Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Оогандагы кыргыз кызынын ойлору


Ооганстан -- Этникалык хазар аял Кабулдагы аялдар үчүн ачылган алгачкы интернет-кафеде, 22-июль, 2012. (Сүрөттүн бул макаланын каарманына тиешеси жок.)
Ооганстан -- Этникалык хазар аял Кабулдагы аялдар үчүн ачылган алгачкы интернет-кафеде, 22-июль, 2012. (Сүрөттүн бул макаланын каарманына тиешеси жок.)
Кыргыздар “кыз - ыргыткан таш” деп илгертен айтышчу. Анысы, албетте, кызың чоңойсо бөлөк бүлөгө кетет деген ой камтыганын ким билбейт. А бирок бүгүнкү күнү кыргыз кыздары ыргыбаган жер калбады. Тактап айтканда ары жагы Американы байырласа, бул жагы Ооганстан, Пакистан сыйактуу жерлерди да мекендеп келет. Алар бүгүн кандай жашоону кечиришүүдө, жашоолору кандай, эмнени көрдү, эмнеге күбө болушту? Дегеле капарында эч нерседен кабары жок, эркин, коркпой жашайбы же ар мүнөттүк жашоосу коркунучтабы? Дипломат жолдошу менен Ооганстанда жашаган Наргиза аттуу айым өзүнүн аты-жөнүн жашыруун берсе да, беш жылдык Ооган жергесиндеги жашоосу тууралуу ойлорун ортого салды.

Окшош күндөр

Ар күнүбүз окшош эле. Эртең менен алты жарымда же жетиде турабыз. Эрте мененки тамак. Чайыбызды ичебиз. Күйөөмдүн жумушу саат тогузда башталат. Мен саат ондо барам. Мага күйөөм бул жерден чакан бизнес ачып берген. Айдоочу жумушума алып келип, керектүү убакта кайра үйгө алып кетет. Анан түшкү тамакка чогулабыз. Мен кээде жумушка барбай деле коё алам. Анткени бул жумуштун башчысы катары каалаган убакта иштейм. Түшкү тамак саат 12.30дан 14.30га дейре. Күйөөм бул убакта кайра жумушуна кетиш керек.

Мен үйдө болсом үйдөгү ашпозчу балага жардам берем. Ал бала азыр биздин тамактын баарын жасайт, бешбармактан баштап. Бизде күнүгө эле конок тосмой. Кечинде тышкы иштер министрлигинен же элчиликтен тааныштарыбыз, досторубуз конокко келиши мүкүн. Же биз конокко барып калабыз.

Менин күйөөм өзү ооган тилинде сүйлөйт. Мен болсо базарларга чыга берем. Ооган досторубуз бар, көнүп деле калдык окшойт. Өзүбүздүн ооган досторубуз менен орусча же англисче сүйлөшөбүз. Бир жакка чыксам сөзсүз жаныма тил билген бирөөнү алышым керек. Көп деле чыкпайбыз. Кээде жанагы айдоочубуз менен базарга барып келген учур болуп калат. Мен көп сүйлөбөйм. Муну деп эле көргөзүп коём .Базарыбыз да бат болот да. Карап, айланып жүрө албайсың, керектүү нерсеңди тез-тез аласың да, дароо үйгө кайтабыз. Негизги өнүккөн жагы - килем согуу. Ооганстанда үч миллионго жакын түркмөн жашайт. Алар килем боюнча атагы чыккан да. Чет элдиктер көбүнчө ошол базарга килем алыш үчүн барабыз

Күн нурунун кубаты

Негизи бул учурда күн жылып эшикте кофтачан жүрүп калчубуз. Быйыл суук, кар жаап, элдин эсин оодарды. Былтыр да кар көп жаады. Кийинки учурдарда ушундай суук болуп баратат. Жарык да жарытылуу берилбейт. Айылдарда жокко эсе. Ооганстанда жылуулук начар. А тургай жарык да генератор менен күйөт. Шаарда жарык бар. Бирок тез-тез өчүп турат. Шаардын чет жактарында, бизче айтканда кичирайондору бар. Ал жакта свет, газ, жылуулук жок. Өздөрү эптеп от жагып, бирдеме кылып жылытышат. Жарыкты күн чыкканда анын энергиясынан алышат дейт жанагыдай мотор аркылуу. Анысы кышында эки саатка, жайында беш саатка жетет дейт. Бирок телевизорго күчү жетпейт экен.

Жалал-Абад, Мазари-Шариф, Перад, Кос деген айылдары бар. Ошол Мазари-Шарифтен келген ашпозчу жигиттен сурап калам. Алардын айылында жарык жок, радио, телевизор дегенди алиге чейин билишпейт, телефондору бар экен. Бирок аялдарга телефонду колдонтушпайт экен. Үйүндө апасы болсо ага беришет, же атасына. Аялы телефон кармаганга да болбойт экен. Бирөө менен сүйлөшүп коёт деп коркушат. Окууга барышпайт. Биздин ашпозчубуз окуганды билбейт, тамга тааныбайт, болгону телефон номерди жаттап калган. Анан акча санаганды билет. Өзү жети бир тууган. Ага-эжелеринен бирөө да мектепке барбаптыр. Аялы да ошондой, окуган эмес.

Тооруган коркунуч

А тургай машина менен кетип баратканда таштанды көбүрөөк жерден да коркобуз. Көп эле учур болгон, көбүрөөк таштанды болгон жерден сөзсүз бир жардыргыч зат табылат. Мындай шамалга учкан салофан пакеттен, же жерде жаткан таштан деле коркуп, айланып өтөбүз. Ар бир баскан жерибиз, ар бир мүнөтүбүз коркунучта. Каерден эмне болуп кетишиңди билбейсиң. Бүгүн эле мына америкалыктардын базасы жакта атышуу болду. Кечинде кабарлардан айтса керек. Эмне болгонун уга элекпиз. Тик учактар учуп жүрүшөт азыр. Бирөө жарымды издеп жүрөт го.

Былтыр эле биз иштеген элчиликтин жанына ракета түшүп, ошол жерде аткылашып, пулеметтер менен талип-оогандар болуп бир сутка согушту. Анан бизде бункер сыяктуу подвал бар атайы даярдалган. Канчалык жардам болорун билбейм. Дайыма бирдеме болгондо ошол жакка киребиз. Ал жерге кургак тамак-аштан бери камдап коюшкан. Транспорт, кийим-кечебиздин бир бөлүгү да дайым жолго камдалган, даяр турат.

Кыздар мектеби ууландырылганда

Шарт жок. Негизи кыйын эле жашоо биякта. Кабулда жашагандарга кичине жумуш бар, жеке мектептер бар. Ал жерде колунда бар, бай кишилер гана балдарын окутууга бере алышат. Мындай жөнөкөй мамлекеттик мектептердин абалы аябай начар экен. Былтыр айылдагы кыздар окуган мектебинин биринде сууну ууландырып коюшуп, көп кыздар ооруга чалдыгышты да. Атайы бирөө бирдемке кошуп коюптур. Ким жасаганы акыры табылды окшойт. Кыздардын мектепке окуганына каршы талиптер дешти. Алардын мыйзамы боюнча аялдар үйдө гана отурушу керек . Ошондон кийин кыздарын эки-үч ай мектепке жибербей калгандар, мектептен кайра чыгарып алгандар болду. Азыр декабрдын аягынан 21-мартка дейре каникул . Бизде үч айлык каникул жайда болсо, буларда азыр башталды.

Жашырынган аялзат

Кабулдун көчөсүнөн өз алдынча эркин жүргөн аялдарды көрө албайсың. Жанында коштогон бирөө сөзсүз болуш керек. Жалгыз жүргөнгө мүмкүн эмес. Жанында байкеси, күйөөсү же атасы, же бир он жаштан өтүп калган баласы болот. Эч бир аялды жалгыз жүргөнүн көрбөйсүң. Дегеле көчөдө жүргөндөрдүн 70 пайызын эркектер түзөт.

Биз билет алганы авиакассага барабыз. Ошол жерде иштеген аялдар бар. Дүкөндө сатуучу болуп, же телеграфта иштеп аткан бир дагы аялзатын көрбөйсүң. Иштеген аялдар банктарда эле болбосо, калган жерлеринде бүт эркектер.

Хазарлар

Биз азиятпыз. Бул жерде хазарлар деген эл бар. Ооганстандын Бамиян деген жерин мекендеген ошол эл Чыңгызхан убагынан калган дешет. Алар мусулман эмес, будда дининде. 2001-жылы алар сыйынган эстелигин талибдер жардырып кетишкен.
Союз ураган кезде бул элди кадимкидей эле кырганга аракет кылышкан дешет. Бул эл башка оогандыктарга караганда билимдүү келишет. Балдарын сөзсүз окутушат. Бийликте, парламентте отургандардын көбү ушул элден дешти. Алар жергиликтүүлөргө окшоп паранжы, хижап кийбейт, узун шарфтарды салынып жүрүшөт. Бизди көбүнчө ушул элге окшоштурушат. Биз дагы ал “жаңы оогандыктарга” окшоп шарф салынып жүрөбүз.

Тишке дары баңгизат

Союз тарап булар талиптер менен согушуп калган кезде жаш балдарды үйлөрдөн, көчөдөн эле уурдап кетчү, жанагыдай лагерлерге бөлүп машыктырчу, мылтык атканды үйрөтчү дешет. 2001-жылдан бери андай массалык машыктыруу жок. Бирок айылдардан алып кеткендер кездешип калат дешет. Теракт жасагандардын көбү 15-16 жаш курактагылар болот. Демек талиптер азыр деле ошондой жаш курактагыларды пайдаланбайт деп айтууга болбойт. Жашы жетелектер тез көнөт. Эгер ушуну жасасаң түз эле бейишке кетесиң деген ишенимди куюп коюшкан. Андан тышкары баңгизатты колдонушат. Менин билишимче, маңзатты кадимки дарыдай эле колдонушат. Аялдары төрөгөндөн кийин деле, балдарынын тиши ооруса деле чегип турушат экен.

Жаңы оогандар

Кабулда көз тайгылткан имараттар да бар. Тоо боорлорунда да бир-эки кабат үйлөр салынган. Алар жалаң миллион менен иштеген байларга таандык. Өздөрү көпчүлүгү бул жерде жашабайт да болуш керек. Акчаны кайдан тапканы менимче, оогандыктардыкы белгилүү болсо керек.

Алардын үйлөнүү тойлору да укмуш өтөт. Бир-эки тойго биз да барып калдык. Күйөөм тияк жагына эркектер менен кетет, мен биягындагы аялдар менен калам. Кызык жери барганда үстөл үстүндө эч нерсе болбойт. Чай, нан анан кургак өрүк-мейиз болот. Ошону менен отура бересиң. Качан гана түнкү саат он болгондо биринчи, экинчи, үчүнчү ысык тамагын алып келишет экен. Ошону менен той бүтүп, үйлөрүнө тарайт. Спирттик ичимдиктер жок. Эч жакта сатылбайт дагы...

XS
SM
MD
LG