Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:24

Адам сатууга каршы кызматташуу уланат


Адам сатууга каршы күрөштө кызматташууну улантуу Кыргызстандын миграция кызматынын башчысы Медетбек Айдаралиев БУУнун кылмыштуулукка жана маңзатка каршы курөшүү башкармалыгынын эл аралык координатору Кун Маркверинг менен жолугушуусунда бекитилди.

6-октябрда болгон жолугушууда Кыргызстандын адам сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча глобалдык демилгелер программасын ишке ашыруунун алкагында тараптар 2018-жылы да кызматташуу маселесин карашты.

Анда негизинен кулчулуктун курмандыгы болгондорго ар тараптуу жардам көрсөтүү, адам сатуунун алдын алуу жаатында мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу жөнүндө айтылды.

Жыйынтыгында тараптар кулчулук, миграция маселеси жана адам сатуу боюнча кызматташууну улантуу тууралуу келишти.

Улуттар уюмунун кылмыштуулукка жана маңзатка каршы күрөшүү башкармалыгынын адам сатуунун алдын алуу боюнча Глобалдык демилгеси Кыргызстанда быйыл 31-майдан тарта ишке кирген. Бул программа адам сатууга жана мигранттарды мыйзамсыз ташууга каршы улуттук чараларды ар тараптуу ишке ашырууга көмөктөшүүгө багытталган.

Расмий маалыматтар боюнча өткөн жылы Кыргызстанда 175 адам кулчулуктан куткарылган. Алардын тең жарымы кыз-келиндер. Адам сатуунун курмандыгы болгон жаш балдар да жок эмес.
Куткарылган адамдардын ичинен он чактысы гана укук коргоо органдарына кайрылып, бул иштер боюнча он кылмыш иши козголгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG