Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:17

Кулчулук темасы эки державаны кайым айтыштырды


АКШ Мамлекеттик департаменти ушу тапта дүйнө жүзүндө 20 миллиондой киши адам аткезчилигине жана кулчулукка дуушар болуп жатканын билдирди. Анда негизги көңүл Кытайга бурулуп, бул өлкө Түндүк Корея жана Сирия менен бир даражага коюлган. Расмий Бээжин унчукпай калган жок.

Мыйзам белгилеген убакытта эркин иштеп, эркин эс ала албайсың. Ал аз келгенсип эмгек акысы берилбейт. Андан тышкары ур-токмокко кабылып, камалгандар да бар. Сексуалдык катнашка мажбурланып, зордукталгандар... Мындай жашоону ушу тапта миллиондогон адам башынан өткөрүүдө.

АКШ президентинин кызы жана атайын кеңешчиси Иванка Трамп буларды айтты:

- Дүйнө жүзү боюнча Кошмо Штаттарында кеминде 20 миллиондой киши адам сатуунун курмандыгы болуп, тиришумдук жагдайда эксплуатацияланууда. Алардын арасында ойго келбегендей сексуалдык кулчулуктун курмандыгы болгон балдар-кыздар көп. Биз бүгүн эскерип жаткан адамдардын тарыхы бул кылмыш менен күрөшүү эмне себептен Кошмо Штаттарында да, дүйнөдө да биздин моралдык жана стратегиялык кызыкчылыгыбыз экенин көрсөтөт.

Ал адам сатууга каршы күрөшүү Дональд Трамптын “тышкы саясатынын негизги артыкчылыгы” экенин да белгиледи.

Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаментинин адам аткезчилиги жана кулчулук боюнча жылдык иликтөөсүндө дүйнө өлкөлөрү үч топко бөлүнгөн. Биринчи топко бул кылмыш менен күрөшүү АКШнын минималдуу стандарттарына туура келген өлкөлөр киргизилген.

Экинчи топко кулчулуктун алдын алууга сезилерлик аракет кылган Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Сингапур, Латвия өңдүү өлкөлөр кирет. Мьянма, Ооганстан, Малайзия жана Катар бир жыл ичиндеги жылыштары үчүн оң баага татыган.

Ал эми үчүнчү топко Мамдепартаменттин эсебинде, кулчулукка каршы бир жыл ичинде иш-аракет көрбөгөндөр киргизилген. Алардын арасында мурда Орусия, Куба, Таиланд, Сирия, Зимбабве бар болсо, быйыл Кытай да илинген.

- Кытай быйылкы жылдагы баяндамада үчүнчү даражага чейин төмөн түштү. Ага бир чети өлкө өзүнүн адам соодасына шериктеш болуусуна, анын ичинде түндүк кореялык жумушчулардын Кытайда эркинен тыш иштөөсүнө чекит коюу боюнча олуттуу кадам таштабаганы себеп болду, – деди АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон баяндама менен тааныштырып жатып.

Акча табуу үчүн Түндүк Кореядан келген миңдеген жумушчулардын Орусияда да эмгек укуктары сакталбаганын, алардын тапканы Пхеньяндагы режимди каржылоого жардам берип жатканын Тиллерсон кошумчалады.

Мындан тышкары Кытайдын батыш ыптасындагы уйгурларды да мажбурлап жумушка чегерген учурларга көз жумат деп эскертилген. 21-кылымда адам сатууну биротоло жоюуга чакырды.

Бирок бул иликтөөгө дароо жооп болду. Кытайдын турумун Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Лю Канг билдирди:

- Биз Кошмо Штаттары жыл сайын мындай отчетторду чыгарып, башка өлкөнүн ички иши боюнча жоопкерчиликсиз эскертүүлөрдү жасаганына каршыбыз. Кылмыштуу ишмердиктер, анын ичинде адам сатууга каршы күрөш Кытайдын экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө шайкеш жүрүүдө. Кытай эл аралык коомчулук өкүлдөрү менен өз ара сый кызматташтыкка умтулат. Бирок бир дагы өлкө башка өлкөнүн ички иши боюнча жоопкерчиликсиз билдирүүлөрдү таратууга акысы жок. Бул турумубуз өзгөрбөстөн кала берет.

Ошентип адам сатууга, кул кылууга байланыштуу баяндама эки өлкөнү кайрадан кайым айтыштырды.

Ансыз да Трамп келгени Бээжин-Вашингтон алакасы соода-экономикалык маселелерден улам солгундап кеткени айтылып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG