Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 09:22

Бул жолу "Аялзат" түрмөгүнөн үй-бүлө зомбулугуна кабылган келиндин, балдарынын тагдыры жана үйдөгү чыр-чатактын кесепети туурасында сөз болот.

Мээргүлдүн окуясы

Белгилүү себептерден улам каармандын аты-жөнү өзгөртүлдү. Аны биз шарттуу Мээргүл деп атадык.

Тилекке каршы, Мээргүл Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып, күйөөсүнөн күн алыс токмок жеп көзү көгөргөн, аял катары жолдошунун эркелеткен сөзүн укпаган, өзү үчүн эмес, балдары үчүн, балдарын атасыз калтыргысы келбегени үчүн кызыл камчы жолдошу менен бирге түтүн булатуу жолун тандаган ондогон келиндердин бири.

"Сезим" кризистик борборунда узчулук менен да алектенишет.
"Сезим" кризистик борборунда узчулук менен да алектенишет.

Мээргүл менен августтун башында мына ушундай тагдырга туш болгон кыз-келиндерге моралдык-психологиялык жардам көрсөтүп келаткан "Сезим" кризистик борборунан тааныштык.

Биздин каарман төрт баланын энеси. Жолдошу менен чогуу жашаган 16 жыл аралыгында көргөн кордугун тамагы буулуп, анда-санда көзүн сүртүп коюп айтып берип отурду:

- Ичип, уруп, кыргызча айтканда көр жеме болуп, такыр эле жемелеп туруп алды. Жакшы эле түшүнүп, аракет кылдым жашап кетейин деп жүрдүм. Акыры өзүм да оорукчан болуп калдым, ыйлай берип көзүм да жакшы көрбөй калды. Өзүмдүн бир туугандарым да болушкан жок. Ар бири өз турмушу менен. Ата-энем жок, кичине кезимде эле каза болуп калышкан экен. Эч кимим жок азыр. Башынан эле уруш-талашта кайда бармак элем деп чыдап жүрө бердим. Балалуу болсо жакшы болуп калар деп ойлодум. Анан такыр чыдабай калганда үйдөн кеттим.

Эркектин аялды, турмуштун оор-жеңилин бирге көтөрөм деп баш кошкон жубайына минтип кол көтөрүшүн, ортодогу сыйдын жоголушун адистер эмне дешет?

Аялга кол көтөргөн эркек - алсыз эркек

Инсандык жеке сапаттарды өнүктүрүү жана тарбия маселелери боюнча адис Асылбек Жооданбеков муну эркектин алсыздыгы деп эсептейт:

- Үй-бүлөдөгү окуя жөнүндө айтсак, эркектин аялды урганы өтө өкүнүчтүү нерсе. Бул эркектин алсыздыгын, караңгылыгын жана үй-бүлөдөгү гармонияны сактай албагандыгын билдирет.

Ыйлаган аялдар же нике келишим керекпи?

Нике келишим - бул кепилдик тура. Эгер андай документ болгондо аялын буюмдай көрүп, тажаганда таштап салган эркектер саал да болсо сестенмек. Канча деген аялдар “балдарым менен кайда барам?” деп тиштенип, зордук-зомбулук көрсө да чыдап жашап жүрүшөт. Алар деле колунда ишенимдүү документ болсо, өзүнүн да, балдарынын да нервин аяп, жаман эркексиз эле өз оокатын кылмак.

Мээргүл канчалык кайраттуу көрүнгүсү келген менен бул убакыт аралыгында жаштыгы, ден соолугу кеткенин айтып, анан да болуша турган кишиси жок жалгыздыгы тууралуу сөз кылганда, эриндери титиреп турду:

- Биринчи жолу кетип калып кийин балдарым үчүн деп кайра жашап калдым. Кайра баргандан кийин мурдагыдан да кыйын, андан да жаман болуп калдык. Сен антип жүрдүң, минтип жүрдүң деп күн көрсөтпөйт. Кош бойлуу кезимде төрөгөнчө челкейип деле иштеп жүрдүм. Өзү иштебей үйдө жатат. Арагын деле, тамекисин деле алып келип берип жүрдүм, чыдап жашайын дедим. Эшикке машина келип калса, бирөө жарым келсе деле баарын мага жармаштырып, "сага келди, сен ушинтип жүрөсүң" дейт. Дүкөнгө барсаң деле жаман ойлойт. Кылбаган нерсени кылдың дейт.

Элге окшоп деле кечке шарактап жүрбөйм, эч жакка деле барбайм. Абысындар менен шеринебиз бар. Ал жакка барсаң эле балээсине каласың. Эч жакка кете албайсың деп эле мени басып салган да, өзүм да кетпей жүрө бердим да, кайда барам деп.

Аябай кол көтөрөт, башка-көзгө чапкылайт. Аял кишинин да тили чыгат да. Сүйлөсөң башыма чабат, башым да оорукчан болуп калды. Балдар жок болуп калса минип алып сабайт, колуна эмне тийсе ошону менен чабат... ошентип жакшы эле кордук көрсөттү. Ооруканага кайрылайын дейсиң, каяктан өзүң көгала болуп жатсаң.

Көгалам кеткенден кийин иштеп эле жүрдүм да. Башка көп чапты. Ошондон оорукчан болуп калдым. Кийинки күндөрдү "бутуңду сындырам, ошондо эч жакка баспай каласың" деп калды. Мени көргөн сайын жинденип баштайт. Кайындарым деле "кой, сен кет, бирөөнүн баласысың. Бир нерсе кылып албасын", - дешти.

Асылбек Жооданбеков. 7.1.2011.
Асылбек Жооданбеков. 7.1.2011.

Мээргүлдүн айтымында, уруш-талаштын көбү жөнү жок кызгануудан келип чыгат. Ал эми тарбия маселелери боюнча адис Асылбек Жооданбеков эркектердеги кызганыч тууралуу айтты:

- Адатта эркектердеги кызганыч өзүнө ишенбеген, өзүн-өзү өнүктүрбөгөн эркектерде көбүрөөк болот. Көп учурда алар өздөрүнө салыштырышы мүмкүн.

"Балдардын көзүнчө да уруп жүрдү"

Биздин маектеш Мээргүлдүн айтымында, жолдошу аны балдардын көзүнчө дагы кол көтөрүп, сабайт экен:

- Колуна эмне тийсе чабат. Бир жолу да ушинтип жини келгенде кампага качып кирип кеттим. Ал жакта айры, темирлер турган. Ошол жердеги темирди ала коюп артымдан чапкылап атат. Качсаң ого бетер күчөйт экен да. Бир туугандарым да кийлигишпей койду. Өзүң тийгенсиң, өзүң чеч деп жөн коюшту. Жөн эле жаткырып алып башыма чабат, көк мээ болуп калсаң экен деп каракушка чапкылайт, өлүп калсаң экен, сен өлбөйсүң дейт. Көк мээ болуп калганым ушул да, башым ооруйт.

Үй-бүлөдөгү чыр-чатактын кесепети эң оболу балдарга тийе турганын адистер белгилеп келишет.

Бул тууралуу Асылбек Жооданбеков мындай дейт:

- Эгер уруш-талаш, зомбулук балдардын көзүнчө болсо, бул андан да чоң трагедия десек болот. Анткени атасынын энесин урганын көргөн балдар стресс алат, экинчиден, бул окуянын системалуу түрдө кайталанышы болочокто ал балдар дагы ошол атасындай жырткыч, акылга эмес, күчтүн үстөмдүгүнө басым жасап калат.

Биздин бүгүнкү каармандын белгилешинче, жолдошу иштөөсүн, курбу, тааныштары менен жолугушуусун каалабайт. Үйдөгү талаш-тартыш ушундан да ырбайт:

- Мен иштейин, мен басам, турам, эл-жер көрөйүн, эл менен сүйлөшөйүн, катышайын деп иштеп жүрдүм. Күндөн-күнгө кызганганы күчөдү. Акыркы күндөрү үйгө да келгим келбей калды. Тамагын жасап берип коюп, эшикке чыгып кетем. Кийин үйгө да киргизбей калды.

"Кет, каяктан келсең ошол жакка кет" дейт. Мас болгондо эле кайненимдин үйүнө кетип калчумун. Келгенде ушунча күн кайда жүрдүң, эмне кылып жүрдүң деп мээни жейт. Акыркы жолу да катуу урду. Башымды көтөрө албай жатып калдым. Кошунанын үйүндө бир сааттай эс алып, анан ушул жакка келдим. "Төрт бала менен бизди таштап, өзүң кет анда" дедим. Ага да болбойт. "Сен ушул жерде каласың, менин колумдан өлөсүң" дейт. Же мен өлөм, же жинди болуп ошонун жанында калам...

Өзүм дагы кишичилмин. Бат тил табышып сүйлөшуп кетем. Бирөөнүн болбосо бирөөнүн жардамы тийип калат деп ойлойм. Адам болгондон кийин сүйлөшкүң келет да. Күйөөмдүн оюнда мен адамдарга кошулбашым керек, жалгыз эле үйдө камалып отурушум керек. Өзү иштебесе, таап келбесе, ачка отура беребизби деп иштечүмүн.

Балдардын көзүнчө да урат. Балдар болсо "апа, сүйлөбөй эле койчу" деп ызылдашат. Сүйлөбөсөң "эмнеге сүйлөбөйсүң, күнөөлүүсүң да, ошон үчүн унчукпайсың", - дейт. Сүйлөп, андай эмес деп жооп берсең "сен актанып атасың", - дейт.

Аялды чектегендик - кылмыш

Үй-бүлөдө аял канчалык эркин болушу керек? Эмнеге айрымдар жубайын өз менчигиндей кабыл алат?

Чоң муштум күйөөнүн жанга баткан кордугу

Кыргызстанда катталган үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары 2009-жылдан бери 30 пайызга көбөйдү. Зомбулуктун түрлөрүнүн 70 пайызга жакыны күч колдонуу, 25 пайызы психологиялык басмырлоо жана 5 пайызы сексуалдык мүнөздөгү кордук болуп саналат.

Асылбек Жооданбеков аялга чектөө койгондун өзү - анын инсандык укугун тебелеп-тепсөө кылмышына кире тургандыгын белгиледи:

- Эркек канчалык эркин болсо же үй-бүлө ичинде ага кандай милдеттер тагылган болсо, аялда ошондой. Ал да адам. Ал дагы бара турган жерине, ишине, курдаштарына, өзүнүн кызыкчылыгын, хоббиси дейбизби, ишке ашырганга толук турдө акылуу. Үй-бүлөлүк кодекс дейбизби, ар кандай мыйзамдар аялды чектөөгө жол бербейт. Адамдык жагын алганда дагы чектөө койгондук кызыл кандуулук болот.

Мээргүл жолдошуна кайтып барды

16 жыл бою үй-бүлөлүк турмушунда башынан көп кордукту өткөрдүм деген Мээргүл август айынын аягында кайра эле жолдошуна кайтып барганы белгилүү болду.

Адистердин пикиринде, кыз-келиндер үй-бүлөдө зомбулукка кабылганын көп учурда жаап-жашырып, коомчулукка айта бербейт. Айткан учурда дагы экономикалык же каржылык көз карандылыктан улам баягы көндүм турмушуна кайтып барышат.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2017-жылдын беш айында үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары боюнча 100 кылмыш иши козголгон. Милиция зомбулукка кабылган 3119 адамга, анын ичинде 109 аялга коргоо тууралуу расмий кагазын берген.

Өлкөнүн Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, зомбулукка кабылган кыз-келиндердин саны дээрлик 23% түзөт. Ал эми көз карандысыз иликтөөлөрдүн биринде бул көрсөткүч 50 пайыздай деп белгиленет.

Бул - күнүмдүк турмуштагы айсбергдин суу астында көзгө илинбей кала берген мүшкүлдөрүнүн бири.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG