Линктер

жума, 17-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:51

Кулчулукка кабылган кыргызстандык жарандардын 70 пайызын мигранттар түзөт. Мындай маалымат Бишкекте өткөн "Эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жана кулчулуктун алдын алуу" деп аталган талкууда айтылды.

Жыйында миграция жана кулчулук бири-бири менен тыгыз байланышта экени белгиленип, көйгөйдөн чыгуу жолдору талкууланды.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда бир жылда жарандардын кулчулукка кабылганына байланышкан 8-10 кылмыш иши катталат. Бирок эл аралык уюмдар элдин баары эле укук коргоо органдарына кайрылбай турганын эске салып, адам сатуунун курмандыктары мындан бир нече эсе жогору же жыл сайын 100дөн ашуун киши кулчулукка кабылат деп маалымдашууда.

Эл аралык коргоого көмөктөшүү борборунун эксперти Мирлан Кыдырмышевдин "Азаттык" радиосуна билдиришинче, Кыргызстанда кулчулуктун курмандыктарын аныктап, тактоо оор:

- Милиция өзүнчө иштейт, эл аралык уюмдар, бейөкмөт уюмдар өздөрүнчө тактап жатышат. Кыргызстандыктар расмий түрдө укук коргоо органдарына арыз менен кайрылбайт. Ошого каттоого алынбай, статистикага кирбей калууда. Жарандар мамлекеттик эмес уюмдарга чалып, баштан өткөндөрүн айтып беришет. Ошентип билинип жатат.

​Мигранттар: иште да, төрөттө да бөтөн паспорт...

Мигранттардын айтымында, жасалма кыргыз паспортун метро-вокзалдардагы далдалчыларга жасатып алуу текейден арзан. Андан тышкары ич ара паспорт алмашып, бирөөнүн паспорту менен жумушка орношкондор, жадакалса чоочун адамдын паспорту менен ооруканага катталып, төрөгөндөр да кездешет.

Мирлан Кыдырмышев кошумчалагандай, кулчулуктун курмандыктарынын көбү чет жактарга чыгып жаткан эмгек мигранттары. Алар өз укуктарын билбей, бирөөлөргө ишенип, кулчулуктун торуна түшүп жатышат:

- Азыр бир жарым миллион адам миграцияда жүрбөйбү. Чек арадан өтүүдө эреже бузушат, миграция мыйзамын сакташпайт. Анан кийин ал өлкөнүн милициясынан качып, мыйзамсыз түрдө, айлыгы жакшы жана оңой ишке кирем деп курмандыкка айланууда. Бир эле мигранттар эмес, балдар окуйбуз деп сыртка чыгып кетет, кээ бирлер маданий программаларды тактабай эле чыгып жатышат. Бирок алар милицияга арызданбайт. Эл аралык миграция уюму 14 жыл ичинде 1800 адам кулчулукка кабылганын билдирген. Бирок ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жыйындардын биринде бул мезгил аралыгында алардын саны 240тай адамды түзгөнүн айтканы бар. Карасаңыз, өкмөттүкү 240, бейөкмөт уюмдардыкы 1800.

"Эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жана кулчулуктун алдын алуу" деп аталган жыйында миграция жана кулчулук бири-бири менен тыгыз байланышта экени айтылды.

"Үй-бүлөнү пландаштыруу альянсы" коомдук бирикмесинин жетекчиси Бактыгүл Бозгорпоева чет мамлекеттерге кеткен эмгек мигранттарынын катарында аялдар көбөйүп, акыркы эки-үч жылда 40 пайызга өстү деп билдирди. Алардын арасында кулчулуктун курмандыгы болгондор да бир топ деген Бозгорпоева аялдар кабылган башка маселелерге да токтолду:

- Мындан башка аялдардын арасындагы көйгөйлөрдү ала турган болсок, төрөт, бойдон алдыруу. Эң көйгөйлүүсү - бул энелердин өлүмү. 2014-2015-жылдарда 12 мигрант аял төрөттөн каза тапкан. Орусияга боюнда болуп, бирок төрөткө аз калганда кайтып келип, каза болуп калышкан. Экинчи көйгөй - мигрант аялдар Орусияга барганда төрөгүсү келбесе да кош бойлуу болуп калышат. Ошонун көбү бойдон алдырып жатышат. Үчүнчү көйгөй таштанды балдар. Төрт жыл мурда Кыргызстанга 50 бала алып келинген. Төртүнчү көйгөй - зордук-зомбулук. Кыздар жарма патриоттор, өзүбүздүн жарандар жана башка өлкөнүн эмгек мигранттары тарабынан зордук-зомбулукка да кабылышууда.

Коомдук активист Кумар Эргешова да муну мигранттардын өз укуктарын билбегени менен байланыштырат:

- Бизде мигранттар өздөрүнүн укуктарын билбейт. Сыртка барганга кимге кайрылса болот, кимден колдоо табат, ким колдоо көрсөтөт дегенди билишпейт. Көбүнесе тууган-туушкандарына, жакындарына таянып барышат. Ошол жакка барып каттоого турушпайт. Медициналык кызматтарды пайдалануу, эмгек келишимин түзүү жаатында аксап жатышат.

Өкмөттүн маалыматына таянсак, учурда сыртта иштеп-жашап жүргөн кыргызстандыктардын саны 750 миӊден ашат. Анын 616 миӊи Орусияда, 30 миңи Казакстан, 14 миңи Кореяда, дагы отуз миңдейи Түркияда. Ал эми расмий эмес булактарда чет мамлекеттердеги кыргызстандыктардын саны мындан бир топ көп экени, маселен, Орусиядагы мигранттар эле миллиондон ашары айтылып жүрөт.

"Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын өкүлү Аида Байжуманованын белгилешинче, мигранттардын укуктары да көбүнчө Орусияда бузулат. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргени менен, миграция көйгөйү күтүлгөндөй чечилген жок:

- Эксперттердин айтымында, ЕАЭБ экономикалык эмес, саясий союз болуп калды. Мигранттардын маселеси ошол бойдон турат. Анткени, мигранттар легалдуу жумушта иштөө менен камсыздала элек. Мисалы Орусияда мигрант мыйзамдуу иштеп, укуктарын сактоо үчүн жумуш берүүчү менен сөзсүз эмгек келишими болушу керек. Келишим жок болсо укуктары чектелип калат. Казакстанда деле ошондой. Эгер чек арада Казакстанга иштөө максатында кирип жатканын билдирбесе, кийин эмгек келишимин түзүүдө көйгөй жаралат. Казакстанда жумуш берүүчүлөр мигранттар менен келишим түзүүгө укуктуу эмес.

Ал эми Миграция кызматынын билдирүүсүндө, өткөн жылы Кыргызстанда 175 адам кулчулуктан куткарылган. Алардын тең жарымы кыз-келиндер. Адам сатуунун курмандыгы болгон жаш балдар да жок эмес. Куткарылган адамдардын ичинен он чактысы гана укук коргоо органдарына кайрылып, бул иштер боюнча он кылмыш иши козголгон.

- 2013-жылы “адам сатуу” беренесинин негизинде тогуз кылмыш иши козголгон, 13 адам жоопко тартылган. 2014-жылы 20 иш козголуп, 15 адам жазаланган. 2016-жылдын алты айында жети иш козголуп, алты жаран кылмыш жообуна тартылды, - деп маалымдады Миграция кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов.

Буга чейин Кыргызстанда адам сатуунун курмандыгы болгон жарандарды социалдык-экономикалык, психологиялык жактан коргоо максатында атайын макам ыйгаруу сунушталып, парламентте тиешелүү мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG