп жатабыз. Азыр айыл болобу, шаар болобу, ушул проблемалар көбөйүп жатат.

- Маселенин көбөйгөнүнө эмне себеп болуп жатат?

- Биздин изилдөө боюнча көп учурда ата-энелер балдарына көңүл бурбай, жумушка кеткенде балдарын кароосуз калтырып, ошондой кишилер аларга зордуктоо көрсөтүп жатат. Эркек балдарга чоочун кишилер деле эмес, жакын эле, тааныш кишилери асылат да.

- Алар кимдер?

- Мисалы, кошуналар, тааныш достору болот. Же болбосо ошол айлана-чөйрөдө жашаган арак ичкен кишилер болушу мүмкүн. Буларды так бир социалдык топ деп айтууга болбойт. Көп учурда бала ата-энеси жумушка кетип, көчөдө кароосуз калса, ошол бала башка адамдардын көзүнө урунат. Себеби атайын байкап алышат. Ата-энеси жакыр, каражатка муктаж үй-бүлөлөрдү байкоого алышат.

Ал эми өспүрүм кыздарды өгөй аталары көп зордуктап жатканын байкап жатабыз. Энелери күйөөлөрүнө ишенип, кичинекей кыздарын калтырып коюшат. Бизге түшкөн учурлардын көбү өгөй атасы же өз атасы тарабынан жасалган.

- Эки жылдан бери бул багытта иштеп жаткан экенсиздер. Бул мөөнөт ичинде сиздерге канча кайрылуу түштү?

- Эки жыл ичинде жыйырмага жакын учур катталды, кайрылуулар болду.

- Бачабаздыктын айынан милицияга кайрылгандар, бул боюнча кылмыш иши козголгон учурлар болдубу?

- Кыргызстанда өкмөттүк соттук экспертиза бар. Бул тармакты көз карандысыз деп айта албайбыз. Ошондуктан көз карандысыз экспертиза көбүрөөк болсо деген тилегибиз бар. Себеби зордуктоо болгондон кийин аларды тактаганга кыйын болуп жатат. Бул тармакка коррупция аралашып кетиши мүмкүн.

- Кыргызстанда педофилия же бачабаздык боюнча соттолгондор канча жылга эркинен ажыратылат?

- Мындай аракет жасагандар алты жылдан өйдө эркинен ажыратылат.

- Казакстан бачабаздарды химиялык жол менен бычып салуу демилгесин көтөрүүдө. Мындай нерсе Орусияда да талкууланууда. Буга кандай карайсыз?

- Бул нерсени адамдын укугун бузуу деп эсептесек болчудай. Себеби биздеги соттор туура чечим чыгарды дегенге жүз пайыз кепилдик бере албайбыз. Көп учурда коррупциянын аракети менен күнөөсүз киши сот жообуна тартылып калышы мүмкүн. Туура эмес чечим чыгып, кастрация болсо, соттун кемчилиги болуп калат.

- Рахмат.
XS
SM
MD
LG