Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:16

Ооганстан аялдар укугун чектөөгө өттү


8-мартка арналган Кабулдагы конференция, 8-март, 2012-жыл
8-мартка арналган Кабулдагы конференция, 8-март, 2012-жыл

Ооган президенти Хамид Карзай Уламалар кеңешинин аялдардын эркиндиктерин чектеген билдирүүсүн колдоду. Айрымдар Кабул өкмөтү Талибан менен тынчтык келишимине жетишүү үчүн ушундай ыкмаларга барып жатат дешсе, башкалары Ооганстанда аялдардын укуктарын басмырлоо күч алганын айтышат.

Уламалар кеңеши 2-мартта жасаган билдирүүдө эркектер менен аялдар иш жеринде же окуу жайларында аралашпоого тийиш, аялдар эркектин коштоосунда гана саякаттап, эки жакка чыга алат деп айтылган.
Президент Карзай шейшембидеги пресс-конференцияда бул билдирүү аялдарды калыпка салууга үндөбөйт, жөн гана ооган аялдарды коргоону көздөйт деди:

- Ооганстандын Уламалар кеңешинин билдирүүсү аялдарды чектөөнү сунуш кылбайт. Жума сайын жарык көргөн билдирүүсүндө алар аялдарды коргоодо жана алардын ролун бекемдөөдө ислам принциптери менен баалулуктары жөнүндө сөз кылышкан. Билдирүү биздин өлкөбүздүн шариятка таянган көз караштарына дал келет.

Уламалар кеңешинин билдирүүсү аткарууга милдеттүү эмес документ. Бирок кеңеш ооган конституциясында жазылган аялдар менен эркектердин тең укуктуулугун четке кагып, эркектер аялдардан өйдө турат деген принципти жактайт.

Ал эми билдирүүнүн экинчи бөлүгүндө аялдардын укуктарын коргоо жөнүндө, атап айтканда, күчкө салып күйөөгө берүү, уруулар же үй-бүлөлөр ортосундагы талаштарды жөнгө салууда аялдарды товар катары колдонууга каршы ойлор айтылат.

Ошентсе да, жалпысынан Уламалар кеңешинин билдирүүсү аялдардын эркиндиктерин чектөөгө үндөйт.

Жергиликтүү укук коргоочулар аны айыптап, козголоңчулар менен тынчтык келишимине жетишүүгө аракеттенип жаткан Кабул өкмөтү Талибандын жетелендисинде калды дешет.

Талиптер режими учурунда кыз-келиндердин окуусуна, үйдөн тышкары иштөөсүнө, паранжасыз жана эркек туугандарынын коштоосусуз көчөгө чыгууга тыюу салынган.

Ооганстандын көз карандысыз Адам укуктары комиссиясынын башчысы Ахмад Зия Лангари уламалардын билдирүүсү ооган аялдарынын ар-намысын тебелейт деген пикирде:

Мусулман эмес өлкөлөрдө аялдардын иш жеринде эркектерден таптакыр бөлүнгөнүн көрбөйсүң. Жадакалса Сауди Арабияда бул өңдүү чектөөлөр жок. Аялдардын кыймыл-аракеттерин, сүйлөгөн сөздөрүн, башкалар менен мамилелерин көзөмөлдөп, биз иш жүзүндө алардын адамдык ар-намысына шек келтирүүдөбүз.

Оогандык журналист Ажмал болсо Карзайдын айланасында фундаменталисттер көбөйгөнүн, ал уламалардын ушул өңдүү билдирүүлөрүн колдоого муктаж деген оюн айтат:

Карзайдын өкмөтүндө динаятчылар бир топ. Анын эки жакын жардамчысы мурдагы талаа командирлери, фундаменталдуу турумду ээлеген адамдар. Ооган өкмөтү сырттан көрүнгөндөй анча күчтүү эмес. Ички көптөгөн проблемаларынан тышкары талиптердин, башка согушкерлердин кысымына туш болууда. Карзай элдин колдоосуна муктаж, ошондуктан динаятчылардын билдирүүсүн кубаттоодон башка аргасы жок. Чет өлкөлүк аскерлер өлкөдө кала бергенде жана Кабул бийлиги башка мамлекеттердин колдоосуна ээ болуп турган кезде Ооган өкмөтү диний фундаментализм жагынан Иран өкмөтүнө жетпейт. Бирок аскерлер чыгарылгандан кийин, менин жеке пикиримде, Ирандан да ашып түшүшү мүмкүн.

Парламенттин жогорку палатасынын нааразылыгынан кийин өткөн айда Ооган бийлиги телеберүүлөрдүн алып баруучуларын эфирге жоолук салынып чыгууга жана көзү башын ашыкча боёбоого милдеттендирген. Айрым байкоочулар Уламалар кеңешинин билдирүүсүн ооган аялдарына кысымдын күч алышынын белгиси катары чечмелешет.

Башкалары болсо Карзайдын комментарийи Обама администрацсянынын терс реакциясын жаратаары калетсиз дешет. Азырынча Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы америкалык расмий адамдар маселе менен таанышып жатышат деп жооп берди. Буга чейин Вашингтон менен Кабулдун бир катар маселелер боюнча пикирлери келишпеген учурлар көп болуп келген.

XS
SM
MD
LG