Талаш-тартыш маселени сотко жеткирбей чечүүчү арачылык кызмат Кыргызстанга жаңы кирип жаткандыктан, буга ынтаасы барларды атайын даярдыктан өткөрүү иштери колго алынууда.
Бирок кыргыз элинде ар кандай чыр-чатакты ырбатпай чечкен арачылар, азыркынын тили менен айтканда, медиаторлор мурда эле болгон.
"Аялзат" берүүсүнүн бул жолку чыгарылышында медиатор жана анын үй-бүлөдөгү чыр-чатактарды арачалоодогу милдети тууралуу кеп кылабыз.
Толгонай күйөөсү менен үч жыл мурда ажырашкан. Учурда ортодогу балдарды алуу, алимент маселеси боюнча соттошуп жүрөт.
- Алиментти ага кыркып берип койду. Эгер балдарымды мен алам деп талашсам иштеген жери, жашаган жери жок деп жатышат. Күйөөмдө калган балдар үчүн алимент төлөйм, ал эми өзүмдөгү кызымды сот эсепке албай жатат. Ага күйөөм алимент төлөбөйт. Акыркы жолу иштеген жериме чейин бычак көтөрүп келип кубалаган. Менин туугандарым балдарды талашпа деп коюшкан эле. Азыр өзүмө алам деп аракет кылып атам.
Айрым үй-бүлөлөр мына ушундай кырдаалга тушуккан учурларда медиаторлордун кызматын колдоно баштады. Арачылар талаштуу жагдайларды сотко жеткирбей, эки тарап тең нааразы болбогондой чечүүгө көмөктөшөт.
Медиация же арачылардын кызматы зарыл экени 2010-жылдагы июнь коогасында байкалган. Анда медиаторлор "ынтымак жарчысы" катары иштеп, улуттарды элдештирүүгө салым кошкон. Эми бул кызматтын үй-бүлөдөгү талаш-тартышты сотко жеткирбей, ырбатпай сүйлөшүү жолу менен басуудагы да орду сезиле баштады. Мындайда арачылык милдетти алган адам калыс жана бейтарап чечим кабыл алууга кудуреттүү болушу керек дейт "Улуттук медиация борборунун" жетекчиси Гүлсина Кожоярова:
- Медиациянын максаты - эки тарапка тең ыңгайлуу чечим чыгарып берүү. Көп учурда милцияга барса бул үй-бүлөлүк тартыш экен өзүңөр чечип алгыла дейт, сотко барса алар мыйзамдын негизинде эле чечип берет. Медиациянын өзгөчөлүгү чыр-чатактын себебин изилдейт жана негизги максат - үй-бүлөнү сактап калуу. Такыр болбосо эки тараптын кызыкчылыгын карап туруп чечим чыгаруу. Эгер ажырашса, ата-энелик милдеттен аларды эч ким ажыратпайт. Ошондуктан эки тарапка кетсе дагы такыр эле душман болуп калбай, балдары үчүн жакшы мамиледе кала берүү. Азыр медиация Кыргызстанда адис катары карала элек, Орусияда бул адис катары кирген. Көп учурда бизге мүлк же балдарын талашканда же келин-кайнененин мүнөзү келишпеген учурда кайрылышат.
"Сезим" кризистик борборунда психологдор, социалдык кызматкерлер, юристтер жана журналисттер, жалпысынан 15 адам арачылык кызмат боюнча даярдыктан өтүштү. Алардын бири "Эркектер зомбулукка каршы" уюмунун башчысы Марат Алиаскаров.
- Бул негизинен талаш-тартыш болгон жерде колдонуучу ыкма экен. Медиатордун милдети чатакташкан эки адамды бир позицияга келтирүү, ортодогу үзүлгөн же жоголгон чынжырды табыш керек экен.
Укук коргоочулар жана адвокаттар соңку жылдары Кыргызстанда сот иштери көпчүлүк учурда создугуп, аларга кайрылган жарандардын материалдык да, моралдык-психологиялык да абалы жабыркап жатканын айтып келишет. Мындай өксүктөрдү жөнгө салуу аракеттери эми Медиация тууралуу мыйзамдын жетегинде ишке аша баштамакчы. Бир топ жылдан бери талкууда келаткан бул мыйзамды Жогорку Кеңеш быйыл 22-июнда кабыл алган.
Зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндерге моралдык-психологиялык жардам берип келаткан "Сезим" кризистик борбору дал ушул үй-бүлө маселесинде арачылык ишти да аткарып жатат деп айтса болот.
Борбордун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова медиациянын өнүгүшү ажырашуунун санын кыскартып, соттордун ишин жеңилдетет деген үмүттө.
- 20 жылдан бери иштеп келдик, анализдеп көрсөк кээ бир нерселерди сотко барбай эле, медиациянын жардамы менен чечсек болмок экен. Анткени бул убакытты албайт, кыска убакытта бүтөт, көп каражат талап кылбайт. Эч ким соттолбойт, көп жакшы жактары бар. Сотто бирөө утат, экинчиси утулат. Мында экөө тең утуш менен чыгат. Экинчиден, иш сотко жеткенде ачык болот дагы ким эмне болгонун баары билет. Мында болсо үй-бүлө сырын эки киши анан медиатор гана билет.
