Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:43

Аялдарды аймактардын абалы түйшөлдүрөт


Бишкек шаарынын "Maryotel" мейманканасында өткөн "Депутат айымдардын форуму"
Бишкек шаарынын "Maryotel" мейманканасында өткөн "Депутат айымдардын форуму"

Кыргызстандын аймактарынын экономикалык абалы жана өнүгүү деңгээли 22-июнда Бишкекте өткөн активист аялдардын жыйынында талкууланды.

"Депутат айымдар форуму" аттуу уюмдун демилгеси менен өтүп жаткан бул иш-чарага Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештердин аял депутаттары жана аймактардагы активист аялдар катышты. Буга чейин мындай иш-чараны демилгечилер өлкөнүн түштүк аймагында өткөрүп келишкен.

Депутат айымдар форумунун бул жыйыны Аймактарды өнүктүрүү жылына арналды. Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынан келген 60тан ашуун активист аялдар жана айылдык кеңештердин депутаттары аймактардагы көйгөйлөргө эл өкүлдөрүнүн көңүлүн буруп, Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында аткарылып жаткан иш-аракеттер тууралуу кеп курушту.

Конференцияда Ысык-Көлдөн келген Аксуу районунун Октябрь айылдык кеңешинин депутаты Айнура Өмүрканова аймактарда жергиликтүү деңгээлде көптөгөн демилге көтөрүлүп жатканын, бирок колдоонун жоктугунан алар ишке ашпай келгенине кейиди:

Ысык-Көл облусунун Аксуу районунун Октябрь айылдык кеңешинин депутаты.
Ысык-Көл облусунун Аксуу районунун Октябрь айылдык кеңешинин депутаты.

- Жүн иштеткен, сүт иштеткен он чакты аялдан турган жамааттар ишке киришсе эле бир айылды багып коёт. Ошол эле сүттү иштетип, каймакты, майды кайра эле элеттиктерге же бала бакчаларга, мектептерге сатса болот. Аларга экологиялык таза тамак болмок да. Ошонун баарын өзүбүздөн алмак. Демилгелер көтөрүлүп жатат, бүгүнкү күндө аракет бар, бирок ошого колдоо алыш үчүн биз өкмөткө эмес, эл аралык уюмдарга көбүрөөк чуркап атабыз. Ушуну өкмөт өзү колго алып, жок дегенде күзгө чейин иш башталып калса жакшы болот эле.

Депутат айымдар форуму 2011-жылдан бери АКШнын Улуттук демократиялык институтунун колдоосу менен иштеп келатат. Азыркы учурда ага Жогорку Кеңештин бардык фракцияларынын депутат аялдары кирген. Алар өлкөнүн облустарын кыдырып, аялдар менен жолугушуп жүрүшөт. Форумдун демилгеси менен аялдардын укуктарын коргогон бир катар мыйзамдар, анын ичинде ала качуунун жазасын күчөткөн өзгөртүүлөр кабыл алынган.

Депутат айымдар форумунун платформасы жөн гана аялдардын көйгөйлөрүн көтөрүүгө эмес, социалдык маселелерди чечүүдө аялдардын көз карашын угууга багытталган. Мындай ойду Жогорку Кеңештеги “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Рада Туманбаева билдирди:

Жогорку Кеңештин депутаты Рада Туманбаева.
Жогорку Кеңештин депутаты Рада Туманбаева.

- Айымдар менен жолугушуп жатабыз. Алар өзүнүн эле үй-бүлөсүндөгү же баягы эле зордук-зомбулук жана нике боюнча эмес, социалдык маселелерди көтөрөт. Бир жумушка аялдын жана эркектин көз карашы эки башка. Ошону чечүү жолдору да башкача болот. Мүмкүн биздин аялдар сунуш кылган жол оңой, жеңил жана тез. Ошонун баарын биз талдаганга аракет кылып жатабыз, - деди Депутат айымдар форумунун төрайымы Рада Туманбаева.

Форумдун катышуучуларынын бири Кымбат Жусубалиева буга чейин эл аралык уюмдардын тренингдеринен жергиликтүү бюджетти борбордон жардам күтпөстөн кантип толуктаса болорун үйрөнүп келгенин айтып, айрыкча аймактарды өнүктүрүүдө аялдардын салымы зор экенин белгиледи.

- Азыркы жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын деңгээли деле жогору эмес. Кээ бирөө жакшы жер иштеткич, башкасы малды жакшы багат, бирок мамлекеттик кызматка келгенде алар окушу керек. Ошондуктан биз аларга жергиликтүү бюджетти жөн эле бөлүштүрбөстөн, аны кантип толукташ керек экенин үйрөтүп, тренингдерди, семинарларды өтүп келдик. Жергиликтүү маселелерди чечүүдө борбордук бийликти күтүп отура бербестен аймактагылар өздөрү аракет кылышы керек.

Аялдардын саясаттагы ролу жана орду көптөн бери эле талкууга түшүп келаткан темалардын бири.

БУУнун сунушу менен Кыргызстандын мыйзамдарына "башкаруу органдарында гендердик тең салмактуулук сакталып, жалаң бир жыныстуу эмес, 30 пайыз аялдар же эркектер иштеши керек" деген норма кирген. Бирок бул талап дээрлик бардык органдарда аткарылбайт.

12 министрликтин экөөнү аял киши башкарат. Мамлекеттик агенттик, кызмат, фонддордун бирөөндө да аял жетекчи жок. Өкмөттүн жети облусун жалаң мырзалар башкарат. Борбордук шайлоо комиссиясынын 12 мүчөсүнүн бешөө айым болсо, 31 мэрлик кызматтын бардыгында мырзалар.

Дүйнөлүк экономикалык форум гендердик теңчилик боюнча 2013-жылдагы акыбалды иликтеп, Исландияны алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошкон. Бул өлкөдө аялдар билим алуу, саламаттык сактоо, саясат жана экономика тармактарында эркектер менен дээрлик бирдей укукка ээ. Андан кийин Финляндия, Норвегия жана Швеция тең укуктуулук өкүм сүргөн өлкөлөрдүн катарын толуктаган. Кыргызстан бул рейтингде 63-орунду, коңшу Казакстан 32, Тажикстан 90, Орусия 61-орунду ээлеген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG