Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:16

Мунапыс өлүм жазасы боюнча отчетун жарыялады


Кытайда 2011-жылы "миңдеген киши" өлтүрүлгөн болушу мүмкүн.
Кытайда 2011-жылы "миңдеген киши" өлтүрүлгөн болушу мүмкүн.

Эл аралык Мунапыс уюму Иранда, Сауд Аравияда жана Иракта былтыр өлүм жазасына тартуулар көбөйгөндүгүн билдирди.

Уюмдун жаңы отчетунда Мунапыс уюму дүйнөдө өлүм жазасын колдонгон өлкөлөр азайып жатканы менен, Жакынкы Чыгышта бул жазага тартылган адамдардын саны өсүп жаткандыгын белгилейт.

Уюмдун кеңешчиси Ян Ветцел "Азаттыкка" буларды билдирди:

Бир тескери тенденция бар. Бул жазаны сактап кала берип жаткан саясаты катаал өлкөлөрдүн айрымдарында өлүм жазасына тартылгандар көбөйдү. Өлүм жазасын колдогон өлкөлөрдүн тобунда бул мамлекеттер саналуу гана, бирок ушул өтө аз сандагы өлкөлөрдө өлүм жазасына тартуулардын саны көп болуп жатат.

2011-жылы дүйнө боюнча 20 өлкөдө гана өлүм жазасы колдонулду. Бирок Мунапыс уюму бул жазага тартылгандардын саны былтыр 2010-жылга караганда 30 пайызга көбөйгөнүн эскертет.

Дүйнөдөгү 700гө чукул такталган өлүм жазасына тартуунун жарымынан ашыгы же 360ы 2011-жылы Иранга туура келди.

Бачабаздык, маңзатына байланышкан кылмыштар жана Исламга шек келтирилген учурлар үчүн жогорку жаза каралган бул өлкөдө былтыр саясий диссиденттер да өлүм жазасына тартылгандыгы айтылууда.

Тизмеде 18 жашка чыга элек жарандар да бар. Эл алдында дарга асуулар Иранда былтыр 2010-жылга салыштырмалуу төрт эсе көбөйгөн.

"Иранда мамлекет тарабынан киши өлтүрүлгөн учурлар биз билгенден алда-канча көп болушу мүмкүн", - дейт Ветцел.

Мунапыстын болжолунда, өлүм жазасы мамлекеттик жашыруун сыр деп саналган Кытайда 2011-жылы "миңдеген киши" өлтүрүлгөн болушу мүмкүн жана бул өлкөнүн көрсөткүчү уюмдун тизмесине кирген жок.

Өлүм жазасына күбө болуп жаткандар. Иран, 26-май, 2011-жыл
Өлүм жазасына күбө болуп жаткандар. Иран, 26-май, 2011-жыл
Тизмедеги өлкөлөрдөн Ирандан кийин Сауд Аравия менен Ирак эң көп кишини өлүм жазасына тартты. Мунапыстын тизмесинде Сауд Аравиянын көрсөткүчү 72, Ирактыкы аз дегенде 68 экендигин көрөбүз. Венцел айрыкча Иракта абал кооптуу экендигин мындайча белгиледи:

– Үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында, демек январда, февралда, мартта Иракта 69 киши өлүм жазасына тартылды. Башкача айтканда 2012-жылдын биринчи чейрегинде Ирак былтыр бир жылдагыдан көп санда кишини өлүм менен жазалады. Биздин көз карашыбызда бул албетте өтө терең тынчсыздандыруучу көрсөткүч.

Иракта былтыр жыл соңунда америкалык аскерлер чыгарылгандан кийин, ирак бийликтерине өлүм жазасын кеңири колдонууга мүмкүндүк алган сыяктанат.

Былтыр мурдагы советтик жумурияттардын ичинен бир гана Беларуста өлүм жазасы ишке ашырылды. Венцелдин айтымында, мында жылына бир, же эки киши жогорку жазага тартылат, бирок ал европалык контексттен алганда Беларус өтө канкор өлкө деп саналаарын белгилейт.

XS
SM
MD
LG