Кыргызда ар кандай чыр-чатакты ырбатпай чечкен арачылар же азыркынын тили менен айтканда, медиаторлор мурда эле болгон. Мисалы айылдагы, үй-бүлөдөгү талаш маселелерди кадыр-барктуу, сөзү өтүмдүү аксакалдар же чырлашкан адамдардын жакын туугандары өз учурунда чечип келген. Эки жаш баш кошкондо шайланган өкүл ата, өкүл эне институту да үй-бүлөлүк чыр-чатакты ата-энеге же башка туугандарга жеткирбей жайгаруу кызыкчылыгынан улам калыптанып, түгөйлөрдүн ынтымакта жашап, биргеликте түтүн булатышына көмөктөшкөн. Башкача айтканда, алар медиатордун ролун аткарган.
Бишкектин тургуну Назиракан Кадырова учурда өкүл ата, өкүл эненин милдети, аны дайындоонун максаттары өзгөрүп кеткенин белгилеп жатат:
- Ата-эне баласын үйлөнтөрдө баласы менен келинине акыл-насаатын айтып турса деген максатта үлгү боло турган, өздөрү идеал туткан өкүл ата-өкүл эне издешет. Азыркы коомдо ата-эне балдары менен кеңешпей туруп эле кадыр-барктуу, колунда бар үй-бүлөнү шайлап, алардын жаш бүлө менен түзмө-түз байланышы болбой жатканы айтылып келет. Бардык нерсе өкүлчүлүк менен чечилет. Негизи өкүл ата, өкүл эне ынтымакта дагы, чыр-чатакта дагы өз уулундай насаат айтууга укугу бар. Эки жаштын жаман-жакшы жагын билип, акыл айтып, тескеп турса деген ойдомун. Азыр ал жоюлуп кеткен жок, бирок азайган сыяктуу сезилип жатат. Алар түздөн-түз таасир бере албай калган мезгил болуп жатат.
Медиациядан сырткары Марат Алиаскаров жетектеген уюм зомбулукту кыскартуу максатында "Коррекция программасын" киргизүүдө. Мында адистер жабыркаган тарап менен эмес, зомбулук көрсөткөн адам менен түзмө-түз иштешет. Балким сиз деле чет элдик кинодон тегеректеп отуруп алып өзүнүн терс мүнөздөрүн, маңзатка берилип же аракеч болуп кеткен адаттарын моюнуна алып, ортого салган учурларын көрсөңүз керек. Бул ыкма ошого окшош дейт Алиаскаров:
- Биз зомбулуктун түрлөрүн, формаларын көргөзүп берип, ошону менен бирге ошол адамдын ой жүгүртүүсүнө жаңы маалымат киргизип, маселени башка жагынан кароого мүмкүнчүлүк түзөбүз. Азыр Коррекциялдык программа деген мыйзам кабыл алынды. Бул Борбор Азияда биринчи болуп Кыргызстанда кирип жатат. Мында адам өзүнүн зөөкүрлүк жагын байкайт, ал эмнеден келип чыгып жататканына анализ кылат. Ошондой эле ага кол көтөрбөй маселени кантип чечсе болот деп ойлонот. Мисалы бизде илгери чатакташууну кол көтөргөнгө жеткирбеш үчүн эшикке чыгып чөп оруп, иштерин бүтүрүп кетип калган. Былтыр бизде бул программадан 21 адам өткөн. Быйыл 27 киши окуп жатат.
Медиация түшүнүгү 20-кылымдын экинчи жарымында АКШ, Британия, Австралияда пайда болуп, кийин бүт Европага тараган. Учурда дүйнө жүзүндө бир канча модели колдонулуп келет. Башында үй-бүлөдөгү чыр-чатактарды чечүүгө байланыштуу колдонулса, кийин көп тараптуу коммерциялык жана коомдук талаштарды жөнгө салууда да арачылардын кызматын пайдаланган. Кандай модели болбосун анын бейтараптуулук, калыс, ачык, эки тараптын тең кызыкчылыгын эске алуу деген сыяктуу принциптери сакталышы керек. Мисалы АКШда сотко чейин сөзсүз медиаторго кайрылышы керек. Америкадагы медиация тууралуу Борбор Азиядагы Америка Университетинин окутуучусу Мэган МакКормак айтып берди:
- Америкада медиация көп жерде колдонулат. Биринчиси - чоң фирма болсо, кардарларда бир маселе болсо ал сотко кайрылардан мурда медиаторго барышы керек. Ансыз болбойт. Эгер маселе чечилбесе, анан сотко кайрылат. Экинчиден, кыздарга туура эмес мамиле болсо, ажырашуудан мурда медиаторго кайрылышат. Көп жерде колдонушат, бирок медиатр көз карандысызбы, калыспы же жокпу деген маселе да чыкпай койбойт. Көптөрү жаман көрүшөт. Бирок бир четинен адвокат жалдабайсың, акчаң да көп кетпейт.
АКШда коммерциялык медиация жакшы өнүксө, Британияда үй-бүлөлүк медиаторлордун тизмеси бар. Каалоочулар атайын ыкчам линия кызматына чалып, тандап алышат. Германияда мектептерге медиация курстары ачылып, арачылар соттор менен иштейт. Алар соттун өкүмүн кыскартууга арачы болушат. Ал эми Австрия медиацияны кесиптердин катарына кошкон өлкөлөрдүн алдыңкы сабында турат. Ал эми Индияда медиатордун чыгарган чечими арбитраждык соттун чечими менен барабар. Кытайда чыр-чатактын 30% ушул арачылардын кийлигишүүсү менен чечилет экен.