Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:03

Ооган айымдары: "Менин атым каякта?"


Ооганстандык аялдар. Кабулдун четиндеги Занабад (Аялзат-Абад) кыштагы. 20.3.2017. AFP сүрөтү.
Ооганстандык аялдар. Кабулдун четиндеги Занабад (Аялзат-Абад) кыштагы. 20.3.2017. AFP сүрөтү.

Ооганстанда “Менин атым каякта?” аттуу иш-чара башталды. Анын "максаты - аялдарга ысмын кайтаруу, аларды коомчулук өз атынан атап, инсан катары кабыл алуусуна жетишүү", - дешет демилгечилер. Алар "аялзаты күйөөгө тийгенде да, өлгөндө да өз ысымынан эскерилбейт", - деп күйүп-бышууда.

Эркектердин гана сөзү сөз болгон азыркы Ооганстан коомчулугунда аялзатынын үнү тургай, аты да угулбайт.

Бул өлкөдө "эркектер - аялдардын кожоюну" деген пикир басымдуу бойдон келатат.

Аялдар көбүнчө күйөөсүнүн же эркек туугандарынын аты менен чакырылат.

Ошентип, ооган аялдары кимдир бирөөнүн кызы, эже-карындашы же аялы катары кабылданып, дээрлик өз аты коомчулукка угулбайт.

Ооганстанда кыз төрөлсө, жумалап деле ага ат берилбей калган жагдайлар болот. Ал эми аял киши өлгөндө мүрзөсүнө "баланчанын аялы" деген тексти бар эскерме коюлган учурлар көп.

Ооган эркектеринин кыйласы үчүн кыз бир тууганын же жубайын элдин көзүнчө атынан атап чакыруу уятка, арсыздыкка тете кабыл алынат.

Бирок өлкөдөгү мындай жагдайды өзгөртүүгө бел байлагандар да чыкты. Ооган жаштарынын айрым топтору алиги узактан берки тыйууну (табуну) күнүмдүк турмуштан сүрүп чыгып, аялдарга тек-жайын, же атын кайтаргысы келет.

Алар жакында интернетте “Менин атым каякта?” (#whereismyname) деген ачкыч сөз (хэштеги) менен атайын иш-чара башташты.

"Аялзаты күйөөсүнө же атасына жабыштырылбастан, өз атын сыймык менен айта башташсын", - дешет бул демилгечилер.

Лале Османи
Лале Османи

- Биз аялдардын өзүнчө инсандык жүзү (идентификациясы) болсо деп күрөшүп атабыз. Аялдар аты-жөнү ачык айтылган, эркин адам катары таанылышын каалайбыз. “Менин атым каякта” хэштегин колдонуу аркылуу эркектер социалдык тармактарга өз энелеринин, аялдарынын, эже-карындаштарынын ысымдарын эч уялбастан, эркин жазышса болот, - дейт башкы демилгечи, гераттык Лале Османи айым.

Чакырыкка кошулган Тахмине Рашик аттуу активист “мени кимдир бирөөнүн кызы же энеси деп гана койгондон тажадым", - дейт.

“Менин атым каякта?” өнөктүгүн интернеттеги коомдук түйүндөрдө аялдар эле эмес, айрым ооган эркектер да кубаттап, өз баракчасындагы бейнесин тааныштырчу сүрөттөрүн бул өнөктүктүн баракчасындагы сүрөткө алмаштырып атышат.

- Мен бул демилгеге кошулдум жана апам менен аялымдын ысмын сыймыктануу менен Фейсбукка жаздым. Апамдын аты Начидамо, келинчегимдин аты Лайла. - дейт Саадат Мусави аттуу жигит.

- Атын атабоонун өзү эле зомбулук. Аялзатын башкача бир ат менен чакырганча, азан айтып коюлган өз ысмын атап ага кайрылууга неге болбосун? Анткени кыз болобу же эркекпи, төрөлгөндө ымыркайлардын баарына ат коюлат эмеспи, - дейт кабулдук башка бир Шер Афган Шерзайи аттуу жигит.

Бул өнөктүктү жактырбагандар тарабынан сындар да айтылууда.

“Ушул маселе - ооган аялдарынын башкы көйгөйүбү? Аларды аттарынан атап калганда эле, орчун маселелери чечилип кетеби?” деген пикирлер да Фейсбукка түшүп атат.

Ооба, Ооганстанда аялдарга орой кайрылуу, аларга каршы зомбулук көйгөйү өтө курч. Кайсы бир кыз башка жигит менен жолугушууга уруксатсыз чыгып койгону үчүн эле үй-бүлөсүнүн, ал түгүл коңшу-колоңдун жазасына калган окуялар, аялдарды суроо-сопкутсуз эле элдик сотко тартып, ташбараңга алган учурлар айтылып, жазылып эле келатат.

Бирок демилгечилер аялзаты күн сайын, жадесе мүнөт сайын колдонулушу керек болгон ысымына ээ болуп, аны сыймыктанып айтуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болмоюн, алардын башка укуктарын коргоо мүмкүн эмес дешет.

Ал эми оогандык Хадиже Набияр аттуу кыз: “Өз атына ээ боло албаган аял өз укуктарын да коргой албайт”, - деп интернетке жазды.

2001-жылы талиптер өлкөдөгү бийликтер куулгандан кийин аялдар кайрадан мектепке барууга, шайлоого, иштөөгө укук алышкан. Бирок алардын көбү алигиче эркек туугандарынын же күйөөлөрүнүн зомбулугуна кыңк этпей чыдоого аргасыз. Анткени көпчүлүк учурда зомбулук кылган эркектер жазасыз калышат.

Лале Османи өзү 25теги назик бийкеч. Бирок ал ушул демилгеси менен ооган аялдарынын жашоосун жакшыртам деген бийик ойго жетеленип келет. Ушу тапта анын идеясы ооган коомчулугу тарабынан байма-бай талкууланып, жергиликтүү медиада өзгөчө сөз бутасына айланды.

(Бул макала Гүлназ Эсфандияри менен Тамим Акхардын баянына негизделди).

Ал эми төмөндөгү сүрөт баян сиз үчүн кызыктуу болушу мүмкүн. Ондогон жылдар мурда, талиптерге чейинки доордо, Ооганстанда кырдаал татакыр башкача болчу:

Ооганстандагы бейпил күндөр

XS
SM
MD
LG