Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

Кыз-келиндерге ишеним тартуулаган майрам


Майрамдын уюштуруучулары иш-чара аркылуу кыз-келиндердин өзүнө жана келечегине болгон ишенимин жаратууну көздөшкөн.
Майрамдын уюштуруучулары иш-чара аркылуу кыз-келиндердин өзүнө жана келечегине болгон ишенимин жаратууну көздөшкөн.

“Айкын багыт” коомдук фонду үй-бүлөдө зордук-зомбулук көргөн аялдар жана алардын балдары үчүн Бишкекте жаңы жылдык балаты майрамын уюштурду. Муну менен алар кыз-келиндердин өзүнө жана келечегине болгон ишенимин жаратууну көздөшкөн.

Бишкектеги мейманканалардын бири. Ортодогу балатыны айланып кубанган жүздөр. Аяз ата, Аяз кыз менен жетелешип бийге түшкөн наристелер. Алардын арасында балдары менен 25 жаштагы Бактыгүл да болду. Анын айтымында, балдарына ​оюн-зоок абдан жаккан.

Алты жаштагы Каниет апасы Бактыгүлдү колунан тартып, майрамдык балатыга дагы баргысы келип жатты:

- Апа, кайра балатыга баралычы. Аяз атаны көрдүк, ээ? Мага Аяз ата жакты, Аяз кыз да жакты.

Каниет - үч баланын улуусу. Анын эки жашар иниси жана жети айлык карындашы бар. Балдардын көзү күйүп кубанганынын себеби - бул үй-бүлөдө көптөн бери майрамдык шаани боло элек. Балдары менен кошо кубанган Бактыгүл башынан өткөн оор күндөрүн дал ушул мүнөттөрдө эсинен чыгаргандай.

- Жолдошум кичүү кызым курсакта болгон кезде таштап кеткен. Мага "Москвага кеттим" деген. Кышында эки баламды колго алып, кош бойлуу кезде жалгыз калдым. Батирге, күнүмдүк оокатка акчам жок. Үй ээси мени урушуп, сабаган күндөрү болду. Аргасыздан квартал башчыга кайрылып, окуямды айтып, жардам сурадым. Апам жок, атам оорулуу экенин, жардам берчү тууганым же жакыным жоктугун айттым. Ошентип "Айкын багыт" уюмуна келип калгам. Алардын жардамы менен балдарыма 2300 сом жөлөкпул алам. Өзүм иштебейм, балдарым менен батирде турам. Жолдошумдун келип-кетип турганы болбосо, жардам берип каралашпайт.

Бактыгүл балдары менен майрамдык иш-чарада.
Бактыгүл балдары менен майрамдык иш-чарада.

Бактыгүлгө ушул тапта "Айкын багыт" коомдук фонду юридикалык жардам көрсөтүп жатат. 12-январда бул фонд жергиликтүү ишкер, стилисттер менен бирге Бактыгүл өңдүү 55 аялга жана алардын балдарына майрамдык маанай тартуулады. Алар - жалгыз бой, зордук-зомбулук көргөн аялдар же ала качууга кабылган кыз-келиндер. Айтор, мында күнүмдүк жашоодо майрамга көңүл бура албаган энелер жана балдар чогулду.

Батирге, күнүмдүк оокатка акчам жок. Үй ээси мени урушуп, сабаган күндөрү болду.

Иш-чара бир нече баскычтан турду. Алгач кыз-келиндерди шаардагы сулуулук салондордун биринде чачын жасалгалап, сулуулашты.

- Бизге өзүбүздү күзгүдөн көрсөтүшкөн жок. Ошондуктан баарыбыз үчүн кызык болду. Салондогу кыздар жылуу тосуп алып, абдан жакшы маанай тартуулашты. Мындай сулуу болуп каларымды билген эмесмин. Бүгүнкү образ мага ишеним алып келди, - деген Аймирага дал ушул өзүнө болгон ишеним абдан керек.

22 жаштагы келин үч жолу ала качууга туш болуп, тагдырдын ысык-суугуна кабылган:

- Мени бир эле адам үч жолу ала качкан. Биринчи жолу ала качканда он жети жашта болчумун. Он биринчи класста окуп жаткам. Курбу кызым мени алдап, досуна кезиктирген. Ата-энем ызы-чуу салып, алып чыгып кеткен. Экинчи жолу мектепти аяктаганда ала качып кетти. Анда зордук-зомбулук көрсөтүп, зордуктап да койгон. "Тагдырдын жазганы" деп отуруп калдым. Бирок жашай албай кайра качып кеткем. Үчүнчү ирет алып качканда кандай гана ачуу сөздөрдү укпадым. "Сен эч кимге керегиң жок! Сени эч ким албайт, кыздык абийириң жок" деп кордук көрсөтчү. Акыры юристтин жардамы менен укугумду коргоп, ишти сотко чейин жеткирдик. Соттук процесстер эки жылга созулду. Акыры ал адам эки жылга эркиндигинен ажырап, мен Бишкекке келип, кафелердин биринде иштеп калдым. Эми гана жашоом оңолуп бараткандай.

Майрамдык иш-чаранын катышуучулары.
Майрамдык иш-чаранын катышуучулары.

Иш-чараны уюштурган “Айкын багыт” коомдук фондунун жетекчиси Мунара Бекназарова зомбулукка кабылган кыз-келиндердин өзүнө, келбетине жана келечегине болгон ишенимди жараткысы келгенин айтат:

- Зомбулукка учураган, Бишкекте жана шаар четинде жашаган кыз-келиндерди чогулттук. Алардын көзүндө бир учурда жанган от, жашоого болгон каалоо өчүп калган. Аларга жакындары, ал түгүл өздөрү да ишенбей калышкан. Мында чогулгандар балаты кооздоп, тамак-аш жасап, үйүндө майрамдык маанай болгон эмес. Аларга аз да болсо жагымдуу маанай тартуулайлы дедик. Стилисттер сулуулап, ишкерлер имаратты, тамак-ашын бекер даярдап, бири концерттик номерин даярдап, кыскасы чогуу-чаран уюштурдук. Кыз-келиндерге "эң башкысы - силер сулуусуңар, күчтүүсүңөр, силердин колуңардан келет" деген ойду жеткиргибиз келди.

Майрамдык концерттен кийин катышуучуларга кол өнөрчүлүк боюнча атайын мастер-класс өткөрүлүп, соңунда ар бир аялга фотосессия уюштурулду. Эртең ар бир аял өз түйшүгү менен алышып, күнүмдүк турмушуна түшөт. Кантсе да аларды сулуу, бактылуу кылган бул күн сүрөттө болсо да эстеликке калат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